Жогорку Кеңеш депатуттары Рыскелди Момбеков, Жанар Акаев, Эльвира Сурабалдиева жана Кыргыз Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев Чоң-Алай районунун биргелешип кыдырышты.

Бул сапар парламентарий Рыскелди Момбековго кайрылышкан жергиликтүү автивисттердин демилгеси аркасында уюштурулду.

           

Аталган сапар Чоң-Алай районунун Тажикстан менен чектеш Карамык айылынан башталды. Жогорку Кеңшт депутаттары адегенде Тажикстандын Жерге-Тал районуна жакын чекара бекетин бир сыйра көрүп чыгышты. Ошондой эле чырдын очогуна айланган бул аймактагы жайытты дагы кыдырышты. Карамык кыштагынын тургундары чекара маселесине депутаттардын көңүлүн абдан катуу бурушту. Анткени, айрым жер тилкелери башка өлкөлөрдүн жарандарына энчиленип кеткен. Ошондой эле чекараларды делимитациялоо жана демаркациялоо жараянына биротоло чекит коюуну суранышты. Буга улай ичилүүчү суунун таңкыстыгы, сугат суунун тартыштыгы, жаңы каналдардын курулушу дагы көңүл сыртында калган жок.

 

Дароот-Коргон айылында дагы чекара жана социалдык-экономикалык маселелер көңүл сыртында калган жок. Жергиликтүү тургундар Кытайдын “Кайди” компаниясынын ишмердүлүгүн тыкыр текшерүүнү суранышты. Ошондой эле анын мамлекетке экологиялык зыян алып келген тарабын дагы дыкаат караштырууну талап этишти.

 

Ал эми Ачык-Суу айылындагы мектеп көйгөйү дагы көп жылдардан бери баш оорутуп келаткандыгы айтылды. Анткени, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аталган билим журту авариялык акыбалда, балдарды окутууга таптакыр мүмкүн эмес деген корутундусун жар салган. Тилекке каршы, башка мектеп жоктугунан балдар дагыле ушул опуртал жайда билим алуусун улантып жатышат. Бул айыл дагы таза сууга абдан зар! Ошондуктан, Жогорку Кеңеш депутаты Рыскелди Момбеков бул эки маселени чечүүгө өзү жардамдашаарын катуу убадалады.

 

Ал эми Жогорку Кеңеш депутаттары Жанар Акаев жана Эльвира Сурабалдиева Чоң-Алай жергесинде көтөрүлгөн социалдык маселелер тийиштүү органдарга жеткирилээрине, ошондой эле бардыгы аткарылганга дейре туруктуу көзөмөлдө болооруна чоң-алайлыктарды абдан катуу ишендиришти.

 

 

 

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

Булак – “Майдан. kg” гезити