Эл талабы!


Калп айткан менен болобу, акыркы учурларда экс-президент Атамбаев ыңгайы келген жагдайларды бүгүнкү бийликти каралап, боктоп, өзүн болушунча актап, жактоо менен өткөрүп калды. СДПКнын катарлаш курултайларын, 7-апрель окуясынын 9 жылдыгын да ушундай максаттарда пайдаланууга үлгүрдү. Эсине келип, этегин жыяр түрү байкалбайт...

 

Атамбаевдин “балп” этмелерин “Форумдагы” атамбаевчилер менен жалданма пиарчылар, социалдык тармактардагы жалданма фейктер эле колдоого алып, сүрөбөсө, экс-президент элдин, коомчулуктун кыжырын гана келтирүүдө.

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити