Б. Мурзубраимов:  Тилекке каршы, андай ачыктан ачык экстремисттик чакырыктарга, провокацияларга карата убагында чаралар көрүлбөдү, бул жагынан күч органдарын сындагандарда жүйөө бар.

 

- Бектемир агай, 7-8-августтагы окуялар коомдо кеңири талкууланууда. 7-августтагы окуяны күч органдарынын жаңылыштыгы дешсе, 8-августтагы операцияны макташууда. “Абалды ага жеткирбей чечсе болмок, ал кокустук”- дегендер да бар. Сиздин пикириңиз кандай?

 

- 7-8-августта болуп өткөн окуялар жөнүндө коомдо, ЖМКларда ар кандай ойлор айтылып, сунуштар болууда. Анда айрымдар: “чечүүчү учурларда аксакалдар, илимпоздор калыс сөздөрүн, пикирлерин айтышпайт, жууркандарына чүмкөнүп жатып алышат”- дегендей сындар да айтылууда. Алар канчалык деңгээлде чындыкка ылайык келет, ал өзүнчө маселе, ал эми мен өлкөдө маанилүү нерселер болуп жатканда эч качан үн катпай коё албайм. Атамбаев боюнча да, аракеттеги президенттин иштери жөнүндө да калыс пикиримди айтып келатамын. Аталган окуялар боюнча 8-августта түшкө жакын 1-радиодон көз карашымды, пикиримди билдиргем.

 

Айрымдар “болбой турган иш эле, болуп кетти өзү эле” деп жатышпайбы. Чындыгында бул аябагандай өкүнүчтүү: 1 адам өлдү, экөө оор абалда, 170тей жарандар жаракаттарды  алышты. Бирок, баары бир бул эртели кеч боло турган иш болчу. Анткени, Атамбаев ЖМК аркылуу, айрыкча “Апрель” телеканалы аркылуу аракеттеги мамлекет башчысын шылдыңдап, мазактап, коррупциялык иштер боюнча кармалгандардын токтоосуз бошотулушун талап кылып, дагы башка ультиматумдарды коюп, “мен акмын, тазамын”- деп өзүн, тарапташтарын мактап, бийликти кулатууга бардык күчүн жумшаарын, өзү жөн кармалбастыгын, атышаарын, тилектештеринин баарын бийликке каршылык көрсөтүүгө чакырарын ачык эле айтып келбедиби. Аймактарды да кайраштырды. Тилекке каршы, андай ачыктан ачык экстремисттик чакырыктарга, провокацияларга карата убагында чаралар көрүлбөдү, бул жагынан күч органдарын сындагандарда жүйөө бар. Андай көрүнүштөргө убагында чек коюлбагандан кийин, демек, ал эртели-кеч сөзсүз 7-8-августтагыдай  кандуу кагылышуу  менен аяктамак.

 

- Атамбаев: “Жээнбековду мен президент кылгам, ал менин ыгымдан чыкпай, айткандарымды аткарышы керек эле”- деген күйүттө жүрүп ушул абалга жеттиби же... 

 

- Ырас, Сооронбай Жээнбековдун президент болуп шайланышында Атамбаевдин эмгеги чоң, аны тана албайбыз. Ал Жээнбековду ачык колдоду, КСДПдан талапкер кылып көрсөттү, алы жетишинче сүрөдү. Бирок, Жээнбековду эл да колдогондугун, таза, ачык шайлоодо эл шайлагандыгын да эстен чыгарбоо керек. Айрыкча Түштүктүн эли аябагандай чоң колдоо көрсөтүштү. Маселен, Жээнбеков бир эле Кара-Суу районунан 110 миңге жакын добуш алган. Бул деген Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарынан  алгандарын бириктиргенден да көп дегенди билдирет. Биринчиден, Сооронбай Жээнбековду Алмаз Атамбаев президенттикке сунуштап, анын жолун ачты, ал чындык. Экинчиден, элдин колдоосу менен шайлангандыгын, анда түштүктөгүлөрдүн добуштары чечүүчү роль ойногондугун ачык айтышыбыз керек.

 

Алмаз Атамбаев: “мен ага жыйырма жылдай убакыттан бери өзүнө дагы, бир туугандарына дагы жакшылык кылсам, анан мени ушул абалга алып келеби, ыктыярымдан чыгып кетеби” дегенде жөн эле күйүп кетти окшойт. Анткени, “Кыргызстандын мындан аркы ички, тышкы саясаттары, кадрлар маселелери мен ойлогондой, каалагандай болот” деген ишеним биротоло анын канына сиңип калган экен. Аны убагында саясатчылар, серепчилер гана эмес, окумалдардын көпчүлүгү “Жээнбеков Атамбаевдин саясатын улантат, ыгынан чыкпайт” деп айта, жаза беришип ишендирип да салышты. Адам деген тез өзгөрөт экен, эми алар: “Жээнбеков туура кылды, ушундай жол менен кетиши керек эле”- деп жазышууда. Мен бул боюнча оюмду “Багыт” газетасынын 23-сентябрь 2017-жылдагы санында: “Сооронбай Жээнбеков А.Атамбаевдын 6 жылдык ишинин жакшы жактарын улантып, кемчилдиктерин эске алып, жаман жактарын кайталабай ишин улантат деп ойлойм”- деп жазган элем. Чынында эле азыркы иштеп жаткан президент элдин талабын аткарып, коррупцияга каршы аёсуз күрөшүп келе жаткандыгына күбөбүз. Бирок, Атамбаев жакшылап ойлонбоду, өзү тандаган кадрлар кийин өзүнө каршы чыккан учурлар тарыхта толуп жатат. Аны акыл-эстүү, тажрыйбалуу адамдар өзгөчө трагедия катарында деле кабылдашпайт. Егор Лигачёвду Михаил Горбачев БКга катчы, партиядагы 2-адам кылган. Лигачев Борис Ельцинди алып келген. Кийин үчөөсүнүн жолу үч тарапка элдешкис, кошулгус болуп кетти. Алардын бири-бирин боктоп, шыбагандыгын деле окуганыбыз, укканыбыз жок. Саясат деген ошондой болот экен да. Апсамат Масалиевди Турдакун Усубалиев жыйырма жылдан ашык колдоп, өстүрүп келген. Кийин экөө эки тарапта калышты, бирок бири-бирине бир да ачык жаман сөз айтышпады, ичтеринен бири-бирин жактырышпаса да сырттарынан билгизишпеди, тирешпеди. Жогорку Кеңеште депутат болуп катар иштеп жүрүштү. Чыныгы улуу адамдар ошолордой өз ордун билип, ошого жараша  жүрүшөт экен да. Атамбаевде да ошолордой нарк насил менен жүргөнгө аракет кылганга шанс бар эле, бирок анын анткиси келбеди. Өзүн өзү шерменде кылды.

 

- Азыр айрымдар Атамбаев Кой-Таштагы хан сарайында баррикадаларды куруп, куралдарды чогултуп, “атамын, кыйратамын” деп жатканда неге Арашандык, Чүйлүк аксакалдар унчугушпады, жергиликтүү бийликтегилердин деле эл арасында түшүндүрүү, ынандыруу иштерин жүргүзүшкөнүн көргөнүбүз жок” деп жатышат. Чын эле майрамдарда, мааракелерде телерадиолор акыл айтып, куттуктагычтардан, ынтымак-ырашкерликке чакыргандардан  бошобой калат. Неге Атамбаевге ынандырарлык акыл айтып, жакшы жолго түшүргүдөй нускалуу аксакал карылар  табылбады?

 

- Мен Топчубек Тургуналиевдин: “Атамбаевдин чатагында жергиликтүү аксакалдар, бийликтегилер таптакыр кайдыгер болуп туруп алышты”- деген сөзүнө толугу менен кошуламын. Чындыгында эле аны жаштайынан жакшы билген курбу-курдаштары, айылынын, жалпы Чүйдүн аксакалдары, коомдук уюмдарынын жетекчилери, эл башкарып келген жана жүргөн абройлуу адамдары чогулуп барышып, кайра-кайра ынанымдуу сөздөрүн, акыл-насааттарын айтышса, мүмкүн, мындай болмок эмес. Мен деле аксакал катарында бул окуяда Чүйдүн гана эмес, жалпы Кыргызстандын аксакалдарынын мүчүлүштүктөрү болгондугун сезип турам. Кыргызстандын жети дубанынын аксакалдарынан өкүлдөр чогулуп Кой-Ташка барып, калыс сөзүбүздү айтып, сабырдуу болууга, мыйзамдан чыкпоого чакырсак болмок. “Кемигинде да, керкисинде да бар” дегендей, бизден да кеткендигин канчалык кейиштүү болсо да мойнубузга алуубуз керек. Энелердин сөздөрү таасирдүү болот, алар да барып, акыл-насааттарын айтышса, жакшылыкка чакырышса, ашыкча болбойт эле. Анан анын жанында жүргөн  Карамушкина, Артыков, Кодураңова, Мадеминов, Орозова деген депутаттар жана Жолдубаева сыяктуулар кимде канча күнөө бардыгын, өлкөдөгү ички жагдайды жакшы билген тажрыйбалуу саясатчылар эле. Алар реалдуу кырдаалга негизделген калыс сөздөрүн айтып, аны сабырдуулукка чакыргандын ордуна бир жактуу сүйлөп, аны көкүтүп туруп алышпадыбы. Андай жол менен эмнеге жетишебиз дегендерин түшүнбөйм. Бул жолу эл да, чындык да Атамбаев тарапта эместигин, ал баары бир утуларын айылдагы карапайым адамдар деле билип турушкан. Ирина Карамушкина болсо ортодо эле өзүнчө “Атамбаев эч кандай конструктивдүү сүйлөшүүгө, компромисске барбайт”- деп сайрап  жүрдү. Атамбаев антип айтса, айткандыр, бирок аны ырбатып, күчөтүүнүн ага кандай пайдасы бар эле?

 

Азыр баарыбыз 7-8-августтагы окуяларга күйүп бышып, тиги тигиндей, бул мындай кылыш керек эле деп жатабыз. Анын материалдык чыгымдары да аз болбоду: ондогон машиналар, көчөлөрдөгү 30га жакын видеокамералар, бир катар маанилүү жайлардын терезелери  талкаланды. Ошол күндөрү  мурдагы учурлардагыдай талап-тоноолор болобу деген кооптонуу күчөдү, айрым чоң дүкөндөрдүн ээлери товарларын үйлөрүнө, кампаларга ташышты. Бир жарым миңдей адамдан элдик дружиналар түзүлүп, алар көчөлөрдө жүрүштү. Көп адамдар “дагы эмне болуп кетет?”- деп коркуп, ооруп да калышты. Кыскасы коомдо жок жерден дестабилизация жаралды...

 

- Атамбаев  адекваттуу болбой калгандыктан ушундай окуялар келип чыкты деп жатышпайбы. Адекваттуу эмес адам өзүнүн эмне кылып жаткандыгын билбейт да.

 

- Атамбаевди “акылынан айныган”- деп жатышат, бирок айныса да аны убагында эл шайлаган, алты жыл мамлекетти башкарды. Бир катар жакшы иштер аткарылды: коомдо туруктуулук болду, шайлоо системасы бир кыйла өзгөрдү, “Газпром” бир топ көйгөйлөрдөн кутултту, спорттук жайларды курду жана салууда, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары эң жогорку деңгээлде өттү, көптөгөн социалдык обьектилер курулду. Өз сөзүндө туруп бийликти тынч жол менен убагында өткөрүп берди. Анысы чындыгында эрдик болду. Ошондон кийин саясатка аралашпай, ашыкча сөздөрдү сүйлөй бербей, коомдук пайдалуу иштер менен алектенип жүрө берсе, мындай болмок эмес. Бирок, ал экс-болору менен эле агрессивдүү түрдө С.Исаков аркылуу башкаруу, кадрларды жайгаштыруу иштерине аралаша баштабадыбы. Президент Сүйүмбаевди олуттуу кемчиликтери үчүн кызматынан бошотсо, А.Атамбаев Сапар Исаковду кысымга алып, аны андан чоң кызматка койдурду. Райым Матраимовду жүйөөлүү негиздеме келтирбей туруп оор берене менен кызматынан бошоттурду. Ошолордун баары абалды курчутуп, элде да ага карата терс маанайды күчөттү. Эл мурдагылардын кийинки жетекчилердин иштерине кийлигишкендерин каалабайт, ар ким өз жолу менен кетсин дейт. Атамбаев мына ушуну, атасынын бийлигин өткөрүп алган бала да  өз жолу менен кетээрин, антпесе тез эле карама каршылыктар пайда болорун түшүнбөдү.”Элдин эгеси бирөө болсо - биригет, өнүгөт, экөө болсо - бөлүнөт, бүлүнөт” деген илгертен калган сөз бар. Аны Атамбаевдин жоругу ырастады.

 

- Атамбаевге, анын үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык ондогон обьектилер, банктарда толуп  жаткан эсептер бар экендиги жарыяланды. Алар жөнүндө эмне дейсиз?

