Ит жыгылыш
КСДПнын КАЙСЫЛ БАШЫ КЫЯ ЧАБАТ?
7-апрелде КСДПнын А.Атамбаев жетектеген бөлүгүндөгүлөр курултайын өткөрүшүп, 3-апрелде партиянын Сагынбек Абдрахманов жетектегендери өткөрүшкөн курултайды мыйзамсыз деп жарыялашты. С.Абдрахманов жетектегендер өткөргөн курултайды чакырууга партиянын Саясый кеңешинин 34 мүчөсүнөн 19у макулдугун беришкен, ал 3/2 бөлүктөн ашыкты түзөт. Андай учурларда партиянын төрагасынын макулдугусуз деле курултайды чакыра берсе болот. Партиялардын көпчүлүгүнүн Уставдарында мүчөлөрүнүн 15-25 пайыздайы колдосо, жетекчи органдарынын макулдугусуз да курултайларды өткөрө берүү жагы каралган. Андай норма дүйнөнүн жарымын башкарган КПССтин Уставында да бар болчу. Ал эми Сагынбек Абдрахманов жетектеген демилгечил топтун мүчөлөрү бир жылдан бери “Атамбаевсиз КСДП!” деген ураан менен республиканын бардык аймактарын кыдырып, партиянын шаардык, райондук уюмдарынын конференцияларын өткөрүшүп, делегаттарды шайлашып келгендигин жакшы билебиз. КСДПнын Атамбаев жетектеген бөлүгүндөгүлөр Жалал-Абад менен Оштон башка жерлерде баштапкы уюмдардын жыйындарын өткөрүшкөндүгүн укпадык жана окубадык. Чындыгында бир жолу легитимдүү конференция өткөрүлүп, делегаттар шайланган уюмда экинчи жолу конференция өткөрүлбөйт. Бул жагынан С.Абдрахманов жетектегендердин А.Атамбаевчилер өткөргөн курултайды мыйзамсыз деп жатышкандарынын негиздери бар. Анткени, партияга таптакыр тиешелери жок тууган-уруктарын чогултуп алып, алар менен өткөргөн чайлашууну деле партиянын конференциясы деп жарыялай берүү эч кандай Уставга, мыйзамга ылайык келбейт.
Албетте, андай КСДПнын эки башынын ортосундагы талаштарга сот гана чекит коё алат, КСДПчылардын мындан аркы парламенттик шайлоого чейинки убактылары соттук териштирүүлөр менен өтөт окшоп калды. Бирок, баары бир КСДПнын эки башы тең шайлоого илинбейт, Фемиданын кылычы анын бир башын кыя чаап саларын бөркүңүздөй көрсөңүз болот. Ага чейин аларды Атамбаевчилер, Абдрахмановчулар же № 1, №2 КСДП деп турат окшойбуз…
№2-КСДПчылар неге конкреттүү фактыларды келтиришпейт?
Эми кайрадан Атамбаевчилердин курултайына кайрылсак, алар ага чейин аларга жер-жерлерде бут тосуулар болгондугун айтышкан, 6-7-апрелдерде андан бешбетер көбүртүп, жабыртып, биздин куугунтуктардан башыбыз чыкпай калды деп айгай салышты. Өзгөчө Атамбаевчил КСДПчылардын Жалал-Абад облусу боюнча координатору Нурбек Касымбеков деген каерде сүйлөбөсүн өзүн атайын органдардын машинелери катар-катар болуп аңдып жүргөнүн, атайын кызматтардын өкүлдөрү туугандарынын үйлөрүнө чейин барышкандыгын, келебиз деп жулкунган делегаттарды келтирбей коюшкандыгын айтып наалыса, АША: “биз 2017-жылы атаандаштарыбызга стадиондорду, спорттук сарайларды берсек, бизге андай жайларды бербей жатышат”- деп кыйкырды. Мында да ал адатынча иш чаралардын саясый маани-мазмундарын, масштабдарын алмаштырып, бурмалап жиберди. Бөлүнүп, жарылып жаткан партиянын жергиликтүү уюмдарынын жыйындарын президенттик шайлоого да салыштырчу беле. Жалал-Абад облусу боюнча координатор Н.Касымбеков 20 адамды араң чогултса, Оштогу конференцияга келгендер А.Артыковдун үйүнүн сөрөсүн толтурганга араң жарашса, аларга стадиондор түгүл, театрлардын эмне кереги бар?
Жер-жерлерге конференцияларды өткөрүп келүүгө жиберилгендер, албетте, партиянын кассасынан же демөөрчүлөрдөн акча алышат. Ал акчага татыктуу иштебегендиктерин, жөн эле таасирлери жоктугун жашыруу үчүн мифологиялык бут тосууларга шылташып, антишпегенде кыйратат элек деп калышат. Эгерде чын эле сураган жайларды бербегендер, ачыктан ачык бут тосуулар болсо, эмне үчүн Н.Касымбеков, А.Артыков же башкалары конкреттүү фактыларды келтиришпейт? Маселен, ...мартта тигил театрдын жетекчисинен кат жүзүндө жайын ...саатка ижарага сурадык эле, ал мындай шылтоо менен бербей койду, баланча деген адамдын үйүнө тигиндей деген атайын кызматтын өкүлү барып минтиптир дегендин кандай кыйынчылыгы бар?
Билишибизче, эч жерде андай расмий кайрылуулар, конкреттүү куугунтуктар болгон эмес, №2- КДСПчылар өздөрүнүн толук банкротко учурагандыктарын жашыруу үчүн жок нерселерди айтышууда. Анан курултайга бардыгы болуп 180 делегат шайланды эле, бут тосуулардан улам алардын көпчүлүгү келбей калып, 160 адам эле катышты деген билдирүүлөрүн кандай түшүнсө болот? Алар байкабай өздөрүнүн жалгандарын өздөрү ашкерелеп коюшту. №2-КСДПчылардын курултайына 60-70тей адам катышкан, кийин билсек алардын жарымы “Форумда”, АША көзөмөлдөгөн жерлерде иштегендер экен. Бул жагынан Атамбаевчилердин делегаттарыбыздын көпчүлүгү келбей калышты дегендери туура.
КСДП эки баштуу нерсеге айланды. №2-КСДПдагы абал абдан оор. Атамбаевчилер аны жашырып, иштери илгерилеп, иттери чөп жегендей көрсөтүүгө аракеттенип жатышат. Бирок, жашырган ооруну өлүм ашкерелеп коёрун да эстеринен чыгарышпаса дейбиз.
Атамбаевдин КСДПсы анын “өзүм билемдик” Уставы менен иштейби?
Ар кандай саясый топтун, бирикменин жетекчи курамы жаңыланып, катарлары жаштар менен толуктап турса гана келечеги болот. № 2-КСДПда андай нерселердин жок экендигин, анда чыныгы кландык башкаруу түзүлгөндүгүн анын Саясый кеңешинин отуруму көрсөттү. Төрагалыгына АША өзү, орун басарлыктарына 7 адам шайланыптыр. Алардын алдынын жашы жетимишке, эң аркасынын жашы 40ка жакындап калганы эле №2-КСДПнын келечеги жоктугун көрсөтүп турат. Алардын баары жети жылдан бери АШАнын айланасында келаткандар. Жаңы эч ким жок. Муну кландык башкаруу деп коёт.
Мындан тышкары 22 адамдан турган Туруктуу комитет дегенди түзүштү. Сыягы, алар өздөрүн КПКдай элестетишип, “килейген империяны” башкаруу үчүн Саясый кеңеш, анын жетекчилиги жетишпейт деп ойлошсо керек. Биз билгенден №2-КСДП өз курултайында жаңы Устав кабыл албады, эскисине өзгөртүү киргизбеди. Эски Уставын карасак, ал жерде Туруктуу комитет деген орган жок экен. Мындан улам №2-КСДПдагылар өз Уставын деле билишпейт, окушпайт окшойт деп калдык. Туруктуу комитеттин арасында баягы эле АША ишеним арткан 5-6 адам болбосо, калгандары эч кимге белгисиз адамдар экен. Саясий кеңештин курамында болсо баары жүрөт, көбү саясаттан түшүнүгү жоктор, эл үчүн деп эле каалагандардын баарын киргизе беришкен көрүнөт.
Баарынан кызыгы - Саясый кеңештин курамын аныктоо шайлоого келгенде башталыптыр. Алар алдын ала анын курамын 55 адамдан болсун деп аныктап алышып, жекече тизмелеп шайлоого келгенде “делегаттардын” арасынан анча адам чыкпагандыктан 13 орун бош калыптыр. Эгерде макулдук бергендер болсо, Саясый кеңештин мүчөлөрүн курултайга катышпагандардын эсебинен шайласа да боло берет. Бирок, №2-КСДПнын жетекчи органына киргиси келгендер сыртта да болбосо, бош калтыргандан башка эмне кылышат?
Адатта Саясый кеңештин мүчөлөрү курултайларда гана шайланышат, курултайлардын башка жыйындардан артыкчылыгы- партиянын башкы жетектөөчү органынын курамын тандап, бекитүү болуп эсептелет. Мындан чыкты, №2-КСДПнын Саясый кеңешиндеги 13 орун кийинки курултайга чейин бош турабы? Же АША аларды өзү эле катчысындай кылып дайындап коёбу?
№2-КСДПда бардыгы боло берет. Анткени, алар АШАнын “Өзүм билемдик” деген уставы менен иштешет. Бул багытта аларга ийгиликтерди каалайбыз. Ушул жолдон чыгышпаса, тез эле №2-КСДПнын түбүнө жетишет…
Арина Рысбаева
Булак: “Майдан. kg” гезити