Же “Кой-Таш элдик республикасынын” лидеринин билдирүүсү жөнүндө 

 

АША чын эле айнып баратабы?

Жоболоңдуу Атамбаев 4-августта Кой-Таштагы хан сарайында сүйлөгөн сөзүндө: “Сезип турам, бул үй келечекте Кой-Таш элдик республикасынын музейи болгону турат”- деди. Биз аны алгач теледен көргөнүбүздө жогорудагы сөздөрдүн аркасынан “бул эми тамаша” деп кошумчалайбы же мимикасы аркылуу тамаша экендигин билдиреби деп күттүк эле, бирок АША антпеди, Сапар Исаковдун жана өзүнүн байлыктарындай, башкарма деген сөзүндөй эле кабагын жыйырып, олуттуу түрдө айтты. Жанындагылар кантип ойлошконун билбейбиз, бирок, ондогон чакырым алыстыкта турган биз деңдароо абалда калдык. АША мурда “мага Бишкек менен Чүй деле жетишет”- деп келсе, эми Ысык-Ата, Арашанга да таасири, сөзү өтпөстүгүн билип, Кой-Таш элдик республикасын түзүү жөнүндө пландаштыра баштаптыр. Ал республика АШАнын 2,6 гектарлык жерди ээлеген усадьбасында гана болот окшойт. Анткени, Кой-Таштыктардан же чектеш айылдарда жашагандардан андай “элдик республика” жөнүндө уга элекпиз.

 

Орустарда “эгерде мында трагедия болбосо, күлкүлүү болмок” дегендей сөз бар. Анын сыңарындай, эгерде андай сөздү алты жыл мамлекетти башкарган адам эмес, бир куудул айтса, күлкүнү келтирмек. Бирок, мурда көп жылдар бою саясатта бир партиянын лидери болуп жүрүп, алты жыл өлкөнү башкарып, азыр да анын “куткаруучусу” болгусу келип жаткан инсандын мындай дегени ыйлагыңды келтирбесе да, көптөгөн пессимисттик ойлорго түртөт. БечараКыргызстан! Мамлекеттик эң чоң кызматты ээлеп келген адамдын ою, деңгээли ушул болсо, калгандарынан эмнелерди күтүүгө болот? Кудай урган временшиктер деги кимди таап келишкен? Же алардын да инсандык обликтери, деңгээлдери ушундайбы? Же биз эбак медициналык маселеге айланган нерсени чоң саясатка аралаштырып, элди кыйнап, дүйнөгө шылдың болуп жатабызбы? Медициналык өтүшүп кеткен маселени да сөз, укуктук чаралар менен жөнгө салчу беле. Андан көрө ала каргадай кылып, аны атынан ачык айтып, тезирээкошого ылайык чара көрүшпөйбү. Акыр аягы Кыргызстан сатиралык театрдын сахнасы, ал эми эл зериккен көрүүчүлөрдөн эмес да!

           

АШАнын эң башкы душманы, айгайы - өзүнүн тили

Илгери бирөө “мындай тууган барында, душмандын деле кереги жок”- дегендей, АШАнын эң башкы душманы гана эмес, эң ырайымсыз айгагы да - өзүнүн тили. Ал сүйлөгөндө улам кийинки сөздөрү менен кийинкилерин жокко чыгарып, өзүнүн жалгандарын өзү ашкерелей берет. Бир мисал. Ал 4-августтагы сөзүнүн башында акчадан кыйналып, кичи баласынын батирин сатууга аргасыз болгонун, уйларды, койлорду санаалаштары союп жаткандыгын, өзү жаздан бери ырымга бир койдун эле канын чыгарганын айтса, төмөн жагында 30 жылдан бери эле бай экендигин, ар жылда орто эсеп менен 17-18 миллион доллардан киреше таап келгендигин балп эттирип салды. Анчадан киреше тапкан адамга баласынын 2 бөлмөлүү батирин саткандын кандай кажети бар?

 

Чындыгында АША аябагандай бай адам, анча байлыктар ага кайдан келгендиги айтылууда, жазылууда. Бай эмес адамдын эки теле, бир нече радио студияны кармап, жан сакчыларга, коргоочуларга айлык төлөп, күн санап келгендерге ысык шорпо, мөмө-чөмө таркатып турганга мүмкүнчүлүгү жетпестигин ким деле болсо билет. Бирок, ал бир эргүүгө киргенде айланасындагыларды, биздей-сиздей теле көрүүчүлөрдү, радио угуучуларды эч нерсе билбейт деп оюна келген, фантазиясы жеткен жалгандардын бардыгын урдура берет.

           

Кезектеги карандай калптары

“Мен башкарган 6 жыл аябай кыйын болду, бюджет жок, армия жок, свет жок, жол жок”- деди ал. Армия 1999-жылдан эле өнүгө баштаган, Кыргызстан өзүнүн жаңы тарыхында АШАнын тушунда электр энергияларын импорттоочуга айланды, “Боомду да мен биринчи жасаткам, кийин Кочкорго бурулчу жолду да мен жасаткам” дегени да калп. Балыкчы-Корумду-Торугарт жолун 4 полосалуу кылып куруу боюнча Кытай менен сүйлөшүү 2008-жылда башталып, анын келишими 2009-жылы ЖКда ратификацияланган. 2010-жылга карата анын техникалдык-экономикалык негиздемеси ж.б. документтери даярдалып, каржы жагы чечилген. 2010-жылдын 7-апрелине аталган жолдун курулушунун бет ачарын өткөрүү белгиленсе, белгилүү окуяга байланыштуу ал өтпөй калган. Таластагы жолдорду реабилитациялоо да ошол убакта эле чечилип, каржы булактары аныкталган. АША ал жагынан даяр оокатка эле келген. Эми анын мурдагылардын иштерине да ээ болгусу келип, карандай калптарды ышкыртууда. Эки сөзүнүн биринде “кудайлаган” адамдын минтип ар сөзүнөкалптарды кошо бергени жөн эле жийиркендирет.

  •  

Ошентип экс-президент Атамбаев өз айылын элдик республикага, хан сарайын анын музейинеайландырам деп, элдин күлкүсүн келтирип, медициналык тийиштүү лөктөрдүчоң ойго салып койду. Биздин оюбузча, аны балдар бакчасына айландыруу эле туура болмок. Албетте, анын келечекте эмнеге айланары көп жагынан атайын кызматтардын, медиктердиништерине жараша боло тургандыгы айтпаса да түшүнүктүү деп ойлойбуз...

 

 

Булак: “Майдан.kg” гезити

Тема: