Акыркы 6 жылда Кыргызстанды башкарып бардык тармактарда коррупцияны гүлдөтүп, анын башында өзү турган экс-президент Алмазбек Атамбаевге сурак жакындап калды. 

 

Азиз Батукаевдин иши, Дача СУ кырсыгы, Бишкек ТЭЦи, Тарых музейи, Датка-Кемин, Чолпон-Атадагы ат майдандын курулушу, түндүк-түштүк жолу сыяктуу коррупциялык иштердин баары Атамбаевге барып такалып калды. Жакында кол тийбестиги алынган Атамбаев эми акыркы амалын максималдуу пайдаланат. Мындай шоусун Атамбаев менен Фарид Ниязов четинен баштады десек болот.

 

24-майда Атамбаевдин мыйзамсыз байыганы далилдеген жансакчысы Дамир Мусакеев “Форумда” иштейт деген бир баланы алып чыгып шоу кылды. Кайдагы бир электр өткөргөн чубалгыга белгисиз каражаттарды кошуп алып, бийлик Атамбаевди тыңшаганы жатат деп жанын жеди. Форумдун программисти ролун аткарган актеру деле ролду тыңгылыктуу аткара албаптыр. Бир көргөн адам бул Атамбаевдин эле кутуму экенине көзү жетет. Анын үстүнө акыркы кездери Атамбаев УКМКга катуу чабуул баштады. А. Атамбаев тууралуу баалуу маалыматтар бар бул органга бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүн тукурса, Равшан Жээнбеков аркылуу башка каналдар менен каралатууда. Эми болсо жансакчысына кайдагы бир актер чалышты кошуп берип шоу уюштуруп жатат.

 

Атамбаев жоопкерчиликтен качканды ойлобошу керек. Ал мүмкүн да эмес. 6 млн. элдин ырыскысын уурдап, жооп бербей кутулуп кете албайт. Элдин да кусуру урат. Анын үстүнө мамлекеттин батирлерин жакындарына таратып мыйзамды тебелеген жансакчысы да камалганы турат. Эми булар эч нерсеге карабай жоопкерчиликти гана ойлошу керек. Эл азыр Атамбаевдин шоуларына эч качан ишенбейт.

 

chalkan.org