Турмуштук кеңештер
Эмне үчүн эркектер жубайын таштап башка аялга үйлөнүп алышат? Кымбаттуу айымдар, эгерде жубайыңыз сизден кетип калып, абдан келбеттүү, сулуу, сексуалдуу аялга үйлөнүп алат деген ойдо болсоңуз, анда жаңылышасыз. Жок, андай эмес, көпчүлүк эркектер өзүнүн жубайынан башка аялдын сулуураак болгону үчүн кетпейт. Турна асманда гана көркөм көрүнөт, алыстан аны эч талбай карай берүүгө болот, ошол сыңары олуттуу себептер болбосо эркектер жөндөн-жөн эле өзүнүн сүйүктүү көк чымчыгын турнага алмаштырбайт. Мындай олуттуу себептери биле жүрүңүз.
Биринчи себеп: күйөөсүн теңсинбөө. Чыныгы эркек аны тоготпогон жана теңсинбеген, урмат көрсөтпөгөн аялдын жанында жүргүсү келбейт. Эркек ар дайым өзүн лидер катары көрсөткүсү келет.
Экинчи себеп: анын жеке мейкиндигине баскычылык кылуу. Бул абдан маанилүү себеп. Көпчүлүк аялдар күйөөсү аны менен жашап жатса эле өзүнүн жеке мейкиндиги болбошу керек деп ойлошот жана анын баскан турганын тыкыр көзөмөлгө алат. Ошондуктан анын маал-маалы менен өз жайына койгон дагы дурус болот.
Үчүнчү себеп: ыраазы болбоо. Күйөөсү аялына камкордук кылып, аны багат. Албетте сөз чыныгы эркектер тууралуу болуп жатат. Бирок аялы дайыма нааразы болуп турса бул дагы анын башканы тандашына жол ачат.
Төртүнчү себеп: аялдын өзүн карабай коюусу. Көп аялдар “күйөөм экөөбүз канча жыл чогуу турдук, ким үчүн жасанмак элем?”- деп ойлошот. Эркек менен өмүр бою жашоону пландап жатсаңыз, өмүр бою денеңизге, жүзүңүзгө, келбетиңизге кам көргөндү унутпаңыз.
Бешинчи себеп: ал сизди сүйбөйт. Эң жөнөкөй жана коркунучтуу себеп. Сиз аны сүйбөйсүз, ал сизди сүйбөйт. Мындай учурда тек гана коё бериңиз. Сүйбөй калуу бул себеп эмес - ага чейинки кылык-жоруктар менен аракеттерге берилген баа деп да койсок болот.
Алтынчы себеп: аялдын жанында эркектин өзүн ыңгайсыз сезүүсү. Мындай эркек үйүнө шашылбайт, аялынан качат. “Аял дайыма жаныңда жүргөн майрам болушу керек”- деген сөз бар. Демек сиз ага майрам болбой калгансыз. Балким урушчаак, балким жемелей бергич, балким балдарыңызды эле карай берип күйөөгө көңүл бурбаган эне, балким өзүн карабай калган же жубайыңызды акча чыгарып берген банктай көрүп калдыңызбы, себептерин жакшылап ойлонуңуз. Албетте “эркелердин эбин таба албай”, чөнтөгүнө акча түшсө эсирип, экинчи аял алам деген эркектер да бар. Андай болсо кетсин, ал эркек сизге татыктуу эмес.
Жыйынтыктай келгенде жогорудагы себептер болгон учурда көпчүлүк эркектер аялынан кетүүнүн амалын издейт. Бирок турмушта баардык эркектер эле идеалдуу эмес жана ар бир жубайдын мамилеси ар түрдүү. Ошентсе да күйөөнүн кетип калуусуна себеп болгон жагдайларды аял катары биле жүргөнүңүз дурус.
Кызгануу - бул оорубу?
Кызгануунун психологиясы же кызганыч эмнеден пайда болот?
Кызгануу сезими - бул байыртадан бери эле жоголбой келе жаткан эмоционалдык абал болуп эсептелинет. Андыктан, буга байланыштуу адамдын өсүп-өнүгүүсүндөгү психологиялык механизм үчүн муктаждык жараткан сезим деген түшүнүк белгиленип келет. Себеби, кызгануу сезими менен адамдар өз ара мамилесин жоготпой улап кете турган мүмкүнчүлүккө ээ болушат.
