Ай да Алеша, ай да... сын!


 

Атамбаев кимдер менен коштошту?

 

Адатта жай мезгили - саясаттагы өлүк сезон катарында эсептелет. Саясат жасоочулардын көпчүлүгү алыскы деңиздердин жээктеринде эс алып, калгандары жайлоолордо үй тиктирип, кымыз ичип, өздөрүнүн ден соолуктарын чыңдоонун  камында жүрүшсө, кайдан активдүү саясат болот?

 

Күндөлүк эрмек кылчу парламент да эки айлык өргүүгө чыгып кетти. Бирок, быйыл бизди күзгө же кармалганга чейин АША эриктирбейт, зериктирбейт окшоп калды. Мурда ар үч-төрт айда бирден билдирүү жасаса, акыркы убактарда ал ар айда бирден-экиден билдирүү менен чыга турган болуп калды. Анын сөздөрү, билдирүүлөрү күндөн күнгө агрессивдүү  болуп баратат.

 

Ушул жылдын 3-июлунда “Форумдун” алдындагы митингде сүйлөгөн сөзү да деструктивдүүлүгү, агрессивдүүлүгү жагынан мурдагыларынан калышпады, атаандаштарын, жаман көргөндөрүн мазактап, шыбоо жагынан ашып да кетти. Мурда жалпы парламентти мазактап, шылдыңдап келсе, анда “Кожобеков-чимкирик”, “аракеттеги бийлик - сокур” деп конкреттүү адамдарды мазактаганга өттү. Биз АШАнын ал сөзүнө төмөндө кеңири токтолобуз, мында мурдагылардан өзгөчөлөнгөн негизги нерсеге окурмандардын көңүлүн бурсак, 3-июлда эмнегедир ал “жакында 63кө чыгам, кудайдын мунусуна да ырахмат, ушу жагы деле жетишет” дегендей мааниде, жакындары, айланасындагылар менен коштошуп жаткандай сүйлөдү. Ал анын адаттагыдай адашып кеткен сөздөрү болдубу же анын артында жакшылап ойлонулган бир нерсе барбы, ал тууралуу так айта албайбыз, эмнегедир ал бизге бардыгына даярдыгын билдирип, коштошуп жаткандагыдай таасир калтыргандыгын ачык айтышыбыз керек. Андай таасирдин бекемделишине анын өлүмдөн коркпой тургандыгын бир нече жолу кайталагандыгы да кошумча болду окшойт.

 

Алкымдары чоң жаштар эмес, колдору таза баштуулар башкарышы керек

 

АША пайгамбар жашына келген адам, бирок каратып туруп эле калптарды урдура берет. Алсак, “Айкөл Ала Тоо” бирикмесинин мүчөлөрү эки жылдан бери Мээрбек Мискенбаев деген эменин, алардын жыл сайын берилчү 2 тоннадан көмүрүн, 7 гектар бактын, ондогон гектар жерлердин түшүмүн 6-7 жыл бою өз кызыкчылыгына жумшап келгендигин, анын ар кимдерге кататтаткан бир нече үйлөрү, машинелери бардыгын  айтып жүрүшөт, ал боюнча кылмыш иши да козголгон, Сапар Исаковго кандай оор айыптар коюлуп жаткандыгы да маалым, бирок АША ал экөөсүн жерге-сууга тийгизбей мактап, Кыргызстанды ушулар жыргатмак, алардай жаштар бийликтин эң башына келсе эле аршиндеп өнүгүп, байманабыз ашып кетмек дегендей демагогияларды жарнамалагандан жадабайт. Бул жолу ал Сапар Исаковду кирсиз “аппак” нерсеге салыштырды, Мискенбаевин мамлекеттин, элдин кызыкчылыктарын ойлоп жүрүп, өзүнө батир да кыла албаган ашкере ак жүрөк деп мактады. Бирок, “аппактардын” арт жагынан камандардын эмес, крокодилдердин баштары чыгып жаткандыгын  эске албады. Сыягы, ал АШАнын кыйыр түрдөгү “мен жөнүндө билгендериңерди айтпагыла” деген эле чакырыгы окшойт.

 

Бийликке жаштар келсе эле, баарын жыргатып жиберишет дегени да Кыргызстандын жаңы тарыхындагы реалдуулукка сыйышпаган калптардан. Көз карандысыздыктын алгачкы жылдарында жаш окутуучулар, аспиранттар  министр, вице-премьер, премьер, губернатор болушуп, эл чарбасынын бардык тармактарын ээлешкен. Андан Кыргызстан жыргап кеттиби? Жок! Алар мамлекеттин, элдин байлыктарын жоо чапкандай талашты, тоношту, өнөр жайды, айыл чарбасын биротоло кыйратышты. Ачыгын айталы, андай жаштардын “реформаларынан” өлкөбүз алиге чейин өзүнө келе албай жатат. АША жаш реформаторлор деп алып келген Э.Сариева, С.Исаков, А.Калиев, А.Салянова, И.Жолдубаева, А.Сегизбаев дегендеринин кылгандарын көрдүк. Кудай Кыргызстанды ыйман, ынсап дегенди билбеген мына ушулардай жаштардан сактасын! Өлкөнү жулкунуп жутунган, канча жешсе да тойбогон, алды-арттарын ойлонбогон алаңгазар жаштар эмес, ыймандары бүтүн, элди, мамлекетти ойлогон, тиш каккан  баштуулар башкарышы керек. Ал эми АШАнын аракеттеги президентке тийишип, “сен деле алтымышка келип калдың, ордуңду жаштарга беришиң керек”- дегени жөн эле ич күйдүлүк. Чоң саясатта алтымыш жаш -  балалык курак катарында эсептелет, аны АША деле жакшы билет, бирок, күйбөгөн жери күл болуп, аалеми ашып, алдастагандыгынан улам ошондой негизсиз сөздөрдү айтып жатат.

 

АШАнын “азыркы бийликке бүт Кыргызстан нааразы, булар Бакиевдин жолу менен баратышат, Түштүк Кыргызстан Республикасын  түзүү ойлорунда бар, өлкөнүн келечеги боло турган жаштарды жөн эле камап жатышат”- дегени да ич күйдүлүктөн айтылган сөздөр. Азыркы бийликтегилерге АШАнын айланасындагы бир нече адамдан башкалардын баары ыраазы, “Бакиевчилерди азыркы президенттин Оштон заматта кууп чыккандыгын” АША өзү убагында ыр-жомок кылып айтып жүргөн, ал эми Россиянын белгилүү бир эксперти айткандай, Кыргызстандын түштүгүнөн чыккан саясатчылардын арасында ар кандайлары болушу мүмкүн, бирок  сепаратисттик идеяларды  жактагандарын табууга мүмкүн эмес. Ал аймактын элинин тарыхый, менталдык, географиялык ж.б.  өзгөчүлүгү менен түшүндүрүлөбү, же башка себептери барбы, ал жөнүндө айта албайбыз, бирок  кыргыз саясатчылары, журналисттери шилтеме жасаганды жакшы көргөн атактуу геосаясатчынын  көп жылдык байкоолорго негизделген көз карашы ушундай. Тилекке каршы,  “мага Чүй менен Бишкек деле жетет...” деген саясатчылар  ушул жактардан чыгып келишкени, чыгып жатышканы да факты.

 

Биримдикти айтат да, трайбализмге чакырат

 

АША элдин, мамлекеттин биримдиги, бүтүндүгү, тынчтыгы баарынан кымбат экендигин кайталаганды жакшы көрөт. Ал үчүн ал - демократия, адам укуктары, маалымдуулук дегендей эле кооз дүжүр сөздөр. Ал эми чындыгында элди аймактарга бөлүп, мамлекеттин бүтүндүгүнө доо кетирүү жагынан ал Кыргызстандын душмандарын да алдына салбай тургандыгын жакшы билебиз. Аларды кайталоонун кажети жок. Бул жолу да ал “аракеттеги бийлик Бакиевдердин жолу менен баратат, элди бөлүүдө, эл кор болуп жатат”- деп айгай салуу менен “силер мени колдоп көтөрүлбөйсүңөрбү, жердештик деген, туугандык деген сезимдериңер кайда” деген маанилерде айланасындагыларга кыйыр чакырык таштагандыгына күбө болдук. Бакиевдер атаандаштарын ачык коркутушуп, ага да болбогондорун өлтүртүшсө, АША отуздан ашык саясатчыны өзүн сындагандыгы, кылмыштарын ашкерелегендиги үчүн каматкандыгы, журналисттерге жалпысынан 50 миллион сомго жакын доо коюп, батирлерин камакка алдырып, өзүнө жакпаган ЖМКларды каржылык жактан муунткандыгы айтылып, жазылып жатпайбы. Чындыгында Бакиевдердин жолу менен шыдыр кетип, коррупцияга негизделген коррупциялык криминалдык үй-бүлөлүк башкаруу  орноткон өзү. Эл арасынан ким: “мен кор болуп жатам?”- деп айтат? Кармалгандардын, камалгандардын жакындарынан андай сөздөрдү айта тургандар чыгышы мүмкүн. Анткени, уурдалган миллиондорду тарттырып, алдырып жаткандар өздөрүн бактылуубуз дешпеши түшүнүктүү. Бирок, миллиондогон адамдар башынан аягына чейин коррупциялашып, баңгибайчылыкка айланган, өйдүк-сөйдүк башкаруудан кутулгандарына сүйүнүшүп, жеңилдешип, өэдөрүн эркин сезишип, мурдагы бийликтен калган коррупциянын тамырларын түп тамырынан жулууну талап кылышууда. Азыр мамлекеттин машинеси элдин кызыкчылыктарын, талаптарын камсыз кылууга чындап бурулуп, эл өзүн зор сезе баштаган убак. Алар баңгибайчылыктын коррупциялык саздарын ойлогондо, жүрөктөрү зырп этип, кудайдан ал мезгилдин кайра кайрылбасын тилешери турган иш.

 

АША бардык мамлекеттик органдарга каршы

 

АША мамлекет башында турган убагында бир-эки ирет “экинчи мендей күчтүү президент  чыкпайбы деп корком” деп айткан. Ал өзүн жанда жок күчтүү саясатчы, харизмалуу жетекчи катарында эсептечү. Экске айлангандан кийин өзүнө кудайдын куту түшкөндүгүн, аны Арашандыктардын бардыгы билишерин айтып келет. Ал жаратканды да жөн эле “кудай” дебейт, жалгыз өзүнө таандык, менчиктештирген заводдорунан бетер “кудайым” деп сүйлөйт. Аталган митингде да “кудайым мени коргойт, мен жардамга анча деле муктаж эмесмин” дегендейди айтты. “Айрымдар мен чакырбасам деле келип жатышат, келгенден кийин кет деп айта албайсың”- деп букаларын, койлорун жеп, аристократтык хан сарайын булгагандардан, короосунун сыртында жаткандардан  жадай баштагандыгын да билдирди. АША жарыкчылыкта баарынан акчаны жакшы көрсө, ал эми ар жактардан ар кандай жолдор менен топтогондору күнүгө миллиондоп кетип жатса, антпегенде кантет? Эгерде күзгө чейин эркиндикте калса, баарын четке жыйыштырып аштап, кел дебесе деле келип жаткандар менен “мен силерди чакырдым беле?”- деп жаңжалдашканга өтүшү да толук мүмкүн. Анткени, мурда ал жалгыз аракеттеги президентке гана нааразы болсо, азыр  бүткүл коомго өзүн каршы коё баштады. Ал эми коомго жалданма сакчылар, дүжүр митингчилер жана  штаттык тамак жегичтер да кирет.

 

Анын ою боюнча, аракеттеги мамлекет башчысы отставкага кетип, ордун “апакай Сапар Исаков менен Мээрбек Мискенбаевге, аппактагы алардан калышпаган Айбек Калиевге окшогондорго бериши” керек. Аны менен бирге парламент өкмөт, АКС, УКМК, Башкы прокуратура же анын айланасындагылардын кылмыштуу иштерин тергеп, тескеп, соттоп жаткандардын бардыгы отставкага кетип, АША жактырган тизмедегилер алардын ордуларына келүүлөрү зарыл. АША элдик өкмөт, элдик бийлик дегенди өзүнө кыңк этпей кызмат кылуу деп гана  түшүнөт. Бирок, ал мезгил эбак өтүп кеткендигин, эми жер сабап, жүз ирет долуланса да ал мезгил кайра келбестигин, бийлик, коомчулук ага жол бербестигин гана түшүнгүсү келбей жатат.

 

Анын “бийлик күзгө жетпейт, кыйрайт”- дегендерин өзүнүн келечеги жөнүндө айткандары катарында гана кабылдашыбыз керек. Чын эле агониядагы Атамбаевшинанын күзгө жетиши эң эле кыйын.

 

 

 

Автандил Белеков, Булак: “Майдан. kg” гезити