Өткөн жекшемби күнү чак түштө Кара-Суу районунун Фуркат айылында атышуу болду.
Журналист Ыдырыс Исаковдун маалымдашынча, Ош шаардык спорт комитетинин төрагасы Кылыч Саркарбаев Ош бажысынын кызматкери, Раим Матраимовдун өкүл баласы Эмилбек Кимсановдун колунда жүргөн Төлөгөн Рахманберди уулун санга атып, окуя болгон жерден качып кеткен.
Бул арада мурдараак Канжар Кадыралиев иштеткен саунанын күзөтчүлөрүн сабаган Бекболот Абдылда уулу кылмышты өзүнүн мойнуна алып жатат деген кабар тарап кетти.
Бекболотту көрсө, Кылыч Саркарбаев машыктырып жүргөн экен.
Буга чейин маалымат каражаттарында Эмилбек Кимсанов менен Төлөгөн Рахманберди уулу экс-министр Молдомуса Конгантиевдин уулунун башын жара чапкан деген маалымат да тараган болчу.
Ал эми 24-сентябрда ошол эле журналист Ы.Исаков өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу: “Ок жеп кансырап жаткан жигит да, “мен аттым эле” деп, кылмышты мойнуна алып отурган жигит да жөнөкөй бир бечаранын балдары. Мурдарак Бекболот саунанын сакчыларын сабап кармалганда анын бир тууган эжеси келип, “чал-кемпирдин колундагы жалгыз бала” деп ыйлаган эле. Аны чоңдор мактап, “Жырткыч” деген каймана атты берип, ар кандай разборкаларына “торпеда” кылып кармап келатышат. Азыр ок жеп төшөктө жаткан Төлөгөн Рахманберди уулу Оштогу мекемелердин биринде эсеп-кысап бөлүмүндө иштеген аялдын баласы экен. Ал аял “Балам шок эле, көчө балдарына жакын эле, бир балакетке кабылбаса экен” деп, баласына камтама болуп эле жүргөн аял экен. Мына ошол аялдын баласы бажыда иштеп байыган Еманын шопуру болуп, Конгантиевдин баласын чапканы тууралуу маалымат каражаттары мурдарак жазышкан экен. Ушул балдар Раим, Эмилдин колунда булчуңу менен “крутой” болуп каякка барат? Акыры эмне болот? Күч берип, кызматын кылып атканда бул балдар керек болот. Азыркыдай чырга кабылып, ал чырдын башы учу ошол кожоюндун башына тийгенде “Ал иттердин урушуна менин эмне тиешем бар” деп четке чыга берери турган иш,”- деп жазды.
Блу ортодо, “Раим-миллиондун” бир туугандарынын жоруктарын айтып, редакцияга Кара-Суу районунун Жоош айыл өкмөтүнүн тургундары телефон чалышты. Алар тизмектеп бергенине караганда, Райымбек Матраимов бул райондун баарын бүт өзүнө каратып алгандай таасир калтырат. Минтип ага тийиштүү балдар атышып жатса, тообо келтирет экенсиң. Деги бул “Раим-миллиондон” качан кутулабыз? Эмнеге аны эмгиче бийлик лөктөрү эркелетип келатат, сыры барбы?
Булак: “Майдан. kg” гезити