Кеч болсо да..
Коомчулуктун талкуусуна калып, КР Билим берүү жана илим министри Гүльмира Кудайбердиева кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.
Нарындагы Кеңеш айылындагы контейнердин ордуна мектепти өкмөт өзү сала турганын жар салды. Эми өкмөт темир контейнердин ордуна өзүнүн күчү менен мектеп курат. Министр баш болуп, жергиликтүү бийлик жок жорукту баштап, контейнер мектеп кура салып, аны да атайын ачылыш аземи менен ачып, өлкөнүн чар тарабына мактанган. “Уялбагандан өзүң уял” болуп, соцтармактын колдонуучулары ашар жолу менен аталган айылга окуу жайын курууну демилгелешкен. Бир даары курулуш материалдарын берем десе, кээ бири акчалай жардам кылууга даяр болушкан. Алардан озунуп өкмөт балдарды жаңы мектеп менен кубантууга өзү киришти.
Булак: “Майдан. kg” гезити