Энем Касиеттин элесине. Автор

 

- Урматтуу жүргүнчүлөр! Аба ырайынын шартына байланыштуу Бишкек-Ош 113-каттамы эртеңки саат 9.00гө которулду! – диктордун бу үнүн укканда Мусанын бешене териси тырыша түштү. Эки күндөн бери калың туман түшүп, бир да самолёт абага көтөрүлгөн жок. Бу кабарды уккан башка жүргүнчүлөр да ичтен кейип, ачуусу кашайып, “учуп кетебиз” деген үмүттөрү таптакыр үзүлдү… айрым териси жука, чыдамы жоктор билеттерин тапшырып, кассада отурган кыздар менен урушуп да кирди.

 

Күнөө билет саткан кыздарда болбосо да, эки күндөн бери карайлап, жол акмалаган немелер күтүүдөн тажап, ачуусун ушулардан чыгармак болду. Кээ бирөөнүн айткан жагымсыз сөздөрү жанга батып кетти. Алардын оозунан не кептер чыкпады, ак ит кирип, кара ит чыгып жатты… Жүргүнчүлөр арасында ар кандай адамдар бар. Оорулуусу да, колуна ымыркай көтөргөнү да, кары-картаңы бар. Баарынын үмүтү кан буугандай үзүлүп, кимден жинин чыгарарын билбей, урушарга жоо таппай, айласы алты куруп турду.

 

Муса да эки күндөн бери ушу аэропортто.

 

Эл менен кошо уча албай жүрү. Кече да түн жарымга дейре күтүп, сабыры суз үйүнө кайткан. Бүгүн да, “учалбай калдым?” деп кантип үйүнө барат?.. Аягы да артка тартпай турат. Кечээ аялы менен кер-мур айтышып, эшикти тарс жаап чыгып кеткен. Кийинки күндөрү экөөнүн оту болбогон жерден эле “чарс-чурс” тутанып кетет… Бу сапар катуу кызуулукка алдырып, “сен-мен” дешип, ортосунда ак, көк сөздөр чыгып кетти… Эркек болуп Муса өзүн тыя албады, катын башы менен аялы кепке сынбады. Ансайын кара жаалы кармап, ачуу сөздөрдү айтып алганы анын көкүрөгүн журт көчкөндөй кылды.

 

Эркектин колунан баары келет, бирок ошо баары колунан келген эркек да аялдын колунда окшобойбу?.. Аялынын долу кыялы кармаса, оңою менен жазылбайт. Экөөнүн ортосуна бу жараканын түшкөнүнө көп болду. Ажырашып кетели дейт, ортодо алтыга чыгып калган жалгыз кара чечекей кызы бар. Экөө тең ушу кыз деп бири-бирине байланып, турмуштун тузсуз күндөрүн өткөрүп келаткандай. Бирок ажырашып кетүү жөнүндө бири-бирине кеп айтуудан экөө тең тартынып келет, сөздөрү ушу маселеден дайыма кайкып өтөт. Экөө тең корунуп бу сөздү ачыкка чыгара албайт. Күйөөсү зайыбынан, зайыбы күйөөсүнөн ушу сөздү ичкертен күткөндөй. Аны ачык айталбай экөө тең ичим тап. Кызы Айдана да экөөнүн бу кылыгына түшүнүп калдыбы, же ага балалык парасаты жетпейби, же муну бала периште ичтен туюк сезип келеби, экөө кер-мур айтыша баштаганда эле арачыдай ортого кадалат. “Ну, опять началось!” деп, теңгедей көзүн балбылдата экөөнө балалык суроосу менен карагандай болот. Бытыйган колдору менен буларга кезей сүйлөп, “Я, сколько раз буду говорить, не ругайтесь! А, то обоих в угол поставлю!” – деп бала бакчадагы тарбиячыдан үйрөнгөн сөзүн айтып калат.

 

Кызы Айдана ага дүйнөнүн туткасындай, эрди-катынды эки тарапка ыдыратып жибербей кармап тургандай сезилет. Кече да учалбай калып, үйүнө барган. Зайыбы экөө да түн жарым ооганга дейре, “сен, мен” дешип катуу чырдашып кетти. Аял бир эле убакта алма, бир эле убакта жыланбы?.. Күндө ортого арачы түшкөн Айданасы да аркы бөлмөсүндө уйкуга кирип, буларды чырына аралаша албай калды… Экөөнүн сиркеси суу көтөрбөгөн чыры да, чатагы да Мусанын энесинин кыркынан улам чыкты… Муса аялына “Энемин кыркына, Кара-Сууга барып келели…” деген. Аялы макул көрүп, о бу даяргерчилигин жолго белендеп жаткан. Сөздөн сөз чыгып, ортодо күкүрттүн ширеңкесиндей жана түшкөн булардын чыры экөөнү таптакыр эки тарапка каратты. Аялы акыры “Барбайм, өзүң бара бер! Айдананы ким карайт!”-  деп чыкты. Мындай чечимге Айдананын деле себеби жок эле. Аны булар бир жакка барганда анда-санда үйгө келе калган жээн кызы эле карап жүргөн. Эки күнгө эмне?.. Ал деле карамак… шылтоодон оңой неме барбы?.. Издесе табыла берет.

 

Бүгүн да таңга жуук Муса аэропортко машинесин айдап чыккан… ичинде эрибеген туз томуктай болуп катып турат. Аялынын кыялы жанга батып бүттү… А, балким мунуку да, аялына эрибеген туз болуп каткан чыгар. Ким билсин?.. Иреңи суз жашоо экөөнү тең эки жээкте кыйнап келет…

 

… Муса ушунун баарын ойдон сызгырып, калың туманда машиненин жарыгын жандырып таш бака жүрүш менен араң келатты. Декабрь айы буерде дайыма ушундай. Туман калың түшүп, көпкө жатып калат. Мындай да алыска учам дегендердин эле шору… Сырттагы туман менен ичтеги туманы кошул-ташыл аралашып кетти. Аны кайсы туман кыйноого салып жатканын аңдагысы келет… сырттагысы эмес, Мусанын ичиндеги туманы аны кыйнап бүтмөк болду. Көкүрөгүнө түнөрүп кирип алган оор туман, зил куйгандай ачыштырып келет… Ушуга ал ичим тап…

 

Өзүн баскан тумандай ойлору менен эки күндөн бери алпурушуп жүрүп, эртеңки энесинин кыркын да жадынан чыгарып баратканын кара… “Өлгөндүн өз шорубу”… Мындан бир айча  мурда көз жуумган энеси да Мусага өтө кымбат адам эле, чындыгында аны ушу кызыл шыйрак кезден энеси тарбиялап өстүрдү… Жарыктык, жакшы киши эле. Мусага дамамат үзүлүп түшүп неберелеринин ичиненен аны өзгөчө көрчү. Энесини аты - Касиет. Атына заты жарашкан жарыктык адам эле. Муса эми гана эшейип энесин эстеди… Көз алдынан анын элеси учат… Бу тумандуу түндө тумандай болуп, картаң энесинин элестери келет… Ал элестер да тумандай, жөө тумандай мээсинде жылып жүрөт.

 

Кайран, энеси ага жаш кезинде “Мен өлсөм ыйлайсыңбы?”- деп эле сурай берчү. Бир айтып бир койчу эмес… Неге антип сурай берчү энеси? Ага азыр да акылы жетпей келет… Муса энесинин кабарын укканда… алыста иш сапарда эле… Араң аяктан учуп келип, жаназасы окулайын деп, жайга алып жөнөр алдында жетип келген… Муса келет деп бир кыйлада сөөктү да жайдан кармады. Атасы Мусаны энесин көрүп калсын деп, апасы энесине топурак салып калсын деп сөөктү кечеңдетишти… Энеси күндө эле өлүп атыптырбы?.. Коштошуп алсын, топурак таштап калсын деген ишарат менен сөөк кармалган.

 

Муса самолёттон түшөрү менен эле таксиге отуруп, аэропорттон анче алыс эмес айылына жөнөгөн. Мындайда жол да арбыбайт. Үйүнө жакындаганда котологон чоң караанды көрдү. Ал келгенде эл да дүрбөп алды. Башы жер сайып, өкүрүк чыккан боз үй тарапка карай баратты… Кулагына “Үлгүрүп калды… алыста жүргөн экен…”, “Касиет эне Мусаны айрыкча жакшы көрчү”, “Пендечилик экен, Муса кайрат кыл!”- деген сөздөр туш-туштан угулуп жатты. Муса тумшугу менен жер чийип, башын көтөрө албай чөнтөгүндөгү бет арчысын көзүнө такайт. Кашайган көзүнөн какшып калгансып жаш чыкпай койду. Көкүрөгүнө көк таштай кадалган белгисиз бирдемке анын үнүн да, көз жашын да бууп салгансып, жарыла албай турду…

 

Алгач боз үйгө келип атасын кучактады, атасынын көзүндөгү жашты көрүп, кургак эле, кекиртек кырып үн чыгарбаганы болбосо, көздөрү сууланган жок. Анан боз үйгө кирип, апасын, карындаштарын көрдү. Апасы баарынан катуу жан сабап, кошок кошуп ыйлап жатты. Мусаны көргөндө ансайын үнү бийиктеди…

 

“Энеңен ажырап калдык балам!” деп бир курдай кайталап ийди. Боз үйдүн төрүндө жаткан энесин көрүп да, баягы көкүрөгүндөгү көк ташы жарылбады. Анын бүткөн өнөбою каткан таштай сенейип калды. Ый аралаш апасы “Мусага энесин көрсөтүп койгула!..” – деди. Аялдардан бирөө энесинин жүзүн ачты. Муса эңкейип энесине тигилди. Ал узун уйкуга кетип, көзү жумулуу жатты. Энесинин бетин ачкан аял маркумдун жүзүнөн колу менен сылады. “Ушундай кылыш керек окшойт”- деп, Муса да энесинин жансыз жүзүн сылады. Колуна энесинин кургак бети урунду. Маңдайынан эрини тийер тийбес өптү…

 

...Азыр ушунун баары тумандуу жолдо бараткан Мусанын көзүнөн жылчыксыз тумандай учуп баратты...

 

Энесин жайга беришти... Негедир анче эрте какшып бүткөн Мусанын көзүнөн жаш чыкпады... Көкүрөктөгү ташы жарылбай койду... Өзүн миң кыйнаса да, жарылбай койду…

 

...Кызыгы – энесин жерге берип, кайра артка жол тартар алдында апасынын айткан сөзү сөөгүнө жете түштү... “Атаң айтып жатат... Мусанын көзүнөн бир тамчы көз жаш көрө албадым деп...” деди апасы. “- Алыста жүрүп, жыгачтай эле катып калгансың, го?.. Энең жарыктык, сен десе жанын бергенге даяр эле… Же үн чыгарып, түзүк өкүрбөдүң… көзүңөн жаш чыкпайт… Өлгөндүн өз шору бейм…” – деп ичтен сызган апасы. Ата-апасы менен суз коштошуп, кайра артка тарткан. Эми эстесе ошондогу акыбалына таптакыр эле мээси жетпей келет. Ыйлайын деген... ыйлай албай койду... Карабайсыңбы, алдырарга жаздырар эми мына бу эки күндөн бери калың түшкөн туман дагы жолун бөгөп турат... Эртең жолу ачылып, самолётко отурса, түшкө чукул жетип барат… Энесинин кыркы… Маркумдун жаны ошо күнү учуп кетет деген сөздү көп уккан Муса… Кеч калбай жетип алса болгону…

 

Сыртта декабрь. Кара суук. Асман да кудум көкүрөгүнө кара таш батып тургандай, лепилдетип карды төгө албай турат. Баары ушу тумандын бийлигине багынып бергендей сезилди ага…

 

Муса кырк мүнөттүк жолду араң... эки саатка чукул басып өттү… Көзгө эчтеке илешпейт… Машинен жарыгы да алдын эки кадамдай эле көрсөтүп тургандай. Жол боюндагы жарыктар да алыскы жылдыздай бүл-бүл гана көрүнөт… Радиоладан Вивальдинин “Жыл мезгили” музыкасы сызылып баратты…

 

Муса… Бишкекке келди. Шаарга кире бериште, “Бишкек” деген жазуусу бар жерге машинесин токтотту да, ойлуу туруп калды. Саат түнкү он эки… Эми каякка барат, үйүнөн бүгүн эрте менен араң чыккан. Кайрадан эми садагам баштанып кантип барат, анын үстүнө аялынын эрте мененки чыры азыр да кокосуна дейре казыктай кагылып турду... Рулга маңдайын коюп, бир азга ой түрдү... Эми эмне кылат? Кайда барат?.. Үйүнө аягы таптакыр эле тартпай турат… Телефонун карады… Негедир жадына Бермет келди… Алар экөө көптөн бери жакын мамиледе эле. Ал Токтогул көчөсүндө жалгыз турат. Бермет менен кабарлашпаганына да жарым жылдан ашып кетти. Кээде гана телефондон ал-акыбал сурашып койгону болбосо. Акыркы жолу качан телефон чалганын эстен да чыгарып койду. Бермет жалгыз бой, бу экөөнүн ортосун байлаган купуя сезим бар.

 

Чындыгында экөө бири-бирин жакшы көрөт. Бу жакшы көрүүбү?.. Же, тек гана бири-бирине болгон кадимки эле аял эркек ортосундагы мамилеби, сүйүүбү?.. Сүйүү деп айтууга болобу же болбойбу?.. Аял сүйүүнүн маанисин, а эркек анын баасын билсе кана?.. Кээде аял эркек жылдызы туш келип, экөөнү билинбеген сезим жиби байлайт. Бермет илим чөйрөсүндө иштейт. Илимдин кандидаты. Өз тирчилиги, өз турмушу бар. Жалгыз бой... Мындай аялдар менен тил табышып кетүү да кыйын. Акылдуу, көптү билген, түшүнүгү кенен аял. Турмушка, турмуштук философияга да өзгөчө көз карашы бар.

 

Аялды да жалгыздык турмушка тереңирээк караганга тарбиялап коёт окшобойбу. Сүйгөн аялды көрбөгөн эркек, ал аялдын аялдык маңызы эмнеде экенин да түшүнбөйт тура. Аялды түшүнүү үчүн анын терисинин ичине гана кирип көрбөсөң… түшүнбөгөндөйсүң… Өңдүү-түстүү… чыгам десе, эркек да чекеден чыгат… Жалгыз бой аял менен бүлөсү бар аялды таптакыр салыштырууга болбойт, алар турмушту алда канча көп кырдуу көрөт… Алардын тагдыры да турмуштун өйдө-ылдыйынан куралгандай бир кылка эмес. Дүйнөсү да башка… алар бу турмушка өз бактысын тарттырып жибергендей сезилет…

 

… Муса кол телефондон Берметтин номерин тапты. Анын номерин басайын деп, өзүн токтотту. Түн жарым. Өтө кеч… Бермет кандай түшүнөт? Ушу ойго тушалып турганда… бармагы номерге кол телефондун сенсордук экранына капилет бармагы тийип кетпеспи… Эки гудок кетип, анан узун гудок болду да… кол телефон аркы баштан өчүп калды… Чалбай эле коёюнчу деп, кол телефонду алдыңкы отургучка ыргытты… Капилет, кол телефон шыңгырап калды… Караса… Бермет… Муса кол телефонду кулагына такады…

 

- Бермет…бу мен… Муса,- деди ал, эмнеден сөздү баштаарын билбей.

 

- Угуп атам… сен экениңди… – Берметтин үнү да, маанайы пас чыкты. Муса капыстан чалып алдым дегенчелик, кечирим суранып, кол телефонду басып коёюун деп да боолгоп кетти… – Тынччылыкпы?.. Түн жарымда…Үйдөн аялың кууп чыктыбы?- деди Бермет жүдөңкү үн менен. Ал деле Мусанын күтүүсүз үнүн укканда маңдайы жазылып кеткен акыбалда эместиги үнүнөн билинип турду.

 

- Тынччылык эле… – деди Муса. – Сен үйдөсүңбү? – Муса бу суроону берерин берип алып, өзүн ыңгайсыз сезди. Бермет үйдө болбогондо каерде болмок эле.

 

- Үйдөмүн… Кызык… сурайсың да? Кайда болмок элем? – Берметтин сөзү анын бетине муздак суу сээп ийгендей болду.

 

- Кечиресиң… мен…- Мусанын үнү үзүк-үзүк чыкты. – Кеч чалып алдым… Уктап калдыбы дегем?..

 

- Жалгыз бой аялга уйку жолдош эмес… – деди Бермет. – Өзүң кайдан?..

 

- Аэропорттон… – деди Муса.