 

- Аксакалдык калыс сөзүмдү айтсам, сотто далилденмейинче мен андай нерселерге өтө эле этияттык менен кароо керек деп ойлойм. Көз карандысыздыктан берки окуялар мени ошого үйрөттү. Акаев кеткенде Данияр Үсөнов жетектеген комиссиянын мүчөлөрү ага таандык 73 кыймылсыз мүлк аныкталды, ал эми Бакиев качканда 47 обьектисин таптык дешкен. Мындай маалыматтар убагында дүңгүрөп, башкалар туралуу деле айтылганы менен аягында эч кандай жыйынтык чыкпагандай эле болуп калгансыды. Сотто алардын канчасы далилденди? Көбү эле соттук кароолордо ырасталбай калып жатпайбы. Атамбаевдикин да сот аныгына чыккыча күтө туралы.

 

- Тополоңго аралаш Өмүрбек Бабанов жетип келди. Ал ушуну эле күтүп турса керек...

 

- Эмне дебейли, Бабанов президенттик шайлоодо 600 миңден ашык добуш алган. Бул оңой нерсе эмес. Анын убагында кырдаалды татаалдаштырбайын деп Кыргызстандан кетип калганы туура болгон, айрымдар айтып жүргөндөй бул анын коркоктугунан эмес болсо керек. Бирок, азыр айрымдар анын “мен мындан ары саясатка аралашпайм” деген сөзүн кармап, “жигит деген сөзүндө туруш керек” деп кинээлеп жатышат. Ага мен анча деле кошулбайм, саясатка аралашса, аралаша берсин, бирок ага чейин өзүнө карата козголгон эки кылмыш ишти аягына чыгарып, бир жаңсыл кылып  алуусу зарыл. Куйругуна илинип жүргөндөрдөн арылбай  жатып, саясатка кантип аралашат? Кыргызстанда кичине эле саясый туруксуздуктун белгилери байкалса, анын “келемин, Ала-Тоо аянтында он миңдеген адамдын катышуусунда митинг өткөрөм”- деп опурулса, аны мен абдан урматтаган, сыйлаган, компотенттүү депутаттар Кенжебек Бокоев менен Руслан Казакбаевдин жана башкалардын “Бабановдо эч кандай күнөө жок” деп андан бетер күүлөшүп, саясый кырдаалды оорлотууга шарт түзүлүп жаткандыгын байкабай аткандары туура эмес деп эсептеймин.

Ал келээри менен митинг өткөргүдөй сүргүндө же куугунда жүрүптүрбү? Өз ыктыяры менен кеткен, эки кылмыш иши мойнунда турганда аргасы  жок кайра келсе керек деген пикирдемин. Анда салтанат кылгыдай же мактангыдай деле эч нерсе жок.

 

- Мындан ары коомдо саясый туруктуулукту, мыйзамдуулукту бекемдөө үчүн эмне кылуу керек?

 

- Айтылган окуялар укук коргоо жана күч органдарынын иштеринде көптөгөн алешемдиктер бардыгын көрсөттү. “Ооруну жашырса, өлүм ашкере кылат” дегендей, кадрлардын начардыгы көрүнүп калды. Кадрлар маселесинде жаңы бийлик кызматына коюлуп жаткандарга да, иштей албагандарга да карата жердешчилик, тууганчылык, уруучулук, тамыр-сөөктүк, тааныштык жактарына карабай, чечкиндүү жыйынтыктарды чыгаруу зарыл. Эл бир нерселерди билип айтат, эл арасында айрым кадрлар боюнча терс сөздөр көбөйүп баратса, анын абийири биротоло айрандай төгүлүшүн күтүп отура бербестен, убагында эле жыйынтык чыгарып туруу  керек деп эсептеймин. Мени мурда майлуу-сүттүү кызматтарда узак жылдар бою район-область-республикалык деңгээлде жетекчи болуп жүргөндөрдүн, байлардын балдары гана эмес неберелери да азыр, бийлик чөйрөсүндө көбөйүп бараткандыгы абдан тынчсыздандырууда. Алар, мүмкүн, жакшы кадрлардыр, бирок эл андай көрүнүштөрдү мурдагыдай эле акчалуулардын балдарына артыкчылык берилип жатат деп айтат да. Ушул жагын да эске алып, этият болуу керек.

 

 

 

Маектешкен  Тынчтыкбек Бешкемпиров, Булак: “Майдан. kg” гезити