Бийликке келгенде “Кыргызгаз” сыяктуу ири ишканаларды сатты. Кытайдан карыз алып элдин үмүтүн сатты, анын күнөөсү кечирилгис.

 

- Чынында Атамбаев улам эле ар кимди саткын деп өзүн ак көрсөткүсү келип жатат. Негизи адам өзү кандай болсо башкаларды да ошондой ойлойт. Эми карап көрөлү, кимди ким сатты эле? Мен Атамбаев эң алгач кыргыз элин сатты деп айтар элем. Атамбаев андан кийин 2008-жылы Бакиевге каршы чыккан аянттагы элди саткан, 2010-жылдагы революциянын максаттарын, социал-демократтардын идеяларын, элдин үмүтүн сатты. Социал-демократиянын идеяларын сатпаган адамдарды Атамбаев партиядан кууп чыкты. Бийликке келгенде “Кыргызгаз” сыяктуу ири ишканаларды сатты. Кытайдан карыз алып элдин үмүтүн сатты, анын күнөөсү кечирилгис.

 

Кеч болсо да Атамбаевдин чыныгы жүзүн билип андан алыстаган адамдар эрдик кылды деп айтар элем. Аларга кыргыз эл баатыры деген наамды бериш керек. Алар чыныгы патриоттор! Атамбаевден жүзүн буруп кыргыз элин, мамлекетин саткан жок!

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити