Кечээтен баштап Бишкектин көчөлөрүндөгү дагы тогуз кесилиште “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында көзөмөл камералары иштей баштады.
Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.
Камералар иштей турган кесилиштер:Бөкөнбаев-Манас;Чүй-Манас;Чүй-Павлов;Жибек Жолу-Манас; Махатма Ганди-Боталиев;Ахунбаев-Байтик Баатыр;Жибек Жолу - Курманжан датка;Чүй-Абдрахманов;Байтик Баатыр - М.Горький.
“Коопсуз шаар” долбоору 12-февралдан тартып Бишкек шаарында иштей баштаган. Долбоорду орусиялык “Вега” концерни ишке ашырып жатат. Анын алкагында көчөлөрдүн кесилиштерине камералар орнотулууда.
Жалпы өлкө боюнча 314 көзөмөл камера-комплекстери орнотулат. 2019-жылдын аягына чейин республиканын бардык аймагында иштей баштайт.
“Коопсуз шаар” долбоору 12-февралдан тарта иштей баштады. Анын алкагында жол кырсыгы 44 пайызга азайганы айтылган.
Булак – “Майдан.kg” гезити