К. Осмоналиев: 2017- жылы өзү каалаган мураскорун президент кылып “шайлап” алды! Жыйынтыгы бүгүнкү “Кой-Таш” синдрому!

 

 

Атамбаев бир гана нерсени  - аймак аралык кастыкты козутууну, өлкөнү өз жана өзгө деп бөлүүнү көздөп жатабы?

 

Ачыгын айталы, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев акыркы кадамдары менен чектен чыгып кетти. Экс-президент макамына ээ болуп турганда, оюна келгенди сүйлөп, айткан-дегендерине отчет бербей келсе, экс-президент макамынан ажыраган соң андан бетер күч алды. “Колума курал алып атышам” деп террористтер айтчу нерселерди билдиргенге өттү. Атамбаевдин андай сөздөрүн Кой-Таштагы хансарайынын короосуна чогулган бир ууч КСДПчылар, арашандыктар менен “Апрель” телеканалындагылар эле колдоого албаса, жалпы кыргыз элинин кыжырлары келип турган кез. Өлкөбүздөгү бир топ аттуу-баштуулар, саясий жана коомдук ишмерлер Атамбаевдин Кой-Таштагы аракеттерин катуу айыпташып, өз пикирлерин билдиришүүдө.

 

Профессор Каныбек Осмоналиев мындай деди: 

 

 

- Роза Отунбаева Алмазбек Атамбаевдин акыркы аракеттери боюнча билдирүү жасап, “саясий бечелдигин көрсөтүп, элди калканч кылып жатат” деген доомат койду. Бир жагынан Отунбаева туура эле айтып жатат. Бирок, ошол саясий бечел Атамбаевди 2011-жылы Отунбаева башында турган Убактылуу өкмөт президеттикке алып келген. Ал кезде эмне, байкабай калыштыбы? Себеби түшүнүктүү. 2010-жылдан кийин алар бийликти каалагандай калчап, эптеп колдон чыгарбоонун айласын издешкен жана табышкан. Ал ошол кездеги акчалуу, бирок, элди адекваттуу башкарууга жөндөмү жок Атамбаев гана болчу, алардын пикиринде. Натыйжасында эмне болду. Атамбаев хан болду, Убактылуу өкмөт аман калды. Анан 2016-жылы 31-августта Атамбаев алардын баарын “согуп” таштады! Өзү жалгыз бийледи. 2017- жылы өзү каалаган мураскорун президент кылып “шайлап” алды! Жыйынтыгы бүгүнкү “Кой-Таш” синдрому! Роза Отунбаева ушулардын баарына биринчи кезекте окумуштуу - философ жана тажырыйбалуу саясатчы катары анализ берсе жакшы болоор эле! Болбосо, эжебиздин кечээги пикири жөн эле өзүнүн жеке келесоолугунун азабынан капаска камалып калган, жаралуу Атамбаевди тепкилегендерге кошулуп алган бир “пендечилик” эле болуп калды!

 

Атамбаев 6 жыл бир топ эле калпыс иштерди жасап алды. Натыйжада, азыр алардын көбүнө жооп берүүгө туура келет. Аны баш прокуратура тергөөгө алды. Бул кылмыш иштери сотко чейин жетет. Ошондон чочулап, ал катуу коргонууга өтүп алды. Чындыгында, Атамбаев өзүн-өзү капаска камап алды. Күчтүү адамдары жүз үйрүп кетишти. Бул чоң трагедия! Ошондуктан адекваттуу эмес кадамдарга барууда. Бул туура эмес. Кудайга каниет кылып, сот иштерине катышып, адилеттикке жетип албайбы? Элди кыйнабай. Бул эркектик эмес!

 

Бийлик да элди ойлош керек. Атамбаев менен сот-тергөө органдары иштесин. Мыйзам ошондой. Азыр эки тарап тең өчөшүп алышкандай. Менимче, алар өз тагдырларын элге тапшырганы калышты. Эл анда өзү адилет чечип коет!

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити