"Бул катта жанагы бала көчөнүн эки тараптуу кыймылы бардыгын таптакыр эле унутуп, кошоматчылыктын тереңине кирип кеткендей".
- Экс-президент А.Атамбаевдин таламын талашкан 1700 жарандын прокуратура органдарына кайрылып, бүгүнкү бийлик ээлерине, анын катарында ажо Сооронбай Жээнбековго карата мамлекеттик кылмыш жасагандыгы үчүн кылмыш ишин козгоо талабын койгону белгилүү болду. Кой-Таштагы дүрбөлөңдөн кийин атамбаевчилердин ушундай талап менен чыгууга моралдык укугу барбы өзү?
- “Таяктын эки учу бар” дегендей, моралдык жактан укугу жок, бирок юридикалык жактан укугу бар. Бул катта жанагы бала көчөнүн эки тараптуу кыймылы бардыгын таптакыр эле унутуп, кошоматчылыктын тереңине кирип кеткендей. Биринчиден, катты “кой-таштыктар жазды” дегендин өзү жомок. Эл жазбайт. Аны уюштурушат дайыма. Мейли, укук коргоо аталыктары уруп-согушуптур, бирок мындай жагдайды ким жаратты, “эмне үчүн милиция аларга барды?”- деген собол бар да, тигил бала унутуп калган. Ташты түшүрүп, баррикада орнотуп, элди чогултуп, бир сөз менен бул кезектеги аксак жүрүш "реванш" алуу үчүн эле жасалып жаткан иш. Сот башкача караса деле кылмыш ишин экинчи тарапка козгоп коюшу мүмкүн. Ансыз деле козголуп жатпайбы. Эми чагым үчүн ушул ыйлаак балага козгоп койсо болот. Тынч жаткан элди козутуу дегени да бар.
Булак: “Майдан. kg” гезити