Учур чындыгы...
“КТ Мобайл” менен Мегакомдун чыры коомчулукка көп нерсени ачыктады. Мамлекеттик компания улуттук уюлдук оператор болууга талпынган компаниянын жолун тороп, ал турмак жасалма документти интернетке таратууга жетишкен. “КТ Мобайлдын” мурдагы жетекчилиги маалымат жыйынында, документте көрсөтүлгөн ири суммадагы маяналар тизмеси так эле “Мегакомго” караштуу экенин ачыктап жана тендерден утуп алган компания өз кызыкчылыгы үчүн ушундай ишке барып жатканын кыйытышкан.
Эске сала кетсек, “КТ Мобайл” 2003-жылы түзүлгөн уюлдук байланыштын мамлекеттик оператору. Бирок, түзүлгөндөн бери ишмердүүлүгүн жүргүзбөй, ар кандай себептерден улам убакыт-саатын күтүп келген. 2014-жылы GSM стандартындагы уюлдук байланыш кызматын көрсөтүүгө лицензия алган. Аны менен катар жыштык диапозонуна ээлик кылууга укук берилген. 2018-жылы Кыргызстандагы уюлдук байланыш операторлорунун арасында тендер жарыяланып, андан утуп алган “Мегаком” соода маркасынын алдындагы “Альфа Телеком” ЖЧКсы утуп алып, “КТ Мобайл” компаниясына 345 миллион сом төлөгөн. Тендердин шарты боюнча, “КТ Мобайл” утуп алган тараптын техникалык базасын биринчи этапта колдонмок жана өзүнүн жыштыгын колдонууга бермек. Ошондо “КТ Мобайл” виртуалдуу оператор катары кызмат көрсөтөт болчу. Сыртынан караганда эки тарапка тең пайдалуудай сезилген келишим соңуна жетпеди. Орто жолдо “КТ Мобайл” планын өзгөртүп, уюлдук байланыштагы толук кандуу оператор болууну каалады. “Альфа Телеком” ич ара чырды так ушуга байлады, компаниянын маалыматына караганда, “КТ Мобайлдын” мындай амбициясы кошумча убакытты да, каражатты да талап кылат. Каражат да аз эмес, 85 миллион доллар керектелет. Мына ушуну жүйөө кылып кармаган “Мегаком” рынокко жаңы улуттук уюлдук оператордун чыгышына каршы болгон.
Чыр коомчулукка чыккандан кийин “КТ Мобайлдын” жетекчилиги кызматтан кетти. Анын жетекчисинин орун басары Эрназар Иманкадыр уулу “Ачык өкмөттүн” катчылыгынын башчысы Иманкадыр Рысалиевдин уулу, ал эми Рысалиев өкмөт башчы Абылгазиевдин бажасы экени ачыкка чыкты. Ага кошул-ташыл “Мегакомдун” директору Жамангулов И.Рысалиев тарабынан ага коркутуу болуп жатканын айтты. Рысалиев кызматтан кеткенден кийин да “Мегакомдун” директору анын ишмердүүлүгүнө кысым болуп, өзүнүн жана жакындарынын ишкерчилиги текшерүүгө алына баштаганын жарыялады. Так ушул жерден Жамангуловдун коргоочу депутаттары пайда болду. Бир катар депутаттар парламенттин трибунасынан кайсы бир жакка сес көрсөтүп, Жамангуловду апакай кылууга жан үрөштү. Аны аз жерден элдин баатырга теңеп жиберишти – “ал коррупциялык схеманын бетин ачты”! Кайсы коррупциялык схема? Эч ким тастыктаган, далилдеген жок. Ошол элде учурда Жамангуловдун “жеке менчик” коррупциялык схемасы үзүрлүү иштөөсүн улантууда.
Акыркы учурда “Мегакомдун” директору тууралуу өтө көп маалыматтар пайда болууда. Биздин жашаган коомубуз ачык-айкын, демократиялуу болгондуктан бул таң калыштуу эмес. Маалыматтар абдан кызыктуу, түз айтканда жарымы криминал, жарымы детектив. Жамангуловду жактаган депутаттар Жанар Акаев, Рыскелди Момбеков, Элвира Сурабалдиева жана Алмамбет Шыкмаматов – “Фейсбуктун” активдүү колдонуучулары, коргоосуна алынган директор тууралуу ар бир маалымат алардын да каректеринен өтүп жатат. Жамангулов тууралуу чындыкты абдан сонун билишет, бирок айтууну каалашпайт, билмексен болууну туура көрүштү. Булар өздөрүн патриот көрсөтүүгө аракеттенип, эл кызыкчылыгын башкы орунга коюшаарын дайыма жарыя кылуудан чарчабай келет. Бирок, “патриоттор” башкы нерсени унутта калтырышты. Эгер алар чындап эле мамлекеттин келечеги үчүн бюджеттен оңбогондой акчаны “уурдаган” “КТ Мобайлдын” “жүзүн ачканы” үчүн Жамангуловго болушуп жатышса, ушунча маалымат жарыялангандан кийин бирөөсүндө болсо да директорго карата шек жаралат эле да. Арасынан бирөөсү болсо да Жамангуловго “ушул чынбы?”- деген суроо узатмак. Маалыматтар арбыган сайын, жогоруда белгилегендей болгондо да детективи да, криминалы да бар өткөнү чукулуп чыккан сайын унчукпаган депутаттарга өз кызыкчылыгы үчүн директорду колдоп жатышат деген жыйынтык чыгарууга аргасызбыз. Соцтармактардагы Жамангулов боюнча маалыматтарды чогултуп, ага суроо иретинде төмонкүлөрдү жолдодук, убакыт тапканда жообун редакцияга жөнөтөөр:
1. Жамангулов өзү жарыялагандай, эмгек жолун 15 жашынан баштаган экен. Ал биринчи жолу өзүнүн атасынын менчигиндеги арак заводунда иштеп баштаптыр. 15 жаш эрезеге жете элек курак. Ошондо, бул баланын эмгегин экспуатациялоо болуп калбайбы. Акылбек Жамангулов буга эмне деп жооп берет?
2. Жамангулов жогорку билимге ээ болбой туруп фирманы жетектегени айтылууда. Ал фирма эмне менен алектенери тууралуу да маалыматтар жетиштүү. Биздин “патриот” депутаттар бул тууралуу угушкан жокпу? Угушса Жамангуловго суроо беришсе, эл чындыкты билбейт беле!
3. Жамангулов “Манас” аба майданында иштеп жүргөндө кылмыш ишинин фигуранты болгону чынбы? “Мегакомдун” директорун жан-алы калбай жактаган биздин урматтуу депутаттар балким, бул иштин да таржымалын айтып беришээр? Же таржымалын билишпейби? Кылмыш иши жөнүндө да угушкан эмеспи? Анда, Жамангуловду жактап, актап элге жаман көрүнбөй, депутаттык мүмкүнчүлүктөн колдонуп, УКМКга сурамжылоо жиберип, “Манас” абамайданындагы 200 миң доллардын уурдалышы боюнча иштин бардык материалдарын алдырышсын. Анан да ара-чолодо УКМКдан бул иштин сотко жетиши такыр эмнеге эле кыйындап жатканын сурай кайтышсын.
4. Жамангулов “Мегакомдун” директору болуп келээри менен өтө чоң суммага оңдоо иштерин баштаган. Аны тендерсиз, мамлекеттик сатып алуулар тууралуу мыйзамды карманбай эле оңдоо иштерин жүргүзүүчү фирманы өзү аныктаган. Финполиция муну билип туруп, эмнеге ооздоруна талкан салып алышкансып ушул убакка чейин унчукпай отурушат?
5. Жамангулов Кыргызстан АУБ банкынан ссуда алганы жазылды. Ал банктын ээси Өмүрбек Бабанов экени белгилүү. Ссуданы төрт жыл мурунку парламенттик шайлоонун алдында алган экен, ушул убакка чейин төлөп бүтө албай, мурдагы депутатка карызын мамлекеттик компания “Мегакомдун” эсебинен жарнамалык кызмат көрсөтүп келатканы айтылууда, бул чынбы?
6. ”КТ Мобайл” темасы боюнча, эмнеге Жамангулов тармактарды жана жыштыктарды чогуу колдонуу боюнча аукционго алгач катышып алып, андан кийин гана өкмөткө кат жазып, бул пайдасыз экенин айтып, дагы кошумча 86 миллион доллар сураган? Андай болсо келишимге кол коюнун кереги бар беле? 345 миллион сом Жамангуловдун өзүнүн акчасы эмес да, мамлекеттики болуп жатпайбы?
7. Жамангуловдун агасы кытай түрмөсүндө Кеминге цемент заводун куруу боюнча долбоорду ишке ашыруудагы уурулугу үчүн олтурганы айтылууда. Жамангулов өзү да абамайдандагы уурулук боюнча отуруп чыкканы чынбы?
Оозунан көбүк чыкканча жанталашып директорду актаган депутаттар буларды билбей калыштыбы? Дагы бир суроо – Акылбек Жамангулов эмнеге мынча улуттук жаңы оператордун пайда болушуна каршы чыгууда? Айрым маалымат каражаттарында өкмөттү жана “КТ Мобайл” компаниясын шыбап, “Альфа Телекомду” аппак кылып көрсөткөн макалалар тобу пайда болду. Анын баары “IDM Media” ЖЧКсынын аракети менен жайылтылганы кеп болууда. Маалыматтык камсыздоо багытында “Мегаком” тарабынан тендер жарыяланып, аталган фирмага 19,3 миллион сом берилгени, алар өз кезегинде саясатты курчутушканы айтылууда (ал тендер болбой калганы тууралуу да маалымат бар, а бирок каражаттын дайынсыз кеткенин дагы айтышууда). Дал ушул фирма Бабановдун Кыргызстанга кайтышы боюнча чуулганды да күчөткөн. Технология да абдан жөнөкөй – Жамангулов менен Шыкмаматов парламент жыйынында шоу өткөрүштү, а “Мегаком” жарнама берген маалымат каражаттары теманы күчөтүшүп, соцтармактарга бөлүшүп, маалыматтык чабуул жасашкан.
Депутат Жанар Акаевдин сунушу менен “КТ Мобайлдын” ишин иликтөө максатында депутаттык комиссия түзүлгөн. Айрым маалыматтарга караганда, комиссиянын ичинде дагы улуттук уюлдук оператордун кереги жок деген идеяны сиңиргенге аракет кылгандар пайда болуптур. Бул улуттук кызыкчылыкты сатуу, бул сапар көздөгөн максат ишке ашпаса, Кыргызстанда мындан ары “Кыргызтелекомдун” базасындагы базалык уюлдук оператордун пайда болушунан үмүт үзүп кое берүү керек. Жыйынтыгында эмне болот? “Кыргызтелеком” өнүкпөйт, а биз уюлдук байланыш операторлоруна ээлик кылган чет өлкөлөрдүн айдаган жагына басып калабыз. Анын үстүнө, “Мегаком” учурда сот жообунда, эртең ал кимдин карамагына өтөөрү белгисиз.
Кыргызстанга өзүнүн мамлекеттик оператору керек. Ансыз чет өлкөлүк компаниялардын туткунунда калабыз. Биздин санариптешүүбүз, өнүгүүбүз, алдыга басабызбы, же артка кадам таштайбызбы – так ошолордун чечиминен көз каранды болот.
Мына ушуларды иликтей келгенде, биздин урматтуу депутаттарыбыз эмнени ойлоп улуттук уюлдук байланыш операторунун жаралышына каршы чыгып жатышкандары түшүнүксүз. Алар өз кызыкчылыктарын ойлоо менен мамлекетке чыккынчылык кылып жатышкандыктарын түшүнүшөөр бекен?
Аэлита Сатындиева
Булак: “Майдан.kg” гезити