Өмүрбек Текебаевдин маегинин уландысы.
-2014-жылы айтымчы-монгол тыйындар менен төлгө ачып, парламенттик шайлоодо «Ата Мекенге» ийгилик жылмайбай турганын айтыптыр. Сиз буга ишенгиңиз келбептир. Анын үстүнө соцсурамжылоолор монголдун айткандарын жокко чыгарып турган. Бирок сиз монголдун айткандарын текшергиңиз келиптир…
— Ооба, аны текшерүү үчүн дагы бир тараптын пикири керек эле. Ошентип мен бизде Бакиевдин кетерин 7-апрелге чейин бир жума мурун алдын ала айтып берген көзү ачыкты эстедим. Азыр баарын айтып берем.
Бекболот Талгарбеков менен биз 90-жылдардын башынан бери таанышпыз. 2010-жылга чейин ал биздин партия менен жана башка оппозициялык партиялар менен иштешип келген. Моралдык гана жактан эмес, айрым учурларда материалдык жактан дагы колдоп, жардам берип келди. 2010-жылдын башында ал мага: «Өмүке, жакында бийлик алмашат. Бакиев кетет» -деди. Мен: «Эмнеге андай ойлоп жатасыз? Сиз кайдан билесиз? Эмнеге мынча ишеничтүү айтып жатасыз?»-деп сурадым. Ал бир аялды билерин жана ал Бакиев жакында кетерин айтып жатканын, анын айткандары дайыма туура келерин билдирди. Ал аял менен жолугуп, мени кызыктырган суроолорду берүүмдү сунуштады. Мен: «Кечирип коюңуз, мен ишенбейм»-деп баш тарттым.
2010-жылдын март айынын башында ал мени эжесинин үйүнө жолугушууга чакырды. Себеби биздин артыбыздан аңдуу жүрүп жаткан. Мен «куйрук» болуп ээрчип аңдыгандарды адаштырып, айтылган дарекке бардым. Дарбаза шарт ачылып, машина тез кирип барды. Үйгө кирип, столго отурарыбыз менен эле бөлмөгө жоолук салынган жаш аял кирди.
Талгарбеков чыгып кетти. Баш тартуу ыңгайсыз болуп калды. Ал таштарды столдун үстүнө ыргытып, төлгө ача баштады.
«Бакиев жакында кетет. Аз калды. Жаздын акыркы кары менен кошо кетет»,-деди. Бирок мен анын сөздөрүнө маани берген жокмун. Азыр ойлоп көрсөм 7-апрелде Бишкекте жаан жаап, тоо этектерине кар түшкөн экен. Ал: «Бакиев ич кийимчен, күтүүсүздөн кетет, өзү үчүн дагы күтүүсүз болот»-деди. Чындыгында эле ал күтүүсүздөн кетти. Ал даярданган эмес. «Кийинки президент калың чачтуу адам болот. Бирок ал дагы бат эле кетет. 2-3 жылдан кийин»-деди. Мен: «Эмнеге кетет, революция болобу, ооруп калабы же дүйнөдөн кайтабы?»- деп сурадым. Ал эч нерсе көрүнбөй жатканын айтты. 2 жылдан кийин шайлоо болуп башка президент келерин билдирди. Бирок мен ишенген жокмун, маани берген жокмун.
Эми мен дал келгендерин санап берейин. Бакиев качан кетерин туура айтып берген. Ал учурда мен өткөөл мезгилдеги президент институтун ойлоп чыгарымды билген эмесмин. Башында өткөөл мезгилдеги президенттин мөөнөтүн 3 жыл кылуу сунушталып жаткан. Аны 2010-жылдын 19-майында 1,5 жылга кыскартышты. Ош окуялары боло элек болчу, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн көбү өзүн президенттин ордунда көрүп жатышкан. Ошондуктан тезирээк президенттик шайлоо өткөрүүнү каалашты. Өткөөл мезгилде президент болгон Роза Исаковнанын чачы калың, бул да дал келди.
Монголдун айткандарын текшерүү тууралуу ойлонгонумда мен ошол көзү ачык айым тууралуу эстеп, жардамчыма аны таап келүү тапшырмасын бердим. Жардамчым аны тапты. Биринчи жолукканда мен ага ишенбей жатсам, бул жолкусунда күтүп жаттым. Жада калса, тосуп алуу үчүн көчөгө чыгып, анын касиетине сый көрсөттүм.
Ал биринчи жолкусундай эле таштар менен төлгө ачып, биздин партия парламентке өтөрүн айтты. Бирок 10-11 орун алат деп, монгол айткан нерселерди кайталады.
«Силердин партияда бир орус улутундагы айым бар экен. Мен аны парламенттен көрүп жатам. Ал эми Асия Сасыкбаеваны көрбөй турам. Болот Шер шайлоодон утканы менен мандат ала албайт»,-деди. Мен: «Мындай болушу мүмкүн эмес. Мен жана Болот Шер партия лидерибиз. Бизде парламентте орунга кепилдик бар. Ал кандайча мандат ала албай калат? Биз биринчи үчтүктөбүз, Болот Шер сөзсүз мандат алыш керек»-дедим. Ал жай гана: «Ал парламентке өтөт, бирок мандат ала албайт. Болот Шер партиядан кетпейт, мен аны башка мекемеден көрүп жатам. Ал ошол жакта иштейт. Мандатты бир аялдын айынан ала албай калат»-деди.
Сүрөттө: Болот Шер.
Чынын айтсам, бул аялдын айткандары дал келгени менен ага ишенбей турдум. Монгол айткан парламенттеги орундар гана дал келди деп ойлодум. Бул 2015-жылдын май айында болчу. Шайлоо күзүндө болду. Шайлоого чейин партиянын съезди өттү. Биз партиянын тизмесин түзүп баштадык. Көптөгөн талкуудан кийин мындай чечим кабыл алдык – мен биринчи ондукту башкарам, Болот экинчи ондукту. 16-19-орунда бир аял бар болчу. Талас облусунун мурдагы губернатору Койсун Курманалиева. Ушул жерден түшүнүксүз жагдай жаралды. Бизде ар бир аймактан бирден өкүл болуш керек деген жазылбаган эреже бар болчу. Болот үчүнчү ондукту алам деп туруп алды. 21-орунда болом деди. Себеби бир ондукта кичинекей Талас облусунан 2 талапкер болбошу керек деди. Анын үстүнө ал жок дегенде 20 орун аларыбызга ишенип турган. Анын логикасына ылайык, партиянын лидерлеринин бири тизмеде биринчи үчтүктө, ондукта, эмес арт жакта болгону башка талапкерлерге ишеним бермек. «Башка талапкерлер жана партиялаштар 20 орун аларыбызга ишениши үчүн мен 21-болушум керек»,-деди Болот. Шайлоогө төмөнкүдөй даярдандык. Республиканы 100 округга бөлдүк. Ал жактарды талапкерлерге бөлүштүрдүк. Партияга жетишерлик добуш алып келе албагандар талапкерлигин өз каалоосу менен алат деп сүйлөштүк. Көп добуш алгандарга орун берет дедик. Бирок шайлоодон кийин утпай калган айрым талапкерлер өз каалоосу менен мандаттан баш тартпай, сөздөрүнө турбай коюшту. Ошентип Болот Шер парламентке келүүгө толук укугу бар болсо дагы тизмеден жогорулай албай койду. Мисалы, Жоомарт Оторбаев тиешелүү добуш топтой албагандыктан талапкерлигин дароо алып салды.
Башкаларга үлгү болушуп, сөздөрүнө турушту. Бирок тилекке каршы, айрым талапкерлер адилеттүүлүк кылышкан жок.
Эми көзү ачык Болот жөнүндө айтканын эстейли, ал Болот мандат албайт, башка коомдук имаратта иштейт деген болчу.
Учурда Болот Шер Бишкектеги Калык Акиев көчөсүндөгү партиянын кеңсесинде партиянын иши менен алек. Ал партиянын иши менен гана активдүү иштебестен, менин бул жактан чыгуума дагы аракеттерин кылып келет.
Жалпысынан көзү ачыктын айткандарынын баары туура чыкты.
— Ички туюмуңузчу? Монголдун жана көзү ачыктын айткандары менен макул болдубу?
— Мен көптөн бери саясаттамын. Саясатта ички туюм дагы чоң мааниге ээ. Бул ойлонуунун өзгөчө тарабы.
Интеллектуалдык ички туюм тажрыйбага жана теорияга негизделет. Илим баарын айтып бере албайт. Социология дагы айрым учурларда жаңылат, статистика мыйзамдары дагы айрым шарттарда иштебей калат. Эгерде туруктуу аймак болсо статистика иштеши мүмкүн. Турбуленттүүлүк болуп, нааразычылыктар пайда болсо, анда такыр башка принциптер жана мыйзамдар иштеп баштайт. Коомдо революция, этникалар аралык араздашуу, жарандык согуш болсо анда абал такыр өзгөрөт. Тарых тез өнүгүп баштайт. Ошондо биринчи планга лидерлер чыгат. Тарыхты адамдар жасайт. Конкреттүү индивидумдар. Алардын эрки. Ички туюму. Интеллектуалдык туюму. Бирок ички туюм менен алдын ала айтып берүү касиети эки башка нерсе. Алдын ала айтып берүүнүн жаратылышы башка деп ойлойм.
Былтыр декабрь айында мен ооруканада жатканда Жоомарт Оторбаев келиптир. Мен ошондо монгол тууралуу эстеттим. Мен: «мына Жоомарт, сенин монголуң менин келечегим жакшы болорун айткан болчу. Кана жакшылык?»-дедим. Жоомарт башында таң калып, кайра бир аздан соң өзүнө келди. «Монгол айткан келечек эми башталат. Эми баары жакшы болот»,-деди ал.
Монголдун бул айткандары дагы дал келет деп ишенгим келип турат.
Elgezit.kg редакциясы маек алууда жардам кылган Өмүрбек Текебаевдин жактоочуларына ыраазычылык билдирет.
Булак: Элгезит
