Уялбагандан өзүң уял...


Парламенттеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Насыр Мусаев “наконец то” мандатын тапшырганы белгилүү болду. БШК билдиргендей, Мусаев депутаттыктан ден-соолугуна байланыштуу баш тарткан.

 

Буга ылайык БШКнын жыйынында  Насыр Мусаевдин депутаттык  ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечим кабыл алынган. Анын ордуна “Кыргызстан" фракциясынын кийинки тизмеси боюнча Коррупцияга каршы кызматтын мурунку жетекчиси Бектен Сыдыгалиевге тиешелүү төш белги ыйгарылган.

 

Мусаев 2018-жылы депутат болгон. Ант берүү учурунда эле ооруп жатканы байкалган. Бирок ага карабай “Кыргызстан” фракциясы жыйынга бир да жолу келбеген депутатты бир жарым жылдай өлкө казынасынан каржылап отурду.

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити