Социалдык тармактарда “Солтон-Сары жайлоосунда кой-эчки массалык түрдө кырылып жатканы” тартылган видеолор тарады.

Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясы Эмгекчил айыл аймагына караштуу Солтон-Сары жайлоосунан кой-эчкилердин өлүп жатканына байланыштуу клиникалык кароо жүргүзүп, жугуштуу ылаңдардын белгиси аныкталбаганын билдирди. Өлгөн малдан анализ алынганда этинде нитрат жана мышьяк бары аныкталган. Мунун негизинде малдар ууланып өлүп жатканы боюнча болжолдуу диагноз коюлган. Экотехинспекция кой-козу жапырт кырылып жатканы айтылган Нарындын Солтон-Сары жайлоосундагы сууну жана топуракты да текшерди.

Топурак, суу таза болгон соң, эл малдын жапырт кырылышын ошол аймакта алтын казуу менен алектенген кытайлык “Jhong ji Mining”  компаниясынан көрүүдө.

 

15-июлда Солтон-Сары алтын кенин иштетип жаткан кытайлык компаниянын ишине нааразы болгон 70тей киши Нарын облустук администрациясынын имаратына чогулуп, компания агын сууну булгап, мал жапырт өлүп жатканын айтышты. Алар “Jhong ji Mining” компаниясынын ишин токтотууну талап кылып жатышат. Тургундардын айтымында, жүздөй кой-козу кырылса, Экотехинспекция 30га жакын экенин айтып жатат.

 

Экотехинспекция аталган компанияны толугу менен текшерип чыгууга уруксат сурап Экономика министрлигине кат жөнөткөнү белгилүү болду. Уруксат берилсе, лицензия берүүдөн баштап анын ишмердүүлүгү, Эмгек кодексинин сакталышына чейин текшерилет.

 

“Jhong ji Mining” компаниясы Солтон-Сарыда кен казуу жана чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн Мамлекеттик геология агенттигинен лицензияны 2012-жылы алган. Анын негизинде быйыл кен иштетүүчү комбинат курууну пландоодо.

 

Сыягы, кырылган мал ошол компания иштеткен сууну ичкен окшойт. Кокус бул сууну адамдар ичип алса эмне болмок?

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити