К. Осмоналиев: Тез жана чукул, керек болсо, кадрларды ырайымсыз катуу жол менен тандоо убагы келди.

 

 

ӨКМӨТтүн экономиканы көтөрүп, элди бага аларына ишенсе болобу?

 

- Премьер-министрдин экономиканы көтөрүү боюнча дымактуу пландары ишке ашабы же көп убададай болуп, кагаз жүзүндө гана калабы?

 

 

- Чынында көзүм жетпей турат. Бир жылдан ашуун азыркы өкмөт реалдуу сектордо эмне жаңылык киргизе алды? Ким билет? Мен билбейт экемин! ИДПнын төмөндөп калганы айныгыс факт. Экономика министрлигинин эмне менен алек болуп жатканы белгисиз. Панкратов өзү эт менен челдин ортосуда оокат өткөрүп жүргөн бир байкуш экен. Аны эмнеге эле өмөчөктөп эркелетишет билбейм. Кыргыз экономикасынын азыркы абалга келишине биринчи кезекте Экономика минстрлигинин мажүрөө кызматкерлери күнөөлүү. Экономиканын реалдуу сектору - өндүрүш колго алынмайын биз эч качан жалчыбайбыз. Күчтүү өлкөлөргө сырьё бере турган эле бир колония болуп келүүдөбүз! Тез жана чукул, керек болсо, кадрларды ырайымсыз катуу жол менен тандоо убагы келди. Президент менен премьер кадрларды тез алмаштырып, оппозицияда жүргөндөрдөн болсо дагы алып келип иштетиши керек. Антпесек, жакында Кыргызстан экономиакалык коллапска бой уруп, банкрот болот дагы, көз карандысыздыктан биротоло кол жууганы турабыз!

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити