Күн чекит
Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын мүчөсү Артур Медетбеков менен маек курдук.
- Сиздер укук коргоо органдарынын жана бул окуяга тийиштиги бар делген жарандардын маалыматтарын уктуңуздар. Жеке сиз комиссиянын мүчөсү катары ынанымдуу жооп ала алдыңызбы?
- Комиссиянын жыйынына биз Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранованы чакырганбыз. Бирок алар эмнегедир келбей жатышат. Буга чейин да эки жолу чакырганыбызда келген эмес. Мындан тышкары, Аскер прокуратурасынын кызматкерлери да өздөрүнүн хронологиялык ой-пикирлерин айтып кетишти. Көптөгөн суроолордун жыйынтыгында комиссия чакан маалыматтарды алдык.
Негизи мамлекеттик комиссия Кой-Таш окуясына катышкан, ошол жерде болгон күбөлөр, мамлекеттик кызматкерлер менен сүйлөшүп, маалыматтарды топтоп отуруп, анын негизинде анализ жасаганга мүмкүнчүлүк түзүп жатат. Суралган кишилер, албетте, ар бири өзүнүн гана көрүп-билгенин айтып берет. Бирок комиссия ар тараптуу карап, ошонун негизинде материалдарды чогултуп жатат.
- Коомчулукта: “Комиссиянын иштөөсү бир жактуу болуп жатат”- деген сындар айтылууда, мындай ойлоого чыны менен негиз барбы?
- Жеке оюмда, Кой-Таш окуяларын иликтеген мамлекеттик комиссия бир тараптуу иштеп жатат деген пикирди бардык калк айткан жок. Менин анализим боюнча, мындай пикирди өзгөчө 7-8-августтагы Кой-Таштагы окуяларды көрүп, өздөрүнүн бир тараптуу позициясын сактайм деген кээ бир адамдар социалдык тармактар аркылуу таратып жатат. Себеби, социалдык тармактардагы билдирүүлөр, комментарийлердин жарыяланган убакыт аралыктары окшош болууда.
Эми, албетте, ар адамдын өзүнүн ой-пикири бар, алар ар кандай ачуу чындыкты айтышат. Бирок мамлекеттик комиссия анализ жасап, бардык пикирлерди эске алып, акыйкат маалымат берет деген ойдомун.
- Комиссия иштөө мөөнөтүн узартууну суранды, дагы чечилбеген жагдайлар барбы? Кайсы жактардын маалыматтарын угуу керек?
- Чынында, бул комиссия өкмөткө кагаз жүзүндө кайрылып, иштөө убактысын 15-октябрга чейин узартууну суранат. Себеби, комиссиянын иши өкмөттүн чечими боюнча 26-августта башталып калган. Бирок шартка байланыштуу сентябрдын башында иштеп баштады. Анткени, ал убакта мамлекеттик деңгээлдеги майрамдык иш-чаралар өтүп жаткан. Экинчиден, комиссия сурай турган жактар бар. Жакын арада Кой-Таш айыл өкмөтүнө, Чүй облустук администрациясына барып, эл менен жолугуп, окуя боюнча бааларын угабыз. Ошондой эле Кой-Таш операциясына катышкан аскер кызматкерлери, медицина кызматкерлери жана дагы бир топ адамдар менен жолугууга протокол бекитилди. Андан кийин документтерди анализдөөгө, аларды кыргыз-орус тилинде юридикалык тилде жазып даярдоого убакыт керек. А бизде 3 эле күн калган. Ошондуктан комиссия иштөө мөөнөтүн 15-октябрга чейин узартууну суранып жатат.
Булак: “Марал” үналгысы