 

- Бир жакка баратасыңбы?.. Бүгүн туман болуп… Самолёттор эки күндөн бери учпай жатат деп телевизордон берди го?.. – деди Бермет, эми гана сөзүнө жан кирип.

 

- Эки күндөн бери учалбай жүрөм… Туман кетпей койду… Азыр аэропорттон кайтып келатам… – деди Муса. – Сага кире кетсем… кеч эмеспи…

 

- Кир… кире кет… Сага эч качан кеч эместигин билесиң да. Бир чашкеден кофе ичебиз, — деди Бермет. Берметтин бу сөзү Мусага канат байлады. – Күтөм, — деп телефонду коюп койду. Узун үзүлгөн гудок угулду.

Муса машиненин рулун буруп, газды тепти. Шаарда туман бир аз суюгурак эле…

 

Эшиктин кнопкасын басканда, Бермет ачты. Ал ачты да, “Келдиңби?” дегенсип, кайра эле артка бурулду. Муса эшиктен кирип, кийим илгичке пальтосун илди. Берметтин үйү жарык тосуп алды аны. Бир гана Берметтин кубанганы же маанайы пасы билинбей, ага кабагы табышмак болуп турду. Бу жарыкта Берметтин чырайы өңүнө чыгып, ага ажарлуу көрүндү. Жалгыз бой аял өз боюнан башка эчтекеге карабай тургандай сезилип кетти ага. Берметтен билинер-билинбес, жеңил француз «Герлинад» атырынын жыты келет. Столдун үстү эбак жасалып, сэндвич, кара икра, Цезарь салаты, бефстроган, ар кайсы нандардан ассорти коюлуп калыптыр. Ичимдиктин түрү бар. Бермет креслого бутун кайчылаштыра отурду да, Мусага карап кабак какты. Анын аппак балтырлары жарыкка чагылып, көздү арбайт. Аял – түн жарашыгы…

 

- Эмне?.. Тынчылыкпы? – Баягы берген сөзүн кайра берди.

 

- Тынччылык эле… – Ооз учунан бүлк этти Муса.

 

Экөө тиктешип туруп калды. Үн-сөз жок… Муса кепти эмнеден баштаарын билбей, ичтен кыйналат. Бөлмөгө көз жиберип, мынчалык тыкандыкка ичинен там берет. Бермет “Эмне унчукпай калдың?” деп суроо берип жибербесин деген тейде, Муса үн катты. Ал дубалдагы сүрөткө баш жаңсап, Берметке карады.

 

- Мобу сүрөт Матистикиби? – деди Берметти кепке тартмакка.

 

- Жо-ок… Гогендики ,- деди Бермет. – Былтыр Парижге барганда антиквариат дүкөнүнөн сатып алгам,- Бермет ордунан туруп картинага жакын басып келди. – Стилинен, боёкторунан эле байкалып турбайбы… Бу Гоген… так эле өзүнүкү… Кичинекей сүрөт болсо да, Гоген да! Менин сыймыгым ушу! – деди Бермет. – Сен жөн жай эле баратасыңбы, же жумуштаппы? – Мусага суроолуу кадалды.

 

- Жо, жөн эле өзүмдүн эле жумушум менен баратам. – Ал энесинин кыркына баратканын айткысы келбеди. – Бир күнгө… барам да, кайра артка тартам…

 

- Ии, түшүнүктүү… Кудая тобо, сен да эстейт экенсиң мени?!.. Ке, анда столго, — деп кол жаңсады Бермет.

 

Муса Берметти бекем кучактап, бетинен өөп алганга күчү жетпей тургандай сезди өзүн. Бирок… ал азыр Берметке жакын барды да… Берметти бекем кучактап, жүзүнөн сүйдү… Мойнунан, кулак алдынан өөп кирди… Бермет каршылык көрсөткөн жок. Ал бир азга эреркеп кетти да, оттой кызыл эриндери менен Мусанын эринине жабышты. Экөө бири-бирин ушунчалык сагынышып калыптыр. Көпкө кучакташып турду. Бермет Мусанын кучагынан чыгып, столго суранды. Муса столго отурардан мурда, душка түшүп алсам болобу дегендей ишарат берди. Бермет ага сүлгү, ак махровый халат берди. Муса бүгүн керели кечке самолётту акмалап, жүдөп да кеткен эле.

 

Муса душтан кийин өзүн ушунчалык жеңил сезип калды. Ал столго келди.

 

- Эмне ичебиз?- Бермет алдына койгон чет элдик бөтөлкөлөрдү көргөзүп. – Француз виносунан “Кло Флориден”, “Шато Рейнонбу?”, “Блейк енд Вайт” шотланд вискисиби, же орус арагынын эң мыктысы “Белугабы?”, Армян коньягынбы?..

 

- Мен көп эле иче албайм, жүз грамм шотландский виски жетишет,- деди.

 

Бермет бокалга виски куйду.

 

- Эмне үчүн ичебиз? – деди көңүлү көтөрүлө калган Муса тост айтмакка.

 

- Үн дебей ичебиз! – Бермет узун бармагы менен алмадай кыпкызыл эрдин басты. – Сөз ашыкча… Сен мага бакыт каалайсың, ден-соолук каалайсың… анын мага кереги барбы же жокпу - каалайсың… Сен менин жанымда турганда… анын баары ашыкча,- деди Бермет, рюмкадагы коньякты акырын ууртады да; –Үх-үхх! – деп оозун колу менен серпип, шокалддан бирди сугунуп ийди.

 

Экөө бир аз гана отурду. Бермет Мусанын жанына басып келип, аны бекем кучактады, андан кусалуу жыт издеди. Муса да Берметти белден өзүнө имерип, денесинен өптү. Берметтин денеси да, Гогендин сүрөттөрүндөгү аялдардын Күндүү денесиндей эле. Аны жыты – не бир өзгөчө мурдуна келди… Аял жыты… дүйнөдө мындан өткөн жыт жок чыгар. Бу жыт сезимге от жагып ийди. Бермет Мусанын белине бош тагылган халаттын курун бир тартканда, анын жылаңач денеси көрүндү. Бермет эркектин жытына мас болду, өмүр бою ушу жыт гана кумар аңсатып, ага жетишпей тургандай, кумарлуу сүйдү…

 

Экөө төркү бөлмөгө кирди…

 

Алоолонгон сезимдердин табы кайтып, экөөнүн көзү илээшип кетти…

 

Муса Берметтин жарым-жартылай ачылып калган денесине карайт. Үлбүр жарыкта Берметтин кооз денеси бир башка көзүнө көрүндү. Көкүрөгүндөгү алмадай төшү, бели, чачы… жамбашы… Ал өзүн атактуу Джорджоненин “Уйкудагы Венерасы” менен жаткандай сезип кетти. Берметтин бетиндеги эки чуңкурча, эрин үстүндөгү чекиттей меңи ансайын делебе козгоп турду. Бермет таттуу уйкуга көшүлүп жатты. Бу көшүлгөн уйкуда жалгыз бой аялдын бактысы бар эле. Жалгыз бой аялдын бактысы өмүрдүн бир ирмеминде экенин Муса туюк сезип турду…

 

Муса да көпкө ой басып, көшүлүп уйкуга тартылып кетти…

 

Ал түш көрдү. Түшүндө энесин көрдү. Энеси баягы-баягысындай, анын балалык кезинде кандай көз алдында сакталып калса ошондой көрүндү. Түшүндө энеси бир кыйла чыйрак, тирик. Кемселинин чөнтөгүнөн момпосуй алып Мусага сунду. Түшүндө Муса өзү алда канча жашта экенин, азыркы курагында экенин сезип таң калды. Энеси ага момпосуйду берип жатып, түшүндө үн катты.

 

- Мен өлсөм, ыйласыңбы?- деди энеси. Муса бул суроону жактыра бербей бурк этти.

 

- Мен чоң киши болуп калсам деле, жарыктык ушу сурооңузду бере бересизби? – деди Муса.

 

- Ээ, балам,- деди энеси. – Элдин баары сени карайт, бу небереси энесин кандай жоктоп атат деп… Мени уят кылбай, жакшы ыйла,- деди энеси түшүндө.

 

Ал баягы жаш кездеги жообун ойлонбой туруп шак айтты.

 

- Ыйлабаганда, ыйлайм… тим эле жер тытып ыйлайм! Болдубу?!.. – деди Муса.

 

- О, жанымы чабайын!.. Ошондой ыйлагын,- деди энеси.

 

Ошерден Мусанын түшү кайчы менен кырккандай үзүлдү. Түшү үзүлүп, ал өзүн кайсы акыбалда турганын билбей селейип туруп калды. Бу түшүбү, өңүбү?.. Көзүнө Бермет экөө жаткан керебеттин этегинде энеси туруптур!.. Көзү умачтай чачырады. Чын эле аны көзү алдаган жок, энеси турат. Ал энесинен уялып кетти. Берметтин ачылып калган денесин  жапты. Энеси Мусанын жууркандан чыгып калган бутун жаап, мындай деди:

 

- Жамынып жат, уулум… Үшүп каласың,– деди да, жуурканды Мусанын бутуна жапты. Муса тилден калып, кепке-сөзгө келе албай турду. Анын көмөкөйүнө баягы муштумдай көк таш келип такалгандай болду. Үнү кысылып, көзү чачырайт.

 

- Мен бүгүн алыскы сапарга баратам… Ошонун алдында сени бир көрүп коёюн деп келдим… Ко-ош чырагым! – деди энеси.

 

Кемпир негедир ак кийип алыптыр, ушу сөздү айтты да кайдадыр караңгыга сиңип кетти.

 

- Эне! – деп Муса үн чыгарып ийди. Ушу үн менен кошо аны көптөн бери кыйнап, көкүрөгүндө катып калган томуктай көк таш эрип кеткендей болду. “Эне!” деп ал бакырдыбы, шыбырап айттыбы, жарым үн менен угуза айттыбы?.. Азыр аны түшүнбөй турду. Кантип ушу сөздү айтып жибергенин билбей, эс-мас, дендароо…

 

Бу үндөн Бермет да чочуп ойгонду. Ал уйкулуу көздөрүн укалап, “эмне мени ойготуп жибердиң” дегенчелик ага карады. Ал Мусанын купкуу жүзүн көрүп чочуп кетти.

 

- Апей, сен соосуңбу? Өңүң кантет?.. Купкуу… – деди Бермет түшүнө бербей.

 

Ал сөздү башка нукка буруп, ордунан ыргып турду да:

 

- Мен уктап калган турбаймбы?.. Самолёттон кечигипмин… кырк эле мүнөт калыптыр… – деп, дубалдагы саатты карап, шашкалактап кийимдерин кийип, Берметти өпкөнгө да, аны менен кайрылашканга да келбей, эшикти “тарс” жапты да, сыртка чыкты. Ал машинесин кызытпай эле аэропорттун жолуна бет алды…

 

Таң супа салып, агарып калган экен. Тумандар да суюлуп, күндүн кабагы ачык…

 

Мусанын көз алдында энесинин элеси… Машиненин алдыңкы терезеси да, жол да, асмандын бети да, энесинин жүзүндөй көрүндү ага… Мусанын көкүрөгүндөгү уюп калган неме, азыр да көмөкөйдөн алып оозуна келип такалды. Аба жуталбай, деми кыстыкты… Ошол жумуруна терең кирип кеткен белгисиз күч бүткөн боюн кысып, бут өнөбоюн сызгырып келип, уюган  көзүнөн атылып чыкты… Ал ысык, шорлуу көз жашы эле. Мусага негедир үн-сөзсүз ый келди… Үн чыгарбай, ачуу буулугуп жиберди…

 

Бу көз жашты ал энесинин сөөгүн койгон күндөн тартып, ушу күнгө чейин күтүп келген…

 

Анын бу көз жашында энесин жоготуу күйүтү гана эмес, өз тагдырына, күйгөн чоктой тагдырына, көп жылдардан бери көкүрөгүндө жакын адамдарынын элес-мээримин муздатып алганына, эки чычала ортосунда, али бала болсо да, ата-апасына сезимдин көпүрөсүн куралбай, эки арада кыйналып келген кызынын абалына жан ооруп, Берметтей сулуулугу бар, тагдыр жылуулугу жок, аялзаттын жазмышына түшүнбөй, бу жашоо туманынын эрте түшүрүп алган өзүнүн азаптуу бешенесине, дүйнөнүн татаал жандырмаксыз соболдоруна жооп табалбай баратты…

 

***

Бүгүн кыркынчы күн…  

...Энеси денесинен жанын бошоткон күн…

 

Булак: “Майдан. Kg” гезити