Ачуу чындык!

 

Соңку тарыхыбызда башкаруу чөйрөлөрүн “уюктап” алган “Абыке-Көбөштөр”, ар кандай “көзкамандар” Ата Мекенибиздин казына - байлыгын аёосуз түрдө талап-тоношуп, өлкөбүздү очорултуп отургузганына күбөбүз.

 

Журт башчыларынын, бектеринин, акимдеринин арасында “Абыке-Көбөш алты арамдар”, күнүмдүгүн гана ойлогон мансапкорлор, өз көмөчүнө күл тарткан кара жемсөө атка минерлер, “кой терисин жамынган карышкырлар”, колдоонун күчү менен кожо болгондор, коомун эмес, коктусун, улутун эмес, уруусун ойлогон трайбалисттер, уюшкан мафия көбөйүп, эгемендүүлүгүбүздүн белин ого бетер майыштырып турат.

 

Төмөнкү ачуу ыр саптары бекеринен жаралып, жарыкка келген жок:

 

Түйүп кой бекем көңүлгө,

Бөлүнбө кыргыз бөлүнбө.

Өлкөңдөн бир күн ажырап,

Өкүрүп калба көрүңдө.

 

Дагы айтам ушул жөнүндө,

Өзүңдөн өзүң төгүлбө.

Бөлүнсөң кыргыз билип кой,

Барабар мунуң өлүмгө.

 

Эрки жок болуп көрүнбө,

Сыймыктуу тургун төрүңдө.

Бирикпейт кыргыз дегенди,

Биригип туруп төгүндө.

БАГЫТ АЛ МАНАС ТУКУМУ,

ӨЛҮМГӨ ЭМЕС, ӨМҮРГӨ!

 

Биздин бир кайталангыс ыйыгыбыз бар. Ал ыйык нерсе - Мекен, анын эгемендүүлүгү, бүтүндүгү, тынчтыгы жана стабилдүүлүгү! Биримдигибиз, стабилдүүлүгүбүз коррупцияга, өлкө казнасын талап-тоноого, саткындыкка, мыйзамсыздыкка каршы күрөшүүнүн куралы, Ата-журтубуздан бактылуу келечегинин, бекемдигинин гаранты.

 

 

 

Советбек Байгазиев, Булак: “Майдан. kg” гезити