Э. Байсалов: Атамбаевге нааразы, ага каршы - мунун эмнеси түшүнүксүз?
- Эдил мырза, көптөр Сагынбек Абдрахманов КСДПны тартып алганын же башка партия каттатып алганын түшүнө албай жатышат. Бул жагы кандай болуп калды?
- Партияны "алып алды" деп ошол Атамбаевге окшогон партия кожоюндары айтып жатышат. Алар партияны жеке менчик катары көрүшөт. Бирок партия - бул коомдук уюм. Отуз жыл партияны башкарган Турдакун Усубалиевдин ордуна Абсамат Масалиев шайланган. Азыр деле ошондой. КСДП мүчөлөрүнүн көпчүлүгү Атамбаевге нааразы, ага каршы - мунун эмнеси түшүнүксүз? Сагынбек Абдрахманов менен Ринат Самуддинов тээтиги эки жыл мурун жайында чыгышкан. Ошондон бери күрөшүп келишти. Алардын айткандары чын болуп чыкты. “Чындык чыркырайт” деп ушуну айтат.. Съезди толук эреже устав менен өттү. Делегаттар шайланды.
- Минюсттун арыз жазар замат каттап бергени ойлондурбайбы?
- Минюст баарын туп-туура кылды. Атамбаевдей кантип болсун. Ал партиянын саясий кеңешинин курамын 55ке чейин көбөйтүп жиберди. Партиясында колдогон 55 эле мүчөсү болсо анан эмне кылат эле. Ал саясий кеңешке мүчө кылып, баардыгын сооротуп, “мына сен олчойгон парткеңештин мүчөсүсүң” деп алдап жатат. Атамбаев менен салыштырмалуу Абдрахмановду миңдеген КСДПнын мүчөлөрү, элдин басымдуу көпчүлүгү колдойт. Бизде саясий маданиятта партиялар бирөөнүн менчиги болуп калыптанып калган, ошол үчүн түшүнбөгөндөр рейдерлик басып алуу деп кыйкырып атышат. Бирок андай эмес!
- Сагынбек Абдрахмановдун “партиянын банктагы эсебин, мөөрүн өткөрүп бер, болбосо күч органдарына кайрылам”- дегени аша чапкандык эмеспи?
- Аша чапкандык эмес. Сагынбек Абдрахманов туптуура, мыйзам чегинде эле иш кылып жатат.
Булак: “Майдан. kg” гезити