Чечимди 22-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.
Кримтөбөл, “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотуу жөнүндө чечим кабыл алган Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы Жапар Эрматов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына эки айга, 22-августка чейин камакка алынды.
Чечимди 22-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. Буга чейин жергиликтүү басылмалар Жапар Эрматов үй камагына бошотулганын жазып, бирок ИИМ аны четке каккан.
Быйыл майда Башкы прокуратура Жапар Эрматов жөнүндө материалдар 335-берене (“Көз көрүнөө калыс эмес өкүм же башка сот актысын чыгаруу”), 319-берене (“Коррупция”) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын кабарлаган. Сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүү ИИМдин Тергөө кызматына тапшырылган.
Эрматов Нарын шаардык сотунун судьясы болуп иштеп жатканда, 2013-жылдын 9-апрелинде Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) Батукаевдин оор дарты тууралуу материалдарын кылдат иликтебей туруп аны канааттандырып, кримтөбөлдүн Кыргызстандан чыгып кетишине шарт түзгөн деп айыпталууда. Анын чечиминен кийин кримтөбөл токтоосуз Кыргызстандан Орусияга чыгып кетип, 8 жыл 3 ай 7 күндүк жаза мөөнөтүн өтөбөй калган.
Эрматов Батукаев Кыргызстандан чыгып кеткенден үч жылдан кийин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен Нарын район аралык сотунун судьясы болуп дайындалганы маалым. Демек, ал А.Батукаевди чыгарган чечими үчүн кызматынын көтөрүлгөндүгү көрүнүп турат. Бул ага сый-урмат көрсөтүлгөндүгүнүн белгиси.
“Майдан-пресс”, Булак: “Майдан. kg” гезити