Ушул жума карапайым адамдардын уккан кулагы ишенип-ишенбеген жакшы жаңылык менен башталды.
Анткени Кыргыз Өкмөтү “өкмөт” болуп жаралгандан бери “алам” деген сөздүн ордуна алгачкы ирет “берем” деген кулакка жагымдуу сөздү колдонуп, “Жакыр жашаган жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бир жолку социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө” токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Документти Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги жакыр жашаган, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо максатында иштеп чыгыптыр. Анда мындай үй-бүлөлөргө 100 000 сомго чейин бир жолку социалдык жардам көрсөтүү, аны ишке ашырууга жыл сайын мекеменин бюджетинен 300 миллион сом бөлүү тууралуу сунуш камтылган.
Мындан тышкары жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн эмгекке жарамдуу мүчөлөрүнүн иш менен камсыз болушу үчүн бир жолку кайтарымсыз сумма берүү жөнүндө демилге да көтөрүлүп жатат.
Бирок азыркы мамлекеттин казынасы какшып жаткан учурда Өкмөт аке жөлөкпул, пенсия, мугалим, медиктердин маянасын төлөй албай жатып, ар бир жакыр үй-бүлөгө 100 миң сомдон акчаны кайдан таап берери түшүнүксүз болууда. Ал эми калктын 30 пайызга жакыны итке минген кедей эмеспи. Бул ары жагы 1 млн., бери жагы 500 миң адам. Баарынан да жумушсуздук кара тумандай каптаган учурда ошол жакырларды жумуш менен камсыз кылары СССРдин тушундагы “коммунизм курулат” деген ураанындай эле угулууда. Балким, жогор жактагылар бюджеттик кызматкерлер үчүн ойлоп тапкан “ипотека” аттуу ишке ашпаган долбоорундай убактылуу элди алагды кылуу болуп жүрбөсүн?...
Булак: “Майдан. kg” гезити