"Мүмкүн, коргонуунун эң жакшы түрү чабуулга өтүү дегендей ушинтип коргонуп жатышкандыр..."

 

 

- Экс-президент А.Атамбаевдин таламын талашкан 1700 жарандын прокуратура органдарына кайрылып, бүгүнкү бийлик ээлерине, анын катарында ажо Сооронбай Жээнбековго карата мамлекеттик кылмыш жасагандыгы үчүн кылмыш ишин козгоо талабын койгону белгилүү болду. Кой-Таштагы дүрбөлөңдөн кийин атамбаевчилердин ушундай талап менен чыгууга моралдык укугу барбы өзү?

 

 

- Албетте, Кой-Таш окуясында жабыркаган кээ бир жарандар күч органдарынын иш-чарасын мыйзамсыз аракеттер катары баалап жатышат. Мындай абалдын күч алышына кээ бир күчтөрдүн учурдан пайдаланып, кырдаалды курчутууга кылып жаткан аракеттери да түрткү болушу мүмкүн. Бирок, тергөө иштери бир айдан ашык жүрүп жаткандыгын, атамбаевчилердин мыйзам бузуулары боюнча көптөгөн далилдүү фактылар жыйналгандыгын эске алганда, дүрбөлөңчүлөрдүн бул талаптары ишке ашпай тургандыгы белгилүү. Мүмкүн, коргонуунун эң жакшы түрү чабуулга өтүү дегендей ушинтип коргонуп жатышкандыр...

 

 

Булак: “Майдан. kg гезити