Парламент “аксак өрдөктүн” кейпин кийди. Таркап кеткени оңбу?

 

- Жогорку Кеңештин депутаттары жайкы эс алуга таркап кетишти. Эл өкүлдөрүнүн кайсы иши сиздин купулуңузга толду? Эгерде сизге алардын кайра келип иштешин же иштебешин чечүү мүмкүнчүлүгү берилсе, кайсы жолду тандайт элениз?

 

 

- Жогорку Кеңештин депутаттары жайкы эс алууга Жогорку Кенештин регламентине ылайык кетишти. Кармалып, “кайсы бир маселелерди чечебиз, аягына чыгабыз”, деп иштей беришсе: “Кыйратып жибергенсип, булар жайкы каникулга эмнеге кетишпейт? Кандайдыр бир кызыкчылыгы бар.

 

Матраимов акчасын төлөп берди да”,- деп бир эле адам жазып койсо, көптөр: “Туура айтасыз! Сиздей акылман адам Кыргызстанда аз. Сиздей адам президент болуш керек”,- деп жазып колдогон сабатсыздар четтен чыгышмак.

 

“Раим-миллиондун иши боюнча аягына чыгыш керек болчу”,- деген билермандар болбоду беле. Бирок депутаттар базаркомдор болгону менен, тергөөчү эмес да. Жогорку Кеңеш тергөө органы эмес, мыйзам чыгаруу орган экенин депутаттар да түшүнсө, улам эле тергөө комиссияларын түзө коюп, органдардын иштерине, прокуратуранын иштерине кийилигишпей, мыйзам чыгаруу менен алектенсе, ЖКнын артынан жаман ойлор азаят эле. “Эл өкүлдөрүнүн кайсы иши сиздин купулуңузга толду?”- деген суроого, мындай деп жооп берет элем: депутаттар коркушту дейбизби, сатылып кеттишти дейбизби, Атамбаевдин тегерегиндеги чоң коррупционерлерди камаганга жол ачып беришти. Дагы бир тарыхый жасаган иштери – Атамбаевден кол тийбестикти алып коюшту. Эми ошол ишти бийлик актап, Атамбаевдин үстүнөн кылмыш ишин козгоп, тарыхыбызда болбогон албан коррупционер Атамбаевди жоопко тартса, “бийликтин эл үчүн жасаган иши”,- деп ошонусун айтат элек. Азыр болсо карапайым элде: “Жээнбеков Атамбаевден коркуп, камабай жатат”,- деп эле айтылып жатпайбы…

 

Эгерде мага алардын кайра келип иштешин же иштебешин чечүү мүмкүнчүлүгү берилсе, мен алар келип иштей берсин деп айтпаска айлам да жок болот эле. Ушул депутатат сөрөйлөрдү эл менен мен да тандап, добушумду бергем. Партия лидерлери тизмелеринин башына нормальныйларды коюп, кийин алардын ордуна базаркомдорду алып келишет деп ким ойлоптур? Булар биздин тандообуз - парламентти таратып жибербегенден кийин, биз “кыңк!” эте албайбыз. Келип, сахнага чыккансып, трибунага чыгып, элди күлдүрүп, көп жерден күйдүрүп жүрүшөт да...

 

 

 

 

Чынайым Кутманалиева, Булак: “Майдан.kg” гезити