Азыркы өнүккөн заманда никедеги түйгөйлөр башка адамдар менен болгон баарлашуу мамилесин жашырышпайт. Жумушуна же ишмердүүлүгүнө байланыштуу ар тараптуу адамдар менен байланыш түзүүгө мүмкүнчүлүк бар. Бирок, баары бир түгөйлөрдүн өз ара кызгануулары эч качан чегине жеткен эмес жана эч качан токтоп калбашы аштан бышык. Кызгануу абдан татаал сезим. Анткени ага бир нече себептер бар. Маселен, сезимин ээлеп алуу, жоготуп алуу коркунучу, ызалануу, басынуу, ишенбөөчүлүк сезимдеринен улам кызгануу жаралат. Ар дайым ашкере кызгануу - бул чоң көйгөйдүн белгиси. Өзү үчүн да түгөйү үчүн да бирдей коркунучтуу. Буга байланыштуу окумуштуулар кызганчаактыктын бир нече түрүнө токтолушкан.
1. Жеке кызганыч, анын девизи: “Бардык нерсе ээсине гана тиешелүү болушу керек!”. Мындай кызгануу түгөйүнүн сезими мокоп, муздап калганын байкаганда, башканы жактырып калганын сезгенде пайда болот. Анын мындай учурда бир эле максаты болот. Кандай жол менен болсо да кайра өзүнө багынтуу керек. Ал эч качан түгөйүнүн каалоосу жана пикири менен эсептешпейт.
2. Кемсинүүдөн кийинки кызганыч. Өзүнө көп ишенбеген, басынган, коркунучту ашкере катуу кабыл алгандар ушундай кызганууга дуушар болушат. Маселен, үйлөнгөн кийин кантип идеалдуу жубай же жолдош болуу үчүн жасаган аракетинен майнап чыкпай калышынан коркушат. Андыктан өздөрүн бир нерседен кем калгандай сезип, өзүн-өзү кемсинтип карайт. Мындан улам кызгануу пайда болот.
3. Шекчил кызганыч. Мындай кызгануу башка досторунун түйгөйлөрүнө жасаган мамилесин көргөндөн кийин өзүнүн түгөйүнөн шек санап кызгана баштайт. Айымдар менен мырзалардын кызгануусу бири-биринен айырмаланып турат. Маселен, мырзалар жубайларын бардык нерсе үчүн жана бардыгынан кызгана беришет. Жоро- жолдошторунан, көчөдөн жубайын карап калган башка мырзалардан, жада калса туугандарынан деле кызгана беришет. Ал эми айымдар болсо, өзүнүн көзүнчө башка айым менен кызыктуу баарлашууну көргөндө кызгануу сезими ойгоно баштайт. Бирок, айымдар мырзаларга караганда сабырдуу келет. Андыктан кээде жылдар боюу ал сезимин айтпай, өзүнө сактап жүрө берет. Мырзалар болсо, дароо эле чыр-чатак чыгарышат. Буга байланыштуу, “айымдар көбүрөөк кызганат” деген түшүнүк чындыкка бир аз жакындабай калат. Муну чыныгы жашоо-турмушта деле көрүүгө болот. Маселен, өзүн башкага алмаштырган жолдошун айымдар кечире алышат.
Ашкере кызгануунун терс жактары:
1. Чеги жок кызгануулардын натыйжасында үйдө чыр-чатак көп болуп, аягы ажырашуу менен бүтүшү толук ыктымал.
2. Шектүү кызгануунун натыйжасында түгөйүн чындап эле туура эмес иш жасоого түрткү берип коюшу мүмкүн. Маселен, өчөшүп.....
3. Ашкере кызгануудан улам мээнин иштеши бузулуп, анын айынан ар кандай ооруларга кабылуу коркунучу да жок эмес. Депрессия, стресс илдеттерине да чалдыгууга болот.
4. Балдардын психикасына да доо кетет. Ата-энесинин чыр-чатагына күн сайын күбө болгон баланын аң-сезимине терс таасирлер тийе баштайт.
Кызгануунун пайдасы да бар. Кызгануунун пайдасы качан гана түгөйлөрдү чыр-чатакка эмес, жакындашууга алып келгенде гана тийет. Туура кызгануудан урушуулар эмес, сезимдердин ойгонушу, мамиленин чыңдалышы пайда болот.
Булак: “Barometr”