Өзгөндө өз кызын зоруктаган ата он эки жыл алты айга кесилди.

Бул туурасында сот органдарынан кабарлашты.

 

Айтмакчы, Өзгөн районун 47 жаштагы тургуну өзүнүн он төрт жаштагы кызын зордуктагандыгын акыры моюндады. Ошондуктан, быйыл 20-январда кармалып, тергөө абагына камалган. Кызы а түгүл атасынан алты айлык боюнда дагы бар экендиги ашкереленди. Ошондуктан, ал туугандарыныкында жашап келген.

 

Бирок, айрым маалыматка караганда, кыздын атасы психикалык жактан ооругандыгы ырасталды. А кыздын апасы 2013-жылы каза тапкан экен.

 

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы