К. Осмоналиев:  Эмки кадам президентте турат.

 

-Азаттыктын” айтылуу Райымбек Матраимов боюнча иликтөөсү коомчулукта жарылган бомбадай эффект берди. Мунун артында ким турушу мүмкүн? Журналист кимдин заказын аткарды?

 

- Райымбек Матраимовдун “ийгиликтүү феномени” көпчүлүк эле саясатчылар күткөндөй эмес экен. Анткени, бул жигиттин, негизинен, Бажы кызматын “башкаруудагы таланттарын” биринчи орунга коюп келишкен. Көрсө, ал мамлекеттик масштабдагы маанилүү фигурага айланып калыптыр. Ошондуктан анын айланасындагы ар бир “дабыш” чоң резонанстарды жарата баштады. Мени кечээги анын бир тууган агасынын теледебаттагы ишенимдүү сөздөрү менен активдүү позициясы таң калтырды. Ушундан эле билинип турат, бул бир туугандардын айланасында дагы көп “согуштар” болчудай. Алдыда парламенттик шайлоо. Ким жеңишке жетсе ошол жакынкы заманда өлкөнүн “ээси” болуп алат. Ал үчүн азыр эле түшүнүктүү болгондой, эбегейсиз көп акча керек. Райым Матраимов бай киши. Аны өзү деле экс-президентке кайрылып жатып тастыктабадыбы? Демек, бүгүнкү расмий бийликтен мындай “чоң мүшөк толо акчасы барларды” алыстатып коюу ар бир эле саясый күчтөрдүн тилектери. Алардын башында экс-президенттин командасы, кээ бир бийликке жакындай албай жүргөндөр болушу мүмкүн. Эмки кадам президентте турат. Ал ушул эле “чыңалууну” кармап тура береби же Райым Матаримовду Фемиданы колуна салып коёбу? Кыргызстандын жакынкы саясий оюндары так ушул суроонун айланасында уланчудай!

 

-Аида Салянованын, ошондой эле соттордун “серый кардиналы” Манас Арабаевдин камакка алынышы бийликтин чындап эле коррупцияга каршы күрөшүп жаткандыгынын белгисиби?

 

-Коррупцияга каршы күрөшүү өзүнүн чечүүчү фазасына келип, бирок, “таканчыктап” туруп алды. Жыйынтык элди канааттандыра элек. Ошондуктан, дагы жаңы фигуранттар камала баштады. Мурдагы прокурор менен соттордун “көмүскө пайгамбарынын” камакка алынышы бир гана максатты көздөйт. Ал экөө тең убагында экс-президенттин көздөй кишилери болушкан. Эбегейсиз көп резонанстуу тергөө-сот иштерине катышып жүрүшкөн. Экөө камакта олтуруп алышып, “сүйлөй башташса”, мурдагы бийликтин ана-башчыларына кыйын эле күндөр түшөт, го! Бирок, эл үчүн азыр бир гана суроо актуалдуу: “Казынадан уурдалган жана коррупциялык иштер менен желинген акчалар качан элге кайтарылат?”.

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити