Улуттук статистика комитети июлда Кыргызстандын жашоочулары кайсы мамлекеттик органды эң коррупциялашкан деп эсептешээри боюнча сурамжылоонун жыйынтыгын жарыялады.

Изилдөө 2019-жылдын биринчи жарымында өткөрүлүп, ага 3,6 миңден ашуун адам катышкан.

 

Рейтинг 10дон 100гө чейинки баллдар боюнча түзүлгөн. Жыйынтык канчалык жогору болсо, коррупциянын деңгээли ошончолук төмөн. Натыйжада “эң коррупциялашкан”  мамлекеттик орган катары 18,7 балл алган Мамлекеттик бажы кызматы аталды.

 

Ошондой эле сурамжылоого катышкандардын арасынан Бишкектин тургундары дээрлик бардык маморгандарга терс баа беришкен. Ошол эле маалда аймактардын жашоочулары аткаминерлердин ишине көбүнчө оң баа беришкен.

 

Бирок Мамлекеттик бажы кызматы 25-июлда билдирүү таратып, анда изилдөөнүн жыйынтыгы менен макул эместигин кабарлаган. Ведомстводогулар жыйынтык сурамжылоого катышкандардын ар кайсы маморгандар көрсөткөн кызматтарда каршылашкан жеке тажрыйбасына таянып чыгарылган деп эсептешет.

 

“Калктын белгилүү бир бөлүгү гана бизнес процесстерге катышып, тышкы экономикалык ишмердик кылат жана Кыргызстандын бажы кызматы көрсөткөн кызматтар тууралуу билет, демек, аталган аудитория гана көрсөтүлгөн кызматтардын сапатына бейтарап баа бере алат”,- деп билдиришти бажы кызматынан.

 

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов апрелде эң коррупциялашкан маморгандарды атаган. Алардын ичинде Ички иштер министрлиги, Транспорт жана жолдор министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, ошондой эле Мамлекеттик экотехинспекция жана салык кызматы болгон.

 

Ал өзү башкарган Башкы прокуратура жана Мамлекеттик бажы кызматы бул тизмеге түшкөн эмес.

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити