Мен айтпасам, ким айтат
Кыргызстан тарыхында эзели мындай окуя болгон эмес! Өлкө президенти өзү ак эмгегин убагында баалап, колуна мамлекеттик жогорку сыйлыкты тапшырган Баткен облусунун Лейлек районундагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысы Саатбек ЭГЕМБЕРДИЕВ район акими Баймурат Бекмуратовдун сунушуна ылайык жумушунан бошотулду. Эми бул мыйзамсыз кадамы үчүн экс-айыл өкмөт башчысы аргасыздан акимдин үстүнөн сотко даттанды. Ошондуктан, мунун себебин Саатбек мырзанын өзүнөн гана сурап-билдик.
- Саатбек мырза, эмне үчүн журналистиканы жыйыштырып, элетке айыл өкмөт башчылыгына кетип калдыңыз, ыя?
- 2010-жылдагы Ош коогалаңынын кесепетинен Ош жана Жалал-Абад облустарынан башка жерлерде долбоорлор абдан солгундап калгандыгына байланыштуу айылга кетүүнү туура таптым. Анткени, элетте жүргөндө ой-пикирлерибиз туура келген жаштардан атайын топ түзүп, Айылдык Кеңешке депутаттыкка талапкерлигибизди коюп, бактыбызды жана дараметибизди сынап көрөлү дегенбиз. Ошентип, баарыбыз тең Жаңы-Жер Айылдык Кеңешинин депутаттыгына катарынан шайландык. Ушинтип биздин идеябыз андан ары өзү эле уланып кетти.
Журналистиканы дагыле биротоло таштай элекмин. Айылда үналгы ачтык. Азырынча ал эптеп дагыле иштеп жатат. Бара-бара муну туруктуу иштете турган жаштар дагы бийликке келет деген ишеним менде күч.
- Деги өткөн жылдар аралыгында сиз айыл өкмөтүнөн эмнелерди таптыңыз?
- Көп нерселерди жеринде көрүп-билдим. Эң башкысы: жергиликтүү эл менен ийиндеше иштөөнү дагыле үйрөнүп жатамын. Буга улай көйгөйлөрдү убагында жана кечеңдетпестен чечүүнү дагы акыры жолго койдум. Эң башкысы баардык жоопкерчиликти ар кимге – кызматкерлериме чекесинен төңкөрбөстөн, өзүмө алууга гана батындым.
Ошентсе деле мен абдан кыйын жетекчи болуп кеттим дегенден таптакыр эле алысмын. Бирок, акыркылардан дагы эмесмин. Ооба, аман турсак, алдыда үйрөнө турган нерселерим дагыле көп.
- Дегиңкиси, жетекчилик кызматты аркалоо, анан дагы эл тагдыры үчүн жоопкерчилик чындап эле кыйын бекен?
- Жетекчилик менен Эл тагдырына жоопкерчилик деген түшүнүктөр Асман менен Жердей. Мен үчүн булар таптакыр башка, бири-бирине дегеле коошпогон аксиомалар. Бир жамаатты жетектеп жүрүү кыйын эмес. Бирок, ошол жетекчиликте дайыма элдин тагдыры турганын билип, сезип атканың – таптакыр башка. Уйку бетин көрбөйсүң. Түшүңө дагы жалаң жумушуң гана кирет. Чындап эле баарына тегиз түтүү абдан кыйын экен.
- Өзүңүздүн баамыңызда, айыл өкмөтүн башкарган жети жылда кайсыл ийгиликтерге жетиштиңиз? Дагы эмнелерди бүтүргөнгө үлгүрбөй калдыңыз?
- Мунун баарына Эл өзү тараза. Ошондуктан, азырынча мен унчукпай эле коеюн. Менин ийгилигим – өз нугу менен сугат суу алып келе алганымда...
- Лейлек районунун азыркы акими Баймурат Бекмуратов менен эмне себептен улам мынчалык катуу тирешип калдыңыз?
- Алишер мырза, бул жумуш. А иш маалында ар кандай жагдайлар жаралат. А жетекчи менен көз караш, принцип жана башкалар дал келбей калышы дагы толук ыктымал...
- Демек, менин боолголоомо караганда, эми Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратовду сөзсүз сотко берет экенсиз да. Бирок, коррупциялашкан заманда бийликтин өкүлүн бул сапар утуп алаарыңызга деги үмүт барбы?
- Соттон Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратовдон буйругун жокко чыгарууну гана талап кылам! Анткени, акимдин сунушуна ылайык Лейлек районундагы Жаңы-Жер Айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясына 21 депутаттын 11и гана катышып, баары тең менин жумуштан бошотулушумду кубатташкан. Мына, Сизге мыйзамсыздык!
Алишер мырза, үмүт акырында өлөт дешет ко. Демек, ар бир адамда өзүнө гана ишеним болушу кажет. Бирок, бардыгын, аман турсак, убакыт өзү көрсөтөт.
- Саатбек мырза, тагдыр насип этип, соттун чечимине ылайык Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчылыгына кайрадан дайындалып калганыңызда, командаңызды жаңылабайсызбы? Сиз менен чабышып жүргөн аким менен андан ары деги кантип иштешесиз?
- Жетекчи катары кызматкердин оңолуп, каталарын дароо түзөшүнө көп ирет мүмкүнчүлүк бергенге далалат жасайм. Жаңылоо - бул кайрадан үйрөтүү. Ал, албетте, көп убакытты талап кылат. Бардык кыймыл-аракеттерди солгундатат, жакпайт ошондой абал. Башка жагынан жаңылоо – жаңы кан, жаңы ой жана идеялар. Мүмкүн анча-мынча болоттур жаңылоолор, азырынча так айтуум кыйын.
Аким Баймурат Бекмуратов менен буга дейре иштешип эле келбедикпи. Анткени, азыркы кызмат баарыбызда тең убактылуу. Жетекчи – мен үчүн элдин убактылуу ишенимине татыган гана мандикер. Азырынча мен бошмун. Болгону кайран элибиз менин жумуштан бошотулганымдын себебин таптакыр эле түшүнбөй калды. Алар мени айыл өкмөтүнө жабышканымдай ойлошпосун, бирок эмгегиңди бир жактан мамлекеттин башчысы өзү баалап, анан мээнетиңе жараша сыйлап турса, капысынан эле район акими жумуштан бошотуп жатса, деги кайдагы чындык?
Маселен, Аймактарды өнүктүрүү жылында Лейлек районундагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүн дотациядан араң бошоттук. Анан көрсөткүчтөрүбүз деле жаман эмес болчу. Канеткен күндө дагы, албетте, жумуш бар жерди анча-мынча кемчиликтер деле сөзсүз жылоолойт. Ошону үчүн менин бул кызматтан алынышымды сот гана бир жаңсыл чечсе, дал ошондо чыныгы калыстык орнойт деп терең үмүттөнөм!
Кепке тарткан
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз, Булак: “Майдан. kg” гезити