А. Сасыкбаева: Кылган иштерин анализдесин...
- Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө жашынып алып, “жатып өлгөнчө, атышып өлөм” таризинде позицияны карманып, бийликке атырылганы анын айла кеткендеги кадамыбы? АША өзүн сактап калуу үчүн элди бөлүп-жарып, бийликти алып түшүүгө да бараары айтылууда. Мындай шартта сиз экс-президентти колдойт белеңиз, деги эле ага эмне кеңеш бересиз?
- Биринчиден, сабырдуу болуш керек, мен экс-президентмин жана эркекмин десе. Экинчиден, кылган иштерин анализдеш керек: мамлекетке кандай зыян келтирдим, кыргыз элине кандай мамиле жасадым, абака олтургузуп өзүмдүн кызыкчылыгым үчүн канча адамдарды соттоп жибердим деп өзүнө өзү суроо бериши керек. Ошондо мыйзамдын, мамлекетибиздин, элибиздин алдында жооп берүү күнү келиптир деп түшүнүү менен кабыл алат деп ойлойм. Куралдарын мамлекетке тапшырсын. Болбосо өзүнө-өзү каршы иштеген болот.
Булак: “Майдан. kg” гезити