Жылдыздар да жерде жашашат


 

Жакында америкалык модель жана актриса, Instagram тармагындагы эң бай аккаунт ээси Эмили Ратаковски 28 жашка чыкты. Анын турмушундагы айрым урунтуу жерлери тууралуу кеп козгоп жатабыз...

 

Эмили О’Хара Ратаковски – Лондондо төрөлгөн, бирок ата-энеси америкалыктар. Эмили 5 жашка чыкканда алар Лондондон АКШга биротоло көчүп, олтурукташкан.

 

Ратаковскинин карьерасы 14 жашында Ford Models моделдик агенттиги менен келишим түзгөн күндөн башталган. Ошондо эле ал Лос-Анжелесте иштеп, Сан-Диэгодо окуусун улантып келген. Мектептип бүткөн соң Калифорния университетине тапшырып, искусство факультетинде бир жыл окуп, бирок моделдик бизнести тандап, окуусун таштап койгон.

 

Эмилинин жылдызы 2013-жылы ырчы Робин Тиктин “Blurred Lines” (“Өчүрүлгөн сызыктар”) клибине жарым жылаңач тартылгандан баштап жанган. Ошондон баштап клиптерге тартылуу тууралуу сунуштар жамгырдай жаап, они чактысына түшүүгө да үлгүргөн.

 

Эмили – Майкл Жексондун кыйышпас фанаты. Анын чыгармачылыгына азыр дагы кызыгуу менен карайт. Маектеринде ал өзүнүн денеси сүйкүмдүү экенин жашырбайт, “дал ошондуктан, аны ачыктап, көрсөтүүдөн тартынбайм”,- деп калат. “Менин атам сүрөтчү. Ошондуктан да, сулуу, жылаңач аялдарды үйдөн көп көрчүмүн. Мен аларды чыгармачылыктын элементи гана катары карачумун. Андыктан, мен да денем ар түркүн каалоолордун объекти экенин сезе баштагам”,- дейт Эмили.

 

“Менин денемдин өзгөчөлөнүп тургандыгы – балет менен алектенгенимден окшойт. 4 жашымдан баштап бара баштагам. Ал эми көкүрөгүмдүн чоңдугун айтсам, көптөр пластикалык хирурга барганымды айтышат. Жок, мага бул төштү жаратылыш тартуулаган”.- дейт. Эмили фигурасын сакташ үчүн диетага деле олтурбайт. Атүгүл, фаст-фудду жакшы көрөт.

 

Учурда Ратаковскийдин Instagram каналына 23 миллион адам жазылган.

 

Ратаковскийдин кандай актриса экенине ынангыңыз келсе - “Круиз”, “Идеальная западня”, “Исчезнувшая”. “Красотка на всю голову”, “128 ударов сердца в минуту” фильмдерин көрсөңүз болот. Мындан тышкары ондогон фильмдерде ойногон.

 

 

 

“Майдан-пресс-шоу”

Булак: “Майдан. kg” гезити