Т. Акеров: Мурдагыдай эле ар кимге догурунуп, ар кимди кемсинтип, мазактап жүрө берем деп ойлогон.

 

Атамбаев бир гана нерсени  - аймак аралык кастыкты козутууну, өлкөнү өз жана өзгө деп бөлүүнү көздөп жатабы?

 

Ачыгын айталы, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев акыркы кадамдары менен чектен чыгып кетти. Экс-президент макамына ээ болуп турганда, оюна келгенди сүйлөп, айткан-дегендерине отчет бербей келсе, экс-президент макамынан ажыраган соң андан бетер күч алды. “Колума курал алып атышам” деп террористтер айтчу нерселерди билдиргенге өттү. Атамбаевдин андай сөздөрүн Кой-Таштагы хансарайынын короосуна чогулган бир ууч КСДПчылар, арашандыктар менен “Апрель” телеканалындагылар эле колдоого албаса, жалпы кыргыз элинин кыжырлары келип турган кез. Өлкөбүздөгү бир топ аттуу-баштуулар, саясий жана коомдук ишмерлер Атамбаевдин Кой-Таштагы аракеттерин катуу айыпташып, өз пикирлерин билдиришүүдө.

 

Саясат талдоочу Табылды Акеровдун пикири мындай: 

 

- Атамбаев акыркы “сотко барбайм, атышам, курал колдоном” деген сыяктуу билдирүүлөрү менен коркуп калганын билдирип жатат. Ал мындай болуп кетээрин  күткөн эмес. Мурдагыдай эле ар кимге догурунуп, ар кимди кемсинтип, мазактап жүрө берем деп ойлогон. Парламент аны ооздуктап, балп этмелерин токтотуп, өлкөгө кичине тынчтык алып келели деп, баары биримдикте аракет кылат деп ойлогон эмес. Атамбаев эми гана абалдын өтө татаалдашып кеткенин түшүндү. Атамбаевдин курал менен коргоном дегени да туура эмес. Анткени, ошентип олтуруп, ал эгер бир нерсе болуп кетсе, анда жанындагылардын баарынын убалына калышы мүмкүн. Бөөдө өзү менен кошо башка адамдарды да темир тор артына ала кетиши мүмкүн. Эгер Атамбаев курал колдонуп, атышып кетсе, же элди көтөрөм деп аракеттенсе, анда анын күнөөсү мындан дагы оорлойт. Жазасы дагы катуулайт. Аны ал өзү жакшы билет. Ак үйдүн 7-кабатына олтуруп алып, С.Жапаровду, Б.Талгарбеков, Б.Асанов жана башкаларды менин бийлигимди төңкөрүш жолу менен тартып алганы жатат деп, жок шылтоолор менен каматып жибербеди беле. Анда өзү да келме кезекке кептелип камалып кетиши мүмкүн.

 

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити