6-май күнү Ош шаарынын борбордук аянтында кулагы начар уккан жана дудук адамдар нааразылык акциясына чыгышты.

Аянтка чогулган элүүдөй киши жергиликтүү бийликтен өз укуктарын мыйзам чегинде коргоп берүүнү талап кылышты. Облустук милициядан билдиришкендей, дудук балдарга кол көтөргөндөр кармалып, учурда сурак берип жатышат.

 

Мурда Алай районунун Корул айылында тартылган видео социалдык тармактарда тарап, коомчулукту эки анжы ойго салган эле. Анда бул айылдын тургундары балдарды уурдап жатышат деген шек менен 3 баланы суракка алып, кол көтөрүшкөнү көрүнүп турат.

 

Көп өтпөй бул балдар чынында мүмкүнчүлүгү чектелген дудуктар экени аныкталган. Алар Ош шаарында нааразычылыгын айтып, митингге чыгышты. Айтымдарында 3 бала бейкапар Корул айылына орозо жылнамасын сатып барып, айылдыктардын дооматына калышкан.

 

Сабалган балдардын ата-энелери бул окуяны оор кабыл алышты. Анткени ур-токмокко кабылгандардын арасынан бирөө катуу жаракат алып, ооруканага жаткырылганы белгилүү болду. Митингге чыккан ата-энелер бул ишти мыйзам чегинде көзөмөлгө алып, тийиштүү адамдар жазасын алсын деген талаптарын коюшту. Жабырлануучулардын биринин апасы Сонайым Мырзаева корулдуктарга капачылыгын айтты.

 

Жабыр тарткан балдар Кара-Суу дүлөй балдар жатак мектебинен билим алышкан. Окууну бүтүп кетсе да, бири-бири менен алакада болуп, катташып турушат. Аларды окуткан Сайрагүл Самибаева мындай адамдарга колдоо көрсөткөндүн ордуна кайра аларды тепкилегени туура эместигин айтат. Андыктан видеону тартып, аны тараткан адамдарды да жоопко тартуу керектигин айтып чыкты.

 

Аз өтпөй, бул иш Ош облустук ИИБсы тарабынан көзөмөлгө алынганы жана айыпталган жарандар сурак берип жатышканы кабарланды.

 

Жабырлануучулар канчалык деңгээлде жаракат алганын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Анын бүтүмү чыкканда тиешелүү чаралар көрүлөт.

 

 

 

 

 

 

Булак – “Майдан.kg”  гезити