Мындан анын өзүнүн гана эмес, жакындарынын, айланасындагылардын келечектери кымындай да кызыктырбай тургандыгы, аларга эбак кол шилтеп салгандыгы көрүнүп калды.

 

 

АША Телибайчылыгын дагы бир жолу ырастады

Ушул жылдын 24-июлунда Алмаз Атамбаев Москвага барып, Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуп келди. Аны В.Путиндин эмнеге чакырып, бир сааттай сүйлөшкөнүнүн себеби чоң саясаттан аздыр-көптүр кабары бар кимге деле болбосун түшүнүктүү болуп турат. Алмаз Атамбаев Кыргызстанга гана эмес, Россияга да байланышкан бир катар конфиденциалдуу маалыматтарды билет. Россиянын президенти мурдагы коллегасын ал маселелер боюнча ар нерселерди сүйлөп жибербешин, анан экстей болуп тынч жашоосун эскертип, АША ал үчүн өткөн этап экендигин, эми өзү Кыргызстандын аракеттеги президенти менен гана иштешерин билдирип коюу үчүн чакырып, ауденцияга арзытканы В.Путиндин кыскача комментариясында маалым болду. Негизгилери ушулар, бирок башка сөздөр болгондугу да шексиз. Мында белгилеп кетчү нерсе, атайын кызматтардан чыккандар досубу, душманыбы, ким болбосун бир жолу гана жакшылыкча сүйлөшөт, экинчи эскертишпейт, конкреттүү чара гана көрүшөт. Бул жагын АША жана анын айланасындагылар өздөрүнүн кызыкчылыктары үчүн да болсо, көңүлдөрүнө бекем түйүп алуулары ажеп.

 

Бирок, тилекке каршы, АШАнын Кант авиабазасынын чыга беришинде журналисттерге берген интервьюсуна караганда, анын В.Путиндин жолдоштук эскертүүсүнөн, кеңешинен жыйынтык чыгарайын деген кенедей да ою жок. “Азыр мейли Путин, мейли Трамп Жээнбековдун айланасына биригүү жөнүндө айтпасын, ага кеч болуп калды, анын убагы өтүп кетти”- деп, Ички иштер министрлигинин тергөө башкармасынын чакырыгына мурдагыдай эле барбай тургандыгын, Жогорку Кеңештин анын экстик макамдан ажыраткан чечими мыйзамсыз экендигин билдирди. Же мурдагыдай эле Кыргызстандын бир да мыйзамына, тартибине баш ийбей тургандыгын, өзү-мыйзам, өзү-прокурор, өзү-судья экендигин, мурдагыдай эле өз билгендерин жасай тургандыгын жарнамалады. Бир сөз менен айтканда, жиндилик менен чектешкен Телибайчылыкты дагы бир жолу ырастады. Мындан анын өзүнүн гана эмес, жакындарынын, айланасындагылардын келечектери кымындай да кызыктырбай тургандыгы, аларга эбак кол шилтеп салгандыгы көрүнүп калды.

 

Чечкинсиздикти АШАчылар коркоктук катарында кабылдашууда

Укук коргоо органдарынын, жалпы эле бийликтегилердинэң чоң кемчилиги, адекваттуу эмес адамдын жоруктарын, адекваттуу түшүнөбүз дешип, өздөрү да кыйналып, элди да кыйнап жатышат. Адекваттуу эместер бир гана нерсени - күчтү гана таанышат. Башка бирөө канчалык чоң мамлекеттик чиновник болсо деле суракка бир жолу эле келбей койсо, аны ошол замат кармап барып, СИЗОго отургузуп коюшмак. Бирок тилекке каршы, укук коргоо органдары эмнегедир АШАга карата андай чечкиндүүлүктү көрсөтө албай жатышат. Ал анын мурда мамлекет башчысы болгондугунан деле эмес, ага АШАнын өлөр мышыктай тырышып, жанталаша жаңжал кылып жаткандыгы гана өзүнчө комплекс болуп жатат окшойт.

 

Эгерде маселени создуктурбай парламент АШАны экстик макамдан ажыратар замат аны СИЗОго алып келишсе, коргогону эч ким деле чыкмак эмес. Бирок чечкинсиздик көп учурда адекваттуу эместер, аларга ыктагандар тарабынан коркоктук катарында кабылданат. Укук коргоо органдарынын чечкинсиздиктери АШАчылардын пайдасына иштеп, күндөн күнгө аны коргойбуз деп жулунгандарды көбөйтүп жаткандыгын ачык айтышыбыз керек. Алар жакшы айлыктардан улам ошентип атышабы, ал башка сөз, бирок АША канча жаңжал кылып, бийлик башындагылардын бардыгын мазактаса да ага укуктук чаралар көрүлбөй жаткандыгын көрүп, айрым спорттук формадагылардынАШАны жандап акча тапкылары келе баштагандыгы телесюжеттерден байкалып калууда. Чын эле эч кандай укуктук чаралар көрүлбөй, зыяны тийбей турган болсо, АШАнын артында балтайган денени көрсөтүп коюп акча тапканга неге болбосун. Эгерде укук коргоо органдары чечкиндүүрөк болушпаса, андай экрандарда балтайган жигиттер көбөйө берет, алар көбөйгөн сайын тийиштүү кызматтардын да түйшүктөрү артат.

