Бирок, “шашкан шайтандын иши” дейт

 

 

 

“Ата Мекен” партиясынын түрмөдөгү лидери, учурда Улуттук кардиология жана терапия борборунда дарыланып жаткан Өмүрбек Текебаев Алмазбек Атамбаевди жоопко тартуу, аны кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу сунуштар боюнча көз карашын билдирди:

 

“- Мен Атамбаевдин кыргыз тарыхындагы орду, анын келтирген залакалары так аныкталып, далилденип, элдин алдында да, соттун алдында да жооп беришин каалаган адамдардын биримин. Ага менин моралдык укугум бар деп эсептейм. Мен камалып калганыма өч алуу, таба кылуу максатында эмес, камала электе эле 2016-жылы Атамбаевдин кылмыштарын санап, импичмент маселесин көтөргөнбүз. Менин камалышымдын негизги себептеринин бири да ошол. Ошондуктан «Ата Мекен» партиясы 2016- жылы баштаган ишин аягына чыгарышы биз үчүн эле эмес, Кыргызстан үчүн да маанилүү деп ойлойм.

 

Бирок, “шашкан шайтандын иши” дейт. Мен айткам да, “мени түрмөдөн кол чабуулар менен чыгарасыңар”- деп.

 

Атамбаевди бүгүн шашып камап алып, эртең ал да кол чабуулар менен чыгышын мен каалабайм. Аны бүгүн шашып камап коюп, кийин өзү жактырбай, чанып жүргөн эл аралык уюмдарга кайрылса, алардын колдоосу менен акталып чыгып, каарман болушун каалабайм. Ошол себептүү күнөөнү коюш үчүн кылдат иликтеп чыгып, далилдерди таап, элди ынандырып, тарыхый документтерди бекемдеп, андан кийин жоопко тартыш керек деп эсептейм”.

 

 Сыягы, карт саясатчы экспрезидентти шашылыш же жогору жактын көрсөтмөсү менен эмес, мыйзамдык негизде жоопко тартууну айтып жатса керек. Айтор жакында А.Атамбаев менен Ө.Текебаев орун алмашып, бири абакка, экинчиси дүркүрөгөн кол чабуулар менен эркиндикке чыга турган болуп калды окшойт...

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити