Мен патриотмун!

 

 

Ар бир жаран көрүүгө, билгенге милдеттүү жерлер

 

АКШда өлкөнүн жарандарынын кимиси болбосун сөзсүз өмүрүндө эң кеминде бир жолу  Йеллоустон жаратылыш паркын, Чоң Капчыгайды, Вашингтондун мемориалдык музейин жана өлкөнүн биринчи Конституциясы кабыл алынган жайды көрүшү керек деген принцип бар. Ал максатта мектеп окуучуларынан тартып - пенсионерлерге чейин ар кандай жеңилдиктер менен аталган жерлерге саякаттар уюштурулат, аларды мамлекет, толгон токой фондулар, уюмдар  колдойт. Чындыгында эле адамда, өзгөчө жаш муундарда мекенчилдик сезимдин калыптануусуна өлкөнүн тарыхый, табийгый  эстеликтери, байлыктары менен таанышып, анын дүйнөдөгү ордун, өзгөчөлүгүн билип, түшүнүүнүн мааниси абдан чоң. “Мындай  нерсе биздин өлкөдө гана бар, бул - дүйнөдө жападан жалгыз” деген сөздөр жаштарда гана эмес, чоң адамдарда деле мыйзам ченемдүү түрдө сыймыктануу сезимин пайда кылып, ал жерге карата урмат-сыйын арттырат.

 

Ал эми бизде андай табийгый жана тарыхый эстеликтер жетишерлик. Арстанбап жаңгак токойу, Ысык-Көл, Сары-Челек, Саймалуу-Таш, Сулайман-Тоо, ГЭСтердин Нарын каскады, Төө-Ашуу, Долон ашуулары, шаркыратмалар, музейлер - мына ошондой теңдешсиз, кайталангыс, дүйнөнүн башка бир да жеринде жок  жайларга кирет. Бирок, аларды көрө электер же республиканын түндүгүндө жашагандардан - Кайыңдыдан ары өтө электер четтен чыгат. Ал эми түштүктөгүлөрдөн саясый  географиялык, экономикалык жагдайларга байланыштуу (борбор, негизги окуу жайлар түндүктө) Бишкек менен Чүйдү көрбөгөндөр аз болгон менен Таластагы Манастын комплексин, Нарынды, Ысык-Көлдүн баш жагын көрө электер жетишерлик. Жердешчилик, уруучулук, бөлүнүүчүлүк, түшүнбөстүк  сыяктуу сезимдер көп жагынан мына ошол аймактардын элдери бири-бири менен тыгыз  аралашпагандан, бири-бирин билбегендигинен, анын негизинде каада салттардын, үрп-адаттардын ар түрдүү болуп кеткендигинен улам жаралат.

 

“Ынтымак кербени” мындан ары кандай өнүктүрүлөт?

 

Бул өңүттөн алганда мамлекет башчыбыздын демилгеси менен Эгемендүүлүк  майрамынын  алдында “Ынтымак кербени” уюштурулуп, Ысык-Көлдөн - Ош облусуна, Ош облусунан - Ысык-Көлгө, Жалал-Абаддан - Чүйгө, Чүйдөн ал тарапка, Баткенден - Нарынга, андан - Баткенге ар бири элге кадыр-баркы, таасирлери бар 30-40 адамдан турган делегациялар барып, алар үч күндөн өздөрү барган аймактардын чарбалык, социалдык багыттардагы саамалыктары, тарыхый, табийгый эстеликтери менен таанышкандыгын  колдоого болот.

 

Мурдагы советтик мезгилде “идеологиялык иштерден каражат аябоо керек” деген принцип болгон. Ал эми идеологиялык иштердин башкы максаты катарында - бирдиктүү совет элин түзүү, элди план-тапшырмаларды аткарууга мобилизациялоо, жаштарды мекенчилдик духта тарбиялоо эсептелчү. Азыркы шартта Кыргызстан үчүн элдин биримдигинен, ынтымагынан өткөн байлык, аны камсыз кылуудан өткөн милдет жок.

 

Ошентип, биринчи “Ынтымак кербени” өткөрүлдү. Ал абдан  пайдалуу, керектүү чаралардан. Бирок, саамалыктын мындан аркысы кандай болушу керек?

 

Эгерде бир облустун эли экинчи облуска барып, алардыкы келип дегендей, сыпайыкерчиликтер улантыла берсе, алар тез эле элди жадатып жибериши ыктымал. Ошондуктан келерки жылдан тартып “Ынтымак кербенин” жаңыча формада, мазмунда өткөрүү жагын ойлонуу керек. Мисалы, ал кербен облустар арасында  эмес, райондор арасында өткөрүлүп, алгач ал элдин биримдиги жөнүндө  каада салттардагы, үрп-адаттардагы ашкере чыгымдарды азайтып, республика боюнча бир стандартка келтирүү, менталитеттеги айрымачылыктарды жоюу  жөнүндөгү чакан илимий коференциялар менен же “тегерек үстөлдөгү” пикир алмашуулар менен башталып, анан чарбалык, социалдык ийгиликтер, тарыхый, табийгый  эстеликтер менен тааныштырууларга, концерттик программаларга  айландырылып кетсе, кыйла мазмундуу  болот. Анан бир кезекте эки облус же район өкүлдөрдү алмашпастан конкреттүү аймактын географиялык, климаттык өзгөчөлүгүнө жараша өкүлдөрдү жиберүү оң болмок. Маселен, Нарынга күздө, кышта өкүлдөрдү жиберүүнун зарылчылыгы жок. Ал эми түштүк аймагы үчүн өкүлдөрдү кабыл алууга эң ыңгайлуу мезгил  жаз менен күз болуп саналат. Алардын курамдарына мугалимдер, функционалдык  милдеттери боюнча эл арасында көп жүргөндөр канчалык көбүрөөк киргизилсе, ошончолук натыйжалуу  болот. Дүжүрлөргө эле басым жасала бербестен, жаңыларга, жаштарга көбүрөөк  көңүл  бурулуусу зарыл. Эгерде өкмөт ички туризмди өнуктүрүү боюнча атайын программа иштеп чыгып, бизде да АКШдагыдай “бул жерлерди Кыргызстандагын ар бир жараны көрүүсү, билүүсү керек” деген милдет коюлса, андан жакшы болмок. Мекенин мыкты билмейинче адамда мекенчилдик сезимди  калыптандыруу кыйын экендигин эстен чыгарбоо керек.

 

 

 

“Майдан-пресс”, Булак: “Майдан. kg гезити