Мааракени утурлай


 

Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз Медициналык Академиясы 80 жылдык мааракесин белгилөө алдында турат. Чынында эле, Кыргызстандын медициналык жогорку билимдүү адистерин даярдаган окуу жайы дээрлик бир кылымга жакын убакыттан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келатат. Бул жылдар аралыгында окуу жайы өлкөнүн маанилүү багыттарынын бири болду, анткени мыкты дарыгерлер так ушул жерден билим алышты.

 

Бир гана Кыргызстан эмес, учурда окуу жайынын кулачы кеңейип, атайын алыстан ат арытып келип окуган чет өлкөлүк студенттер да жылдан жылга арбып барат. Бул окуу жайдын эл аралык аренадагы атынын таанымалдыгын жана аброй тапканын туюндурат.

 

80 жылдан бери Медакадемия түптөлүүнүн бийик жолун басып өттү жана  жогорку квалификациялуу дарыгерлерди даярдоодогу бай тарыхка ээ. Андан билим алган адистер бир гана Кыргызстанда эмес, чет өлкөлөрдө да ийгиликтүү иштеп жатышат. Окуу жайынын тарыхына кыскача токтололу.

1939-жылдын 16-апрелинде Кыргыз ССРинин Элдик комиссарлар кеңешинин токтомуна ылайык Фрунзе шаарында Кыргыз Мамлекеттик медициналык институту ачылган. Ал жылы биринчи курска 200 адам кабыл алынган. Жогорку медициналык окуу жайынын пайдубалын Москва, Санкт-Петербург, Харьков жана Киев шаарларынан келген окутуучулар жана профессорлор түптөгөнүн белгилей кетели. 1943-жылы медициналык институттун биринчи бүтүрүүлөрү уядан учушкан, 120 студент дипломдорун колго алышып, толук кандуу дарыгерге айланышкан. Алардын арасында кыргыздын көрүнүктүү дарыгери Мамбет Мамакеев да болгонун айта кетели.

 

Мына ошентип Кыргызстан дарыгерлерди өзү даярдоо мүмкүнчүлүгүнө жетишкен. Инститтун өнүгүүсүнө Москвадагы, Ленинграддагы, Алма-Атадагы жана Ташкенттеги институттар салым кошушкан. Аталган окуу жайлары Кыргыз медициналык институтуна кеңеш берүү жана уюштуруу иштеринде көмөк көрсөтүшүп, медициналык китептерди жеткиришкен жана педагогикалык кадрларды институтта туруктуу иштөөгө жиберишкен. Акырындык менен институт билим жолунда алдыга жылып, КПСС тарыхы, саясий экономика, нормалдуу анатомия, биология, гистология, жалпы химия, физика, чет тилдер жана башка кафедралар ачылып, аларда 16 окутуучу эмгектенген. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Кыргызстанга 2-Харьков медициналык жана стоматологиялык институттар жана Москвадагы стоматологиялык институт эвакуацияланган. Согуш институттун да ишин кыйындаткан, билим алуу мөөнөтү 4-4,5 жылга чейин кыскартылган.

 

1980-жылдары окуу-методикалык жана илимий-иликтөө процесстер жүзөгө ашырылган. КММА тоо медицинасын иликтөө жаатында эл аралык аренага чыккан, бул интеграциялык илимий байланыштардын жанданышына жардам берген. 1996-жылы Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы менен институт Медициналык Академияга айланган. Ал эми 2008-жылдын 25-сентябрында президенттин жарлыгы менен Академияга Иса Ахунбаевдин наамы ыйгарылган.

 

Мына ушундай бай тарыхка ээ окуу жай кеңири масштабка ээ, илимий-иликтөөлөр менен катар ар тармактуу дарыгерледи даярдайт. Башка өлкөлөрдөгү медициналык жогорку окуу жайлары менен байланышка ээ. Россия, Казахстан, Өзбекстан, Европадагы медициналык институттар менен кызматташуу келишимдери жетишилген. Медакадемиянын жетекчилиги жакынкы коңшу өлкөлөр менен  студенттерди жана окутуучуларды алмаштыруу, жогорку медициналык билим берүү жана медициналык илим жаатында маалыматтарды беришүүнү туура деп эсептеген.