           

Атамбаев Путинге чындап таарынды

Владимир Путиндин кыскача комментариясы АШАга такта менен жаакка бир койгондой эле тийди, ал АШАны колдоп же жактап бир да сөз айтпады, өз позициясын билдирип, кеңешин айтып коюу үчүн гана чакырганын билдирди. Аны АШАнын Кантка келгенден кийин “мен бул дүйнөдө эч нерсеге ишенбеймин”- деген пессимисттик сөзү ырастап турат. Ал В.Путин ЖМКлардын өкүлдөрүнүн, бийликтегилердин катышуусунда, юпитерлердин жаркылдактары астында Кремлдин короосуна чыгып келип, кучак жайып тосуп алып, кызыл килем төшөлгөн жол менен колтуктап жетелеп барып, “Кыргызстандагы туткасы, эки элдин ортосундагы көпүрө сен гана боло аласың. Бийликке кайра келишиң керек. Биз ага жардам беребиз,”- деп айтат деп ойлосо керек. Россиянын жетекчилиги үчүн ал утурумдук көп жүргүнчүлөрдүн бири экендигин, алардын көздөрүнө кичинекей өлкөнүн оргу-баргы бир жетекчиси шуттардын бириндей эле көрүнөрүн, алар ага алда качан эле биротоло кол шилтеп салышкандарын адекваттуу эмес ой жүгүртүүсү менен кайдан түшүнсүн?В.Путинкыйыр түрдө ага “жакшылыкча эскерттим, келем десең, Москвадан жай бердирем, бирок менин да сөзүмдү укпай өзүң билгенди кылып, Кыргызстанды дарбыта берсең, анда өзүңдөн көр, өз убалың өзүңө, мен кийлигишпейм” дегенди ачык айтты. Бирок, АША адаттагы бетпактыгына салып, аны да адекваттуу кабылдабай жатат. Ошон үчүн АША Россиянын президенти айткандар жөнүндө ооз ачпай, “В.Путин эмес, Д.Трамп кийлигишсе да, беттегенимден кайтпайм”- дегендей долуланып алды. Бирок, В.Путин ага колун да булгабастыгын, аны тартипке чакырууга бир взвод спецназдын мүмкүнчүлүгү деле жетээрин түшүнүүгө мезгил жетти го.

 

Биздеги ички кырдаалды билбегендеринен ошентиштиби же буйрутманы аткарыштыбы?

Бирок, анын Кремлге сапары - Кыргызстанда гана эмес, Россияда да АШАнын кызыкчылыктарын жактап сүйлөгөн журналисттер бар экендигин көрсөттү. Алар эмне үчүн антип жатышат, аны боолгоого гана болот. АШАнын Россияда айрым ЖМКларга тилдери өтө турган, керек болсо сатып деле ала турган бай достору бар экендиги, В.ПутиндиАШАны кабыл алууга көндүргөндөр да ошолордун бири болгондугу эч кимге жашыруун эмес. Алардын айрымдары “Форумда” отургандардай, элдешкис эки антогонисттик саясый, моралдык позициянын, идеологиянын кагылышуусун- мурдагы эки достун ортосундагы жекече таарынычтардай, майда маселелердей, АШАнын өлкөдөгү саясый ордун, Ормон хандын тебетейиндей өтө эле чоңойтуп, апыртып көрсөтүүгө аракеттенишкендиктерин да ачык айталы. Алар Кыргызстандагы ички реалдуу абалды билбегендеринен улам да, же жөн эле конкреттүү буйрутманы аткаруу үчүн ошентүүлөрү да мүмкүн. Алсак, REGNUM агенттигинин Борбордук Азиядагы редакциясынын шеф-редактору Григорий Михайлов “Кыргызстандын азыркы бийлиги А.Атамбаев менен элдешип, анынөнөктөштөрүнүн айрымдарын түрмөдөн чыгарып, жакындарынын коопсуздуктарын камсыз кылып, өлкөдөгүкепилденген каржылык ресурстардын бирин бериши керек. АША дагы деле өзүн саясатта, коомдук турмушта, кайрымдуулук иштеринде көрсөтө алат”- деп жазды. Ал эми АШАөзүнө, түрмөдөгү өнөктөштөрүнө коюлган күнөөлөрдүн баарын жокко чыгарып, кечирим сураса гана, азыркы бийлик менен кызматташканга бара тургандыгын билдирди.Мамлекетке жүздөгөн миллиондогон доллар зыян келтирип, кылымдык афераларды уюштургандыгы үчүн эң кеминде 20 жылга эркинен ажыратылат деп жаткан адамдын мындай ультиматум койгондугу, анын реалдуулуктан мурдагыдан да алыстап, фантастикалык дүйнөгө кирипкеткендигин гана айгинелейт. Өзүңөройлоп көргүлөчү, эгерде азыркы бийликтегилер андай адам менен кызматташууга барып, анын жогоруда айткандарын же Г.Михайлов дегендейлердин жазгандарын аткарса, анда ал бийликте кандай абийир, кандай легитимдүүлүк калат? Анда бийлик элдин көзүнө АШАдан да жаман көрүнүп, биротоло бокочого айланып кетпейби? Андай бийликтин эртеңи, келечегикандай болот? АШАны мыйзамдын укуругунан арачалоо -А.Батукаевди түрмөдөн бошотуп жибергендей эле кабылданат.

 

Албетте, азыркы бийлик андай кадамга эч качан барбайт. Бирок ичте гана эмес, сыртта да азыркы бийликти андай кадамдарга барууга түрткүсү келгендер бар экендигин эстен чыгарбайлы...

 

 

Автандил Белеков,

Булак: “Майдан. kg” гезити