Чатактын чоо-жайы 


Премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев өкмөттүк аппараттын жетекчилигин, Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин жетекчисин иштен алууну чечти. Буга “КТ Мобайл” компаниясынын тегерегинде түзүлгөн жагдай себеп болгону айтылууда.

 

Шамил Асымбеков өкмөттүк аппаратка башчы болуп туура сегиз ай мурда дайындалган. Кызматтан кетүү жөнүндөгү арызына ал өз каалоосу менен ушундай чечим кабыл алганын жазды. Ал эми анын орун басары Мурат Мукамбетов өкмөттөгү туугандык байланыштар боюнча коомчулукка белгилүү болгон акыркы окуялардан улам иштен алынды.

 

Ошондой эле премьер-министр Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевди да ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө сунуштама киргизди. “Бул кадрдык чечим “КТ Мобайл” ЖЧКсынын жана улуттук уюк байланыш операторун түзүүнүн, “Ачык өкмөт” улуттук форумунун катчылыгынын жетекчилигинин ишмердүүлүгүнүн айланасындагы акыркы окуяларды эске алуу менен кабыл алынды”,- деди өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгулов.

 

“Мегакомдун” акчасына “Кыргызтелекомдун” базасында түзүлө турганы кабарланып жаткан “КТ Мобайл” компаниясынын тегерегинде кызуу талкуу соңку күндөрү күч алды. Буга “Мегаком” ишканасынын жетекчиси Акылбек Жамангуловдун билдирүүсү себеп болду. Ал Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) Кыргызстан менен кошо ишке ашырып жаткан “Ачык өкмөт” долбоорунун жетекчиси Иманкадыр Рысалиев “КТ Мобайлды” тезирээк ачып, акча которууну талап кылганын, коркутуп-үркүткөнүн айтып чыкты.

 

Рысалиев премьер-министрдин бир тууган бажасы экенин өкмөт өзү тастыктады. Бул маселе парламентке чейин жетип, Рысалиев “Ачык өкмөттөн” кетти, “КТ Мобайлда” иштеп жаткан уулу да кызматын тапшырганы белгилүү болду.

 

Антсе да Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов өкмөт башчынын соңку кадрдык чечимдерин күнөөнү башкаларга оодарып, жымсалдап коюу аракети катары баалады: “Комиссиянын жыйынтыгын күтпөй эле алдын-ала “мына, күнөөлүүлөр жазаланды. Көрсө премьер-министр билбей калыптыр. Ушулар күнөөлүү турбайбы”- деп өкмөт өзүнүн позициясын сактап калууга аракет кылып жатат. Албетте, бул туура эмес. Биз премьер-министрди комиссиянын жыйынына чакырып: “Эмне үчүн моралдык күнөөнү башка бирөөгө оодара салдыңар?”- деп сурайбыз. “Күнөөлүүнү” ошентип таба салыш оңой да. Мукамбетов премьер-министрдин бажасын анын таасири үчүн кабыл алып жатты да. Ал бажасы экенин, ошол жерде баарын башкарарын жалгыз Мукамбетов эмес, өкмөттүк аппараттын баары билет экен”.

 

Ал эми Иманкадыр Рысалиев өзү коюлган дооматтарды четке кагууда. “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып ал “КТ Мобайлга” жеке кызыкчылыктан эмес, санариптештирүү боюнча президентке караштуу эксперттик топтун жетекчиси катары гана кызыкканын билдирген.

 

“Өкмөт кетиши керек” деп айтылып жүргөн пикирлер премьер-министрдин бул чечимдеринен улам ого бетер күчөдү. Бирок мындай көз карашка кошулбагандардын бири - президентке караштуу Башкаруу академиясынын ректору, профессор Алмазбек Акматалиев. Ал бир ай мурда парламенттин колдоосуна татыган өкмөттү кетирүүгө азыр негиз жок экенин айтты: “Иманкадыр Рысалиев боюнча маселе өрчүп кеткенинин бир эле себеби бар. Негизи, менин оюмча өкмөттүн иши ынандырбай жатат. Бул болбосо башка бир себеп чыкмак. Бирок ошону туу кылып көтөрүп алып “премьер-министр кетсин” деген туура эмес. Анткени бир ай мурда эле Жогорку Кеңеш өкмөттүн отчетун кабыл алды, канааттандырарлык деген баа берди. Эмоцияга берилбеш керек. Өкмөт колунан келишинче аракет кылып жатат. Бирок бул окуяны өкмөт да, премьер-министр да маанилүү чоң коңгуроо деп кабыл алышы зарыл”.

 

Рахат Кеңешова

Булак: “Азаттык” радиосу