"Өлкөдө радикалдуу кадамдар жасалып, оң жакка өсүү, өзгөрүү жок".

 

- Экс-президент А.Атамбаевдин таламын талашкан 1700 жарандын прокуратура органдарына кайрылып, бүгүнкү бийлик ээлерине, анын катарында ажо Сооронбай Жээнбековго карата мамлекеттик кылмыш жасагандыгы үчүн кылмыш ишин козгоо талабын койгону белгилүү болду. Кой-Таштагы дүрбөлөңдөн кийин атамбаевчилердин ушундай талап менен чыгууга моралдык укугу барбы өзү?

 

 

- Алардын көктөн издегени жерден табылып, бийлик өзү да ошого шарт түзүп берип жаткандай жагдай түзүлүп турат. Мыйзамдар иштебейт, күч түзүмдөрүнүн абалы бештен белгилүү. Милициянын чыныгы жүзүн эл көрүп жатат. “Жалдагы” окуя буга күбө. Министр интригадан башы чыкпай, көралбастык менен алек.

 

Өлкөдө радикалдуу кадамдар жасалып, оң жакка өсүү, өзгөрүү жок.

 

Албетте, Атамбаевчи, Акаевчи, Бакиевчи деген ооруудан кетишибиз керек. Кой- Таш окуясында эбегейсиз чоң мыйзам бузуулар катталды, ага жооп берилиш керек.

 

Мыйзам иштебеген өлкөдө чындык да жок, иликтөө да мыйзамдуу болот дегендин өзү абсурд.

 

Бийлик тез арада чечкиндүү кадамдарга барбаса, албетте, мыйзам чегинде иш тутпаса, абалы күндөн- күнгө оорлошуп, келечеги бүдөмүк абалга түшүп турат.

 

 

Булак: “Майдан. kg гезити