Академиянын студенттерине ар тараптан шарттар түзүлгөн. Билим кенине ынтаасын койгон жаштар мыкты адис гана болуп чыкпастан, билим деңгээлин чет өлкөлөрдүн окуу жайларынан да жогорулата алышат. Мисалы, ушул жылдын 24-июлунда “Педиатрия” жана “Дарылоо иши” факультеттеринин студенттери Академиянын кызматташуу келишиминин алкагында Түркиядагы Эрзинжин университетине барып келишти. Алар бир айлык практикадан өтүштү. Мындай окуялар абдан көп. Студенттер байма бай башка өлкөлөрдөгү медициналык жогорку окуу жайларына барып турушат, ошол эле убакта чет өлкөдөн практика катары биздин окуу жайыбызга келгендер да арбын. Айта кетсек, ушул жылдын июль айында Түштүк Кореядагы окуу жайынан балдардын ден соолугу жана медайымдык билим боюнча эл аралык конференцияга келишип, клиникалык билим Борборун жана КММАнын корпустарында болушту. Мындай практика ЖОЖдор ортосундагы достук, үзүрлүү мамилелердин бекем орношуна өбөлгө болоору анык.

 

Ушу тапта, дагы бир сыймыктануу менен белгилеп кете турган нерсе, Медакадемияда мурда болуп көрбөгөндөй ремонт иштери жүрүп жатат. Билгендер, мындай ремонт, Медакадемия түптөлгөн күндөн бери боло электигин белгилешүүдө. Окуу жайдын актовый залынын азыркы көрүнүшү кимди гана болбосун суктандырбай койбойт.

 

Медакадемиядагы мааракелик иш-чаралар октябрь-ноябрь айларына туш келет. Бул жаатта бир катар илимий, социалдык-маданий иш-чаралар пландалууда. Мисалы, илимий-теоритакалык конференциялар, студенттик олимпиадалар уюштурулду, ага башка мамлекеттен келген коноктор дагы катшыты. “КММАнын илим күндөрү-2019” иш-чарасы дагы кызыктуу өттү. Учурда Медакадемиянын бардык кафедралары интернет менен камсыздалган. Медиа-жабдуулар, интерактивдик доскалар, жаңы окуу китептери менен камсыз кылуу иши кызуу жүрүп жатат. 80 жылдык мааракени утурлай, Медакадемиянын аты Оруу-Сай чокусуна жана “Ажыдаар” жылдыздар түрмөгүнүн ичиндеги жылдызчага ыйгарылды. Окуу жайдын тарыхы жана турмушун чагылдырган музей түзүү жаатында катуу иш жүрүп жатат. Жаңы, 500 орундуу конференц-холл курулуп жатат. Академиянын чар тарабын жашылдандыруу ишин айта кетпесек болбойт, көз жоосун алып турат. Ушунун баарын көрүп туруп, Медакадемиянын бүтүрүүчүсү, андан кийин окутуучусу болгондугума чын жүрөктөн сыймыктанып турам.

 

Медициналык Академия жыл өткөн сайын пайдубалын бекемдеп, түндүгүн бийик көтөрүүдө. Орто Азиядагы мыкты медициналык жогорку окуу жайларынын алдында экенин айтпасак да түшүнүктүү. Илимий конференциялар байма бай болуп, студенттердин илим-билимге ынтаасын жогорулатуу аракети жасалат. Бул окуу жайга жөнөкөй студент тапшырбасын да айта кетели. Адамдын ден соолугунун сакчысы болуу оңой иш эмес, мында келген студенттер китептен башын көтөрбөй, бир гана билим алуу менен алек болууга аргасыз. Андыктан эрки күчтүү, өз кесибин сүйгөн жаштар гана дарыгерге айланышат. Мына ушулардын баары окуу жайынын жылдан жылга өнүгүүнүн үстүндө келатканын айгинелейт. Мындан ары да ийгилик коштоп, дүйнөдөгү бараандуу окуу жайларынын бирине айланаарына ишенебиз.

 

 

Зиябидин Айдаров,

И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын “Коомдук саламаттык жана саламаттыкты сактоо” кафедрасынын башчысы, медицина илимдеринин доктору, профессор

Булак: “Майдан. kg” гезити