Т. Акун: Зыяны баарына тийип жатат.

 

Мурдагы президенттин Кой-Таштагы иш-аракеттери акылга да, логикага да сыйбай баратат. Фантазиялары да, ойлоп табуулары  да чексиз болуп бараткансыйт. Эптеп эле короосундагы элди кармап, коомчулуктун көўүлүн өзүнө бурдуруу үчүн ушундай бир чети күлкүнү, бир чети кыжырды келтирген аракеттерди жасап жаткандыгы айтпаса да түшүнүктүү болуп  калды. Аргасыздан «…мурдагы президент түнү менен сценарийин жазып, эртеси күнү аны ишке ашырып аткан окшойт» деген ойго кептелбей койбойсуў.  «Бийлик күч колдонгону жатыптыр» дегендей чагымчыл маалыматтарды өздөрү таратып, кайра ага өздөрү реакция кылып, айтор мунун баары кырдаалды чыўалтуу максатында жасалып аткандыгын түшүнүү кыйын эмес. Ал өзүнүн жасап жаткандарына отчет берип жатабы? Ал чындап эле ушундай жолдор менен максатына жетем, жазадан кутулам деп ойлойбу? Качанга чейин бир ууч элдин артына  жашынып, аялдар менен балдарга корголойт?

 

Бул суроого Турсунбек Акун жооп берди:

 

- Албетте, мыйзам чегинде чара көрүү керек. Биринчи кезекте Алмазбек Атамбаев өзүнөн башташы керек болуп турат. Жигитчесинен өзү суракка келсин. Бүгүнкүдөй кадамдары менен ал  кырдаалды гана курчутуп, өзүнүн абалын оорлотууда. Кырдаалды чечүү үчүн мыйзам чегинде катуу чараларды көрбөсө болбой калды. Коркуунун кереги жок. Ачык конфликтти пайда кылууга аракет кылган тарап күнөөлүү болот. Конфликттик абалды  ИИМ суракка чакырса барбаган Атамбаев жаратууда. Ал чагымчылдык аракеттери аркылуу бардыгына зыянын тийгизип атат.

 

 

 

Майдан. kg” гезити