Кой-Таштагы окуя Атамбаевге гана тиешелүү эмес.
- Экс-президент А.Атамбаевдин таламын талашкан 1700 жарандын прокуратура органдарына кайрылып, бүгүнкү бийлик ээлерине, анын катарында ажо Сооронбай Жээнбековго карата мамлекеттик кылмыш жасагандыгы үчүн кылмыш ишин козгоо талабын койгону белгилүү болду. Кой-Таштагы дүрбөлөңдөн кийин атамбаевчилердин ушундай талап менен чыгууга моралдык укугу барбы өзү?
- Кой-Таштагы окуя Атамбаевге гана тиешелүү эмес. Ал окуядан Кой-Таш эли көп жабыркады. Алардын талабы туура деп эсептейм. Ушул операцияга уруксат берген чиновниктер сөзсүз кылмыш жообуна тартылыш керек. Бул бийликте болбосо дагы, кийинки бийликте бул кылмыштуу иш өз баасын алат. Анткени, Атамбаевди кармагылары келсе, бүткүл айылды дүрбөлөңгө салбай кармашса болмок. Анын жолдору миллион экенин атайын кызматтын өкүлдөрү жакшы билишет
Булак: “Майдан. kg” гезити