Кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүлөрү өтө татаал өтүп жатат өңдүү.
Март айынын башында Кыргызстандын Баткен районунун Ак-Сай жана Тажикстандын Исфара районунун Мехнатабад айылдарынын ортосунда чыр-чыгып, эки тараптын бири-бирине таш ыргытуусу ок атууга чейин жетип, тажиктерден эки адам каза таап, кыргыздардан төрт-бешөө жаракат алып, чыр-чатак араң басылбады беле. Ошондо төрт күн эки тарап тең тосуп алган жолдор араң ачылып, мамлекеттик деңгээлдеги сүйлөшүүлөр улантыла тургандыгы макулдашылган. Ага ылайык, 4-6-апрелде Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өткөн жолугушууда бир нече маселе талкууланды.
Анда эки өлкө ортосундагы чек аранын долбоорлук сызыктарын чийүүнү улантуу, ар кайсы жерде жайгашкан участкаларды жоюу максатында өлкөлөр ортосунда жер алмашуу жана делимитациялык топографиялык карталарды түзүү боюнча сөз жүргөн. Жолугушууда кыргызстандык делегацияларды эки өлкөнүн вице-премьер-министрлери Жеңиш Разаков жана Азим Ибрагим жетектеди. Жолугушуунун жыйынтыгында атайын протокол кабыл алынды.
Бирок Дүйшөмбүдөгү бул жолугушуу жабык эшик артында өтүп, эки күндүк сүйлөшүүлөрдөн кийин Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Ибрагим “Бир аз келишимдер ишке ашты...”,- деп гана кыска, табышмактуу жооп берген. Ал эми кыргыз делегациясын жетектеп барган вице-премьер-министр Жеңиш Разаков тажик журналисттерине да, кыргыз журналисттерине да эч кандай суроосуна жооп берген жок. Демек, кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүлөрү өтө татаал өтүп жатат өңдүү. Канткен менен тараптар маселени узарта бербестен, эки тарапка тең ыңгайлуу шартта теңме тең үлүш менен анклав жерлерди алмашып алышса, уттурбайт болуш керек.
Булак: “Майдан. kg” гезити