Ачык кеп


 

Россиялык жазуучу, журналист, Кыргызстандагы саясий окуяларга баам салып келаткан Дмитрий Верхотуров Kginfo.ru басылмасына маек куруп, анда Кыргызстандагы бүгүнкү жана эртеңки саясий процесстер боюнча өзүнүн  көз караштары менен  бөлүштү.

 

Верхотуров келерки жылы өтүүчү парламенттик шайлоого токтолуп, шайлоо өнөктүгү тынч, кандайдыр бир күтүүсүз нерселерсиз, баары мыйзам чегинде өтө турганын айтты. Анын пикиринде, шайлоонун тынч өтпөөсү Атамбаевдин чырагына май тамызып, ал кырдаалды өз максатына пайдалануу менен бийликти кулатууга аракеттерди көрүүсү толук мүмкүн. Бирок президент Жээнбеков кырдаалдын андай өнүгүүсүнө жол бербейт, буга чейинки тажрыйбаларды пайдалануу менен шайлоонун өз нугунда өтүүсүн камсыз кылат.

 

Дмирий Вехотуров “президенттик партия” түшүнүгү  тууралуу да сөз кылып, Атамбаевден айырмаланып Жээнбеков өзүнүн партиясын түзбөйт, ага анын кереги  жоктугун айтты:“Эгерде өткөн шайлоодо президенттик партия СДПК болсо, эми андай болбойт. Анын себеби жөнөкөй эле. Аз убакыт мурда экс-президенттин макамына байланышкан мыйзам Жээнбековду бийликтен кеткенден кийин саясий ишмердик менен алектенүү укугунан ажыратат.

 

Ошондуктан анын  кандайдыр бир партияны башкарууга укугу болбойт, андыктан ага партия түзүүнүн зарылчылыгы жок. Бул дегинкисинде эң туура. Атамбаев башында турган “президенттик партия” бийликти узурпациялоонун куралына айланган болчу, анын жардамы менен президенттик мөөнөт аяктаган соң парламенттин же аткаруу бийлигинин башына келүү аракетин кылмак. “Президенттик партия” - бул жумшак айтканда шайлоочуларга карата басым кылуунун  жолу. “Президенттик партия” болгону үчүн өткөн шайлоодо бир катар партиялар парламентке өтпөй калышты, анткени аларга каршы президенттин партиясы иштеген. Бул жагдайды жокко чыгаруу менен шайлоону эркин, кыйла демократиялуу өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошондой эле майда партиялардын парламентке өтүп, толук кандуу партияларга айланууларына жол ачылат”. 

 

 

“Майдан-пресс”, Булак: “Майдан. kg” гезити