Чатактын башы эмнеден чыкты...
- Бир топ адамдар, алардын ичинде бүгүнкү маегинде Өмүрбек Бабанов дагы "Атамбаев менен Жээнбеков жарашышы керек..." деген сымал сөздөрдү айтып жатышат. Эл көзүнчө чатакташып, мушташкан жок да алар. Ал экөөнүн урушунун, талашынын төркүнү эмнеде? Адегенде мына ушул суроого жооп берүү зарыл, ал экөөнө арачы түшкөндөн мурда.
Чатактын башы эмнеден чыкты...
Атамбаев аталык болуп, “өлкөнү чеңгелинен чыгарбай башкарып кала беремин, мурдагыдай эле коррупциялык иштерди улантам”- деди. Ага Жээнбеков ынанбады, “мамлекет үчүн, эл үчүн” деп, досунан жүзүн буруп койду. Ошондуктан, экөөнүн жарашуусу эки учурда гана болушу мүмкүн десек болот.
Биринчиси, Атамбаев өзүнүн кыянаттык оюн, мурдагы кылган иштерин да моюнга алып, мындан ары өз жеке кызыкчылыктарынан баш тартса, бийликти узурпациялап, кландык бийлик жүргөнүнүн кесепеттери үчүн жазасын алууга даяр болсо, ал эми экинчиси - Жээнбеков мамлекеттик жана элдик кызыкчылыкты садага чаап, Атамбаев досунун шарттарына көнсө, эл кайсы жолду колдойт, кеп мына ушунда...
Мурдагы эки достун таарынычы кимдин пайдасына чечилет, азырынча табышмак. Бирок “оомат” азыр Сооронбай Жээнбековдун “короосунда” турганы талашсыз. Эми Жээнбековдун “короосундагы” “ооматтан” ийгиликти жаратуу анын колунда... Ал ийгиликти жаратуу көптөгөн кыйынчылык менен коштолот, ага Жээнбеков туруштук бере алабы?
Албетте туруштук бериши керек!
Булак – “Майдан. Kg” гезити