Экс-президент А.Атамбаев Жогорку Кеңештин депутаттарынын айыптоосун толугу менен четке кагууда.
Кыргызстандын Башкы прокуратурасы экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамдан ажыратуу тууралуу Жогорку Кеңештин атайын комиссиясынын корутундусун териштирип, беш айып тең негиздүү жарыяланганын билдирди.
Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун кечээ Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетинин жыйынында билдиргени боюнча, мурдагы президенттин дарегине карата айтылган беш жагдай боюнча: “Кой-Таштагы тамынын жери мыйзамсыз, кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотууну уюштурган, акча адалдаган “Ака инвест” компаниясына тиешеси бар, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупцияга аралашкан, ЖЭБге көмүр ташыган ишкананын кызыкчылыгын коргогон” деп шек саноого кылмыштын белгилери бар.
Ошол эле кезде “бийликти узурпациялап, уюшкан кылмыштуу топ түзгөн, өз режимине каршы чыккан депутаттарды, коомдук ишмерлерди, журналисттерди куугунтуктаган”- деген кинеге “Атамбаевдин түздөн-түз катышы жоктугун” башпрокурор айтууда.
Экс-президент А.Атамбаев Жогорку Кеңештин депутаттарынын айыптоосун толугу менен четке кагууда. Эми Башкы прокуратуранын жообунан кийин, бул маселе кайрадан ЖК жыйынында каралат. Окуянын өнүгүшүнө караганда, бүгүн-эртең АШАнын тагдыры толук чечилет. Депутаттар жайкы сессия алдында экс-президенттин ишин биротоло бүтүрүүгө дилгир.
Булак: “Майдан. kg” гезити