Коомчулуктан жашырынып, ууру мышыктардай болуп чогулуп  өткөрүшкөн иш-чараны курултай деп атоого болобу?

 

Анын чыныгы себебин Атамбаев өзү эле билбесе, биз билбейт экенбиз. Бирок 1 айдан бери айтылып, жазылып келаткан курултайдын 6-апрелде  жабык эшик артында өткөрүлгөнү күмөндүү ойлорду жаратты.

 

Курултайдын уюштуруучулары эмнеден чочулашты? Оозуна алып жетпеген төрагасы дагы бир нерселерди “балп” этип ийип, уятка калбайлы дештиби? Журналисттерди эмнеге киргизишкен жок? Коомчулуктан жашырынып, ууру мышыктардай болуп чогулуп  өткөрүшкөн иш-чараны курултай деп атоого болобу?

 

Сыягы, жер-жерлерден жетиштүү санда делегаттарды топтой алышпай, аны жалпы коомчулуктун көргөнүн каалашпады көрүнөт. Маалым болгондой, курултайга 160ка жетпеген адам катышып, алардын бир тобу АШАга тиешелүү “Апрель” телеканалында иштегендер болуп чыкты. 

 

Ошол эле мезгилде С.Абдрахманов башында турган КСДПчылар 300дөн ашык делегаттардын катышуусунда курултайды ачык өткөрүштү, ага каалоочулардын баары катышты.  Ошондо кайсыл КСДПнын курултайы легитимдүү болуп эсептелет? Ачык өткөнүбү же жашыруун болгонубу?

 

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити