"Мыйзам баарына бирдей, АША үчүн да!"

 

- Жыгылган адамды тепкилегим деле келген эмес, бирок, досторум улам сурап жаткандыктан, өз оюмду айтып коюуга туура келди.

 

Мыйзам баарына бирдей, АША үчүн да!

 

“Мен буларга ишенбейм, ошондуктан мамлекеттик органдардын талабын аткарбайм”- деген принцип туюкка гана алып барат, мындай шартта укуктук мамлекеттен дайын жок калат.

 

Сот реформасын АША өзү жүргүзгөн, муну ал бир топ жолу баса белгилеп айткан. Судьяларды дайындаган да өзү. Кылмыш куугунтугун жөнгө салган мыйзамдар да анын аппаратынын активдүү ишинин жыйынтыгында кабыл алынган, бул жагдай менен ал дайыма сыймыктанып келген.

 

АШАны кол тийбестиктен ажыраткан парламент өзүнүн жетекчилигинде түзулгөн, бул жерде комментарийлер ашыкча. Эгерде анын ӨЗҮнүн партиясы лидери үчүн күрөшпөсө, бул жерде башка кимди күнөөлөш керек?

 

Атайын кызматтар менен атышууга чакырык– бул кылмыш, бийликке баш ийбөөчүлүккө үндөөгө барабар.

 

Мен бул жөнүндө сүйлөгүм келген эмес, дарыгер деле эмесмин, бирок... Эң алды медициналык текшерүүдөн өткөрүш керек. Жыйынтыгында кылмыш жоопкерчилигине тарта турган адам деле жок калаар балким...


Мен бул киши менен 2000-жылга чейин жакшы мамиледе болчумун, чын жүрөктөн сыйлап келдим. Бирок, 2017-жылдагы президенттик шайлоодон кийин анын жаман жакка өзгөрүп кеткенин байкадым. Жүрүш-турушунда маниакалдуу бир нерселер пайда болуптур. Себеби, жакшы көргөн оюнчугун – хантактыны алып коюшту да...

 

 


 

“Майдан-пресс”, Булак: “Майдан. kg” гезити