Көз караш

 

- Мамбетжунус мырза, “Кытайдан карызга келген акчаларды тоноп жешкен”- деген шек менен мурунку президент А.Атамбаев, өкмөт башчылар С.Исаков, Ж.Сатыбалдиев, энергетика министри О.Артыкбаев, ошол тармактын  жетекчилери кармалышты. Биз Кытай карызын төлөөгө чабалдык кыларыбызды сезип, алар минтип өз чек арасын биздин  жер менен кеӊейткен карта чыгарышыптыр. Айтыңызчы, жерибизди Кытайларга тарттырып, өлкөбүздөн ажырап калбайбызбы?

 

- Сурооӊуз маанилүү экен, түшүнүктүүрөөк болуш үчүн, мен бул сурооӊузга чечмелеп жооп берейин...

 

Биринчиден, Атамбаев бийликке келгенде гана биз Кытайдан карыз ала баштадык. Анын кыӊыр иши ал кызматтан кеткенден кийин ачылып, “чү” дегенде ал өзү кураган алкымы - бузук мафиянын мүчөлөрү кармалды. Анан эртели кеч өзү да камаларын сезип, учурдагы өлкө башчыбыз С.Жээнбековду ачык эле каралоого өттү. “Это Сооронбай Жээнбеков помешан на деньгах. Шайлоо мезгилинде ал 24 миллион доллар накталай акча төккөнүн угуп мен шок болдум. Ага 30 млн. долларды Райим-миллион берген. Сооронбай, Райим-миллионго “по уши обязан” болгондуктан, ал бүгүн Матраимовдорду калкалап жатат”- деген Атамбаевдин сөздөрү буга далил.

 

Экинчиден, Атамбаевдин каралаганы элге сиӊбей жатканын сезип, анан ал  С.Жээнбековго каршы элди козутууга өттү. Ал тараткан акчанын тизмеси колго түшкөнү, өз үйүндө ал күч органдарынын кызматкерлерин барымтага алып зөөкүрлөргө сабатканы, алардын бирөөсүн атып өлтүрүп, экинчисин оор жарадар кылганы буга далил. Көрдүӊүзбү, ал суракка келбей, бийлик өкүлдөрүн барымтага алып, сабап, өлтүрө баштаганда гана бийлик Атамбаевти өз эрки менен колго түшүп берүүгө мажбур кылды.

 

- Алган карызды Кытайларга кайтара албай биз жерибизден ажырап калбайбызбы?

 

- Сиз туура кооптонуп жатасыз. Кытайдан биз эле эмес, бүгүн бизден бир нече кубаттуу делген Россия да кооптонууда. Эгер андай болбосо Россиянын стратегиялык борборунун жетекчиси А.Коновалов “В китайских исторических учебниках и атласах части Сибири и Дальнего Востока России часто окрашены в “китайские” цвета на картах соответствующих периодов. Китай – в будущем серьезная боль для России”- деп эскертпейт эле. Себеби, элинин саны миллиарддан ашкан Кытай мамлекети бүгүн жерге өтө муктаж өлкө. “Ким карызын кайтарып бере албаса, жериӊерди берип, карыздан кутулгула”- деп, алар кимге да болсо талап коюушу бышык. Ошондуктан жеген акчаларын кустуртуп, Кытайга болгон карызды бөксөртүш үчүн биздин бийлик алкымы бузук зөөкүрлөрду каматууга мажбур болуп жатат деп мен ойлойм.

 

 

 

Булак: “NazarNews.